ШАБДАЛЫНЫН ПАЙДАСЫ
ЭСКЕРТҮҮ!
Шабдалынын сыртындагы түгү айрым адамдарга аллергия жаратышы мүмкүн. Курамында канттын өлчөмү көп болгондуктан, кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң.ШИРЕЛҮҮ ШАБДАЛЫ
Керектелүүчү азыктар:
(3 литрлик банка үчүн)
Шабдалы – 2 килограмм
Кумшекер – 400 грамм
Лимон кычкылы – 2 чай кашык
Суу – 1 литр
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны жууп, тең ортосунан жарып, данегин алып таштайбыз.
2. Алдын ала бууланган банкага шабдалынын кесимдерин иреттеп толтуруп тизебиз.
3. Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, оозун капкак менен жаап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз.
4. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатып, сироп даярдайбыз.
5. Сиропту ысык боюнча банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Ширелүү шабдалы даяр! Кышкысын аны торт, пирог сыяктуу десерттерди жасоодо пайдаланууга болот.“СЕБЕТ” ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Токоч (печенье)– 100 грамм
Каймак май – 30 грамм
Шоколад – 40 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер – 50 грамм
Сүт – 200 миллилитр
Крахмал – 15 грамм
Шабдалы – 1 даана
Киви – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Токочту блендерге салып майдалап алабыз да, ага эритилген шоколад менен каймак майды кошуп аралаштырабыз.
2. Кекс бышыруучу калыптарга бул аралашмадан салып, ортосун оюп, чөйчөк формасына келтиребиз да, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз.
3. Крем даярдайбыз. Ал үчүн кесеге жумуртканы чагып, ага кумшекер менен крахмалды кошуп жакшылап аралаштырабыз. Эми мунун үстүнө ысык сүттү куябыз. Аралашманы мискейге куюп, жай отко коюуланганча кайнатабыз. Кремди оттон чыгарып, муздаганча коё турабыз.
4. Шабдалы менен кивини жууп, кабыгын аарчып, ичке кесимдерге бөлөбүз.
5. Муздаткычтан чөйчөктөрдү алып чыгып, ичине кремден салып, үстүн шабдалынын жана кивинин кесимдери менен кооздойбуз. Десерт даяр!ШАБДАЛЫ ШИРЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 4 килограмм
Суу – 1 литр
Кумшекер – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны жууп, тазалап алабыз. Андан соң мөмөлөрдү кайнап жаткан сууга 1-2 мүнөткө салып, дароо муздак сууга салабыз. Бул ыкма кабыгын оңой сыйрып салууга жардам берет.
2. Кабыгын сыйрыган соң данегинен ажыратабыз.
3. Мөмөлөрдү блендердин же болбосо шире сыккычтын жардамы менен эзип алабыз.
4. Ширени мискейге куюп, татымына жараша кумшекер кошобуз. Эгер шире өтө коюу болсо бир аз суу кошууга болот. Ширени 8-10 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg