Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосунда жергиликтүү кен казган ишкананын айынан малдар ууланып жатканын баяндаган видео социалдык тармактарга тарады. Видеодо жайлоодогу жардыруулардан улам кой-эчкилердин өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан тышкары кен ишканасынын зыяны балдарга да тийип жатканы айтылат. Буга ошол жердеги алтын кениндеги жардыруу себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Мындан улам Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча Нарын аймактар аралык мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Улан Жаанбаев төмөнкүдөй билдирүү таратты:
– 16-июлда жардыруу болгон фирмага Нарын районунун акими, ветеринардык лабораториянын, Айлана-чөйрө коргоо мекемесинин жана Экотехинспекциясынын кызматкерлери барып келишти. Ошондой эле Он-Арча, Эмгекчил жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүнүн тургундары да барышты. Жардыруунун курамында кадимки эле селитра, күйүүчү май жана аммонит болгон. Фирма аталган жерден алтындын корун издеп, чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жардыруу кылган. Мындан ары да мындай жардыруу болушу мүмкүн.
Негизи кенди иштетип жаткан фирмага октябрь айында толук түрдө пландык текшерүү өткөрүлмөк. Бирок биз бул окуядан кийин тийиштүү жерлерге кат жолдодук. Эгер алар уруксат берсе, анда жакынкы күндө атайын текшерүүгө алынат,- деди Жаанбаев.
Күн мурун 15-июнда Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулушкан. Алар "иш жүргүзүп жаткан компания агын сууну булгап жатат, жайыттагы мал жапырт кырылууда, компания ишин токтотсун" деген талаптарды коюшкан. Чогулгандар 100дөн ашуун жергиликтүү тургун кол койгон кайрылууну президентке жиберерин билдиришкен.
Солтон-Сарыдагы "Jhong ji Mining" фирмасы кен казуу жана чалгындоо үчүн лицензияны Мамлекеттик геология агенттигинен 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл фирма кен иштетүүчү комбинат курууну пландоодо. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg