“Айылдын кечи, эрте-кечи жок оюн... Болгон жумушум уйду бададан алып келүү эле. Уйдун куйругун кармап алып, айылдын четинде кызарып батып бара жаткан күндү тиктеп келе берчүмүн”. Мм, кандай сонун! Каарманымдын баянынан улам менин да көз алдыма балалыгым тартылды. Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканованын апасы тууралуу баяны сизди да таттуу көз ирмемдерге жетелейт деп ишенем.
“АПАМДЫ КИЧИНЕМДЕ КӨП КЫЙНАДЫМ”
– Апамдын аты Сүйүмкан, 60 жаштан өтүп бара жатат. Мүнөзү токтоо, сүйлөгөнгө караганда укканды жакшы көргөн оор басырыктуу аял. Элдин алдына Гүлжайна болуп чыгышыма ата-энемдин салымы аябай чоң. Кичинемде апам мен үчүн аябай кооптонуп жүрдү. “Башка балдарыма караганда сен мени көп кыйнайт окшойсуң” деп айтар эле. Апамдын сөздөрүнө ал кезде маани берчү эмесмин. “Эк, эмнеге эле ушинте берет, жакшынакай эле жүрөм го” дечүмүн. Азыр кичине кезимдеги кылыктарымды эстеп алып, ата-энеме “мендей тентек кызды өлтүрүп койбой, аман-эсен чоңойтуп койгонуңарга рахмат” деп калам. Эч кимге баш бербеген, Кудайдан жөө качкан тентек кыз болчумун. Айтылган бардык нерсени тескери жасачумун. Апам “баланчаныкынан бир нерсе алып кел” десе, такыр башка адамдан башка буюмду көтөрүп келчүмүн. “Муну кийбе” десе өчөшкөнсүп дал ошону кийчүмүн, “бул жакка барба” десе барчумун. Бир жакка жиберип жатып “бүгүн түнөбөй эле келип кал” десе, дал ошол күнү түнөп калчумун. Өзүм да түшүнө албаган ушундай бир нерсени тескери жасаган мүнөзүм бар эле. Айласы кеткенде апам чыбык менен сабачу, андай учурда газды баскан боюнча айылдын башына качып кетип, келбей койчумун. Апам өзү барып алып келчү.
Бирок тилин албай көп ыйлатканым менен, апамдын ар бир айткан акылы көкүрөгүмө уюп кала берчү экен. Менин утушум ошол деп ойлойм. Көңүлүмдү калтырып, жанымды кейиткен адамдар болот. Ошол учурларда апама окшоп “мейли, жетпесе эмне кылайын?” деп кол шилтеп басып кетем.
Кичинемде кыйнаганым менен, апам азыр “жети балам бир тең, Гүлжайна бир тең” деп отурат. Менчелик ата-эненин көңүлүн алган уул-кыздар аз деп ойлойм. Апам менен атам жакшы жашасын деп үч жыл мурун жаңы там салып бердим. Бир жолу кыш болчу, аябай суук эле. Атама “келе жатасыңарбы?” деп чалсам “бороондо эч бир маршрутка токтобой жатат, үшүп турабыз” деди. Өзүмдү аябай жек көрүп кеттим. “Ата-энем бороондо үшүп турса, мен машина менен жүрбөй өлөйүн” деп ыйладым. Аз өтпөй иниме машина сатып берип, ата-энем жөө жүрбөй калган. Эми эң чоң максатым – ата-энемди ажылыкка жиберүү. Буюрса, муну да аткарам деп ойлойм. “ЫЙЛАБА, КЫЗЫМ” ДЕГЕНИ ДЕМ БЕРЕТ”
– Турмушта канча жолу чалынсак, жыгылсак ошончо жолу кайра туруп кеткенге күчүбүз жетиши керек. Менде да өйдө-төмөн күндөр болду. Бирок кандай кыйынчылык болсо да ата-энеме сүйөндүм. Турмушумдан аксадым. Эл “тигинин кызы ажырашып кетиптир” деген кептерди айтпай койбойт экен. Апам ошондо “башыңды көтөр, кызым, азыр ажырашкан сен эле эмессиң. Сен күчтүүсүң!” деди. Билесизби, ошол канчалык мага күч берди... Элге кошулуп мени күнөөлөсө, балким, биротоло сынып калат белем, ким билсин? Бирок оор күндөрдө мага жаман сөз айтып же мыжыгып жашоомду талдап кыжалат кылышкан жок. Ушуга аябай ыраазымын. Апамдын “Ыйлаба, кызым” дегени мага ушунчалык дем берет. Бүтүндөй жүрөктөгү жараатымды дарылап салгандай жеңилдеп калам. Кыйынчылыкта бир тууган деле бир күн карайт, экинчи күнү өз турмушу бар дегендей. Ал эми өйдөсүңбү, ылдыйсыңбы, байсыңбы же колуңда жок байкушсуңбу, дайыма ата-энең жаныңда болот экен.
Атам көп куудулдана берет, бирок апамдын бир күлдүргөн окуясы бар. Атамдын бир жынсы шымы эскирип, тизеси айрылып калган экен. Аны апам кайчы менен кесип, ылдый жагын тигип, атама көрсөтүп “Тураалы, вперёд?” деп кыйкырып жатпайбы. Атам боору эзилип калды. Көрсө, апам орусча “пойдёт” деген сөздү алмаштырып “вперёд” дептир да.
Ар бир адам эле апасынан “баарыбыздан кимди жакшы көрөсүң?” деп өмүрүндө бир жолу сураса керек. Апалар дайыма “баарыңды бирдей жакшы көрөбүз” деп коюшат. Бирок балдарга билинет. Апам конокко барып калсак, “мынчадан кошот экенбиз” деп мага акырын “намёк” ыргытып коёт. Бирок кичүүлөрүнө “силер жөн эле койгула, таарынбайт” деп акчасын албай коёт. Көп жерге “сен барып кой” деп мени милдеттендирет. Апам балдарынын ичинен мени жана эң кичине инимди жакшы көрөт деп ойлойм. Себеби мен барып калганда эртең менен ызы-чуу болуп ойноп жүргөн неберелерин да алыс кууп жиберет. “Жайна уктап алсын, кеч келбедиби” деп аяп турат. Кышында иш кылганга эже-сиңдилеримдин баарын тургузуп жиберип, мени “бул үшүп калат” деп тургузбай коёт. Ата-энемдин жанында куудулдугум да, тентектигим да ашынып кетет. Кээде чектен чыга тамашалап алам, бирок күлүп эле коюшат.
“МАГА КАРАГАНДА КЫЗЫМ АПАМДЫН ТАРБИЯСЫН КӨП АЛДЫ”
– Тентектигиме байланыштуу эки күндө бир таяк жеп турчумун. Апам “киргиле үйгө” дейт. Азыр сабайт экен деп дароо түшүнөбүз. Анан калса катары менен 5 кызбыз. Чыбыгын чыпылдатып “тарбиялап” баштайт. Мен так секирем, кичүү сиңдим такыр секирбейт. Көрсө, сиңдим “киргиле” дегенди укканда эле кабат-кабат кийинип алып, ошого акырын тийчү экен да. Менин мээме кийинип алуу жетпептир, кандай болсом ошондой кирип кетип чыбыктын издери менен чыкчумун. Таарынып да калчу эмесмин. Ошол мүнөзүм дагы деле бар. Кээде “ушу эки-үч күн таарынып жүрө турган дары болсо алып ичет элем” деп күлүп калам. Анткени такыр таарынбайм, тез эле урушканымды унутуп калам. Ансыз деле адам баласы аз жашайбыз, таарынычка убакыт кетирип эмне? “Гүлжайна, алдыга гана кара! Капталыңды да караба, туура эмес көз караштар сөзсүз болот. Артыңды таптакыр караба, артта эмне гана калтырган жоксуң, көңүл бурсаң жинди болуп каласың” деп көп айтып өзүмдү тарбиялап турам.
Апа болгонума 13 жыл болду. Өтө олуттуу апамын. Кызымды чалчаңдатпайм. Эки күндүн биринде жеке баракчама сүрөтүн коюп обу жоктоно бербейм. Андайды жаман көрөм. Өзүнүн уруксаты жок чыгарып укугун бузгум келбейт. Бирок катуу кармайм. Үй жыйналбаса ызылдатып жиберем. Катуу сабабасам да “бул эмнең, кызым?” деп айтам. Өткөндө бир сынакка катышыптыр, аны мен деле билбейм. Экинчи орунду алып калган экен, мындай чыгып аябай ыйлап жатканын бир байке көрүп калыптыр. Жанында апам да бар экен, экөө кучакташып ыйлап жатыптыр. “Эмне болду, тынчпы?” деп сураса, кызым “сынактан орун албай калдым, апама кантип айтам?” деп шолоктойт дейт. Ушундай намыскөй кыз. Чынын айтыш керек, мага караганда апам кызыма көп тарбия берди. Апам “апаңды уят кылба” деп небересине көп айтат экен. Ойлонгондору, кыял-жоруктары да апама окшош. Менин кичинекей кезиме окшобойт, созолонуп турган сонун кыз.
Апам аябай тамакты жакшы жасайт. Мен андан үйрөнгөм. Апам жасаганчалык таттуу тамакты кафелерден да жеп көргөн эмесмин. Баарынан баалаганым, апам жок жерден бар кылып эле дасторконду жайнатып салат. Мурун тентек кезимде апам мени “атаңды тарткансың” деп көп урушчу. Жакында конок чакыргам. Ата-энем үйдө эле, мен столду жаркыратып салаттарды жасап, экинчи тамакка муну, үчүнчүгө муну берем деп ашканада жүрөм. Апам мени карап туруп “садага болоюн, конок күткөнү, тамактарды жасаганы өзүмө окшош турбайбы” деп жалынып жатпайбы. Анда атам “эй, муну ушу жашка чейин мага окшоштурчу элең го, эми сага окшоп калдыбы?” деп күлдүрдү.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg