АЗИЗ БАТУКАЕВДИ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА БОШОТКОН СОТ САДЫР ЖАПАРОВДУ БОШОТУУДАН БАШ ТАРТТЫ

16-июлда Аламүдүн райондук сотунда камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аламүдүн райондук сотуна “мунапыс боюнча Жапаровдун жазасы 3 жыл 4 айга кыскарышы керек, кыскартып бергиле" деген сунуш менен кайрылган.

– 5-июль күнү эртең менен сот жыйыны өтүп, 10 мүнөттө карап койчу ишти түштөн кийинкиге жылдырган. Түштөн кийин 15-июлга жылдырды. 15-июлда ар кандай шылтоолор менен 16-июлга эртең мененкиге белгилеген. 16-июлда кайрадан түштөн кийинкиге калтырып, көпкө күттүргөн чечимди чыгарды. "Мунапыстын мөөнөтү өтүп кетти" деген шылтоо менен Аламүдүн райондук сотунун Байсов деген судьясы Садыр Жапаровдун 3 жыл 4 айын кыскартуудан баш тартты. Ушул эле мунапысты сот Кубан Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асановго колдонуп, аларды эркиндикке чыгарган. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга соттоп, эч кандай мөөнөтү өтүп кетти дебестен, ушул эле мунапысты колдонуп, 3 жарым жылын алып, 4 жарым жыл жаза мөөнөт берилген.
Текебаев менен Чотоновдун өкүмүндө баары жазылып турат. Ушундан улам биздин өлкөдө кош стандарттуулук өкүм сүрүп жатат десек эч жаңылбайбыз. Текебаев, Чотонов, Кадыров, Асанов, Талгарбековго иштеген мунапысты Садыр Жапаровго келгенде иштетпей коюшту. Мыйзам иштесе бүгүн Садыр Жапаров шарттуу түрдө эркиндикке чыкмак. Тилекке каршы, чыкпай калды.

Бул эмненин белгиси? Муну "сот чечпейт, ага башка жактан буйрук келет" деп түшүнсөк болот. Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышынан коркуп жатышат. Ал эми жаңы жагдай боюнча далилдерибиз толтура. Сотко кайрылганыбыз менен, баары бир адилеттүү чечим чыкпайт деп кайрылбай турабыз. Кудай буюрган күнү Жапаров баары бир эркиндикке чыгат,- деди Токтосунов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев досу Садыр Жапаровдун эркиндикке чыкпай калышын сынга алды. Ал жакында Жапаровдун тагдырына кайдыгер эмес жарандарга атайын кайрылуу жасай турганын билдирди.

Садырды (ред.: Жапаровду) бошотуш керек эле. Элге колдонгон мунапысты эмнеге Садырга колдонууга болбойт? Сурай турган убакыт келди, аракетти баштайбыз! Жакында Садырдын тагдырына кайдыгер эмес адамдарга кайрылабыз, жардам бергиле,- дейт Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековду колдогондордун бири.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы “Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган” деп камалып, 11 жарым жылга соттолгон. Ал эми
Каптагаев өзү Садыр Жапаров аны барымтага алуу окуясын уюштурууга тиешеси жок экенин, ага эч кандай дооматы жок экенин айтып келет.

2013-жылы Нарын шаардык соту 16 жылга соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоткон. Бүгүн ошол эле Кыргыз соту Садыр Жапаровду мунапыс аркылуу эркиндикке чыгаруудан баш тартты.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан