КОЙ (21.03-20.04)
Кой жылдызындагылар үчүн апта ичи бир калыпта, тынч өтөт. Дайыма артка жылдырып келген пландарды карап чыгыңыз. Ишке ашырууга ыңгайлуу убакыт болушу мүмкүн. Өзүнчө отуруп каражатыңызды бөлүштүрүп албасаңыз, иретсиз колдонуулардан зыян тартасыз. Тынч абалдан пайдаланып жакындарыңызга көңүл бурууңузду жылдыздар эскертет. Апта соңунда сүйүктүүңүз менен убакыт өткөрөсүз. Дос, тууган же кесиптештер менен эс алууга сапарга чыгышыңыз күтүлүүдө.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада жылдыздар сизди эмгекчилдикке чакырат. Чаалыккан, шалдыроо баскан абалыңызды эс алуу күндөргө таштаңыз. Оюңузду чачыранды кылбай, жумушуңузга жакшы көңүл буруңуз. Сизге бөлүнгөн иштерди ийине жеткире аткаруу менен моралдык жана материалдык үлүшкө ээ болосуз. Жакындарыңыздын жакшы жаңылыгы сизди кубантат. Жаңы таанышуулар, кездешүүлөр орун алат. Аптада өз алдыңызча дары-дармек колдонууда сак болуңуз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башка адамдар үчүн өзүңүздү отко салбаңыз. Сиздин иш-аракетиңизди эч ким баалабайт. Жаңы иш баштоо алдында турасыз. Андыктан үйдөгү, жумуш ордуңуздагы керексиз буюмдардан арылыңыз. Аптанын экинчи жарымында шашылыш чечим чыгаруудан алыс болуңуз. Туура эмес аракеттердин айынан бармагыңызды тиштеп каласыз. Жалгыз бой эгиздерде түгөйүн кезиктирүү мүмкүнчүлүгү жогору. Андыктан айлана-чөйрөгө көз сала жүрүүнү унутпаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дарегиңизге айтылган жакшы комплименттерди кубануу менен кабыл алып, өзүңүздүн күчүңүзгө ишене бериңиз. Эч нерседен күмөн санабастан пландалган иштериңизди жүзөгө ашырууга умтулуңуз. Адистин пикирин талап кылган иштерди өз алдынча чечип алам десеңиз жаңылышасыз. Ишин жөндөй албай жаткан жакындарыңыз сиздин колдооңузга муктаж болот. Андыктан көңүл кош карабастан кол сунуп койгонуңуз жөндүү.АРСТАН (23.07-23.08)
Көптөн бери маселе жаратып келген ишиңиз жолуна түшөт. Кесиптештер арасында пикир келишпестиктер жаралат. Менменсинген мүнөзүңүздү тизгиндеп, ачууга алдырбаганыңыз жакшы. Аптанын экинчи жарымында кубанычтуу кабар угасыз. Маянаңыз көтөрүлөт же кандайдыр бир мелдештен жеңип чыгасыз. Жаңы мамиле куруу үчүн таанышуулар ойдогудай болбойт. Жакшысы, пландабаганыңыз оң. Көптөн бери көрүшө элек дос-туугандар менен кездешесиз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аракет кылсаң – берекет. Апта иш-чаралар, бизнес жаатындагы келечектүү идеялар, жаңы сунуштар менен ысык болот. Убактыңызды, энергияңызды пайдасыз нерселерге коротуудан качыңыз. Баштаган ишиңизди өнүктүрүү үчүн же жаңы иш баштоодо тобокелчиликтерден коркпоңуз. Сиздин бул кадамдарыңыз кирешелүү болот. Жумушта жакшы өнөктөш табасыз. Окуу же ишке байланыштуу жакшы кабар угасыз. Жекшембиде сүйүктүүңүзгө, жакын адамдарыңызга көңүл бурууну унутпаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ийгиликүү апта, жакшы маанай, оптимисттик көз караш. Мунун баары жан дүйнөңүзгө гармония жаратат. Жумушта сунушуңуз колдоо таап кубанасыз. Баарына үлгүрөм десеңиз бүтүрө турган иштердин планын түзүп алыңыз. Жеке жашооңузда күтүлбөгөн бурулуштар орун алат. Алыстагы туугандарыңыз менен байланышасыз. Келбетиңизге кам көрө жүрүңүз. Эс алуу күндөрү, тоо коюнунда салкындап же өзүңүзгө жаккан иш менен алектенүүгө убакыт табыңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаяндар үчүн аптада каржылык өсүш орун алат. Күтүлбөгөн кирешелер сизди кубантат. Жакындарыңыз менен талкуулай турган маселе жаралат. Жетекчиликтин пикирин кескин өзгөртүүнү каалабасаңыз, алар менен баарлашууда кебиңиздин тизгинин тарта билиңиз. Кесиптештериңиздин ишине жардам көрсөтөсүз. Таарынышып жүргөн түгөйлөрдүн мамилеси калыбына келет. Жакындарыңыздын ийгилиги дем берет. Апта соңунда сизди жагымдуу эс алуу күтөт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул жумада үй-бүлөңүз сиз үчүн биринчи орунга чыгат. Жакындарыңызга көңүл бөлүүдөн, балдарыңыздын каалоосун орундатуудан ырахат аласыз. Насыяга чоң буюм алуудан алыс болгонуңуз оң. Алдамчылардын тузагына түшүп калышыңыз ыктымал. Жакшысы, шашылбастан акчаңызды чогултуп алганыңыз жөндүү. Бойдок жаачыларды олуттуу сүйүү мамилеси күтөт. Ден соолугуңузду көз жаздымда калтырбастан дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп коюу ашыктык кылбайт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада билим, карьера, айтор, келечекке болгон пландар алдыга чыга келет. Көздөгөнүңүзгө жетем десеңиз, өз максатыңызга туруктуу болуңуз. Дайыма изденүүнүн, тынымсыз аракеттин үстүндө болосуз. Эмгегиңиздин акыбети кайтып максатыңыз орундалып кубанасыз. Каржылык тартыштык жаралышы мүмкүн. Андыктан абалды алдын алуу сиздин колуңузда. Убакыттын тардыгына шылтоолобостон үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакыныңызга көңүл буруңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Тапшырылган иштерди өз учурунда бүтүргөнүңүздүн сизге пайдасы гана тиет. Акча жаатында өтө этият болуңуз. Алданып калууңуз ыктымал. Аптанын экинчи жарымында өнөктөштөр же жетекчилик тараптан болгон жакшы сунушту эч ойлонбой кабыл ала берсеңиз болот. Күтүлбөгөн жагдай жаралып маанайыңыз түшөт. Ал үчүн санаа тартуунун кереги жок. Жакындарыңыздын колдоосу менен маселе бат эле оң жагына
чечилет.
Сизге тапшырылган жаңы тапшырмалар алгачкы күндөрү оор сезилгени менен, иштин майын чыгара аткарып айланадагыларды таң калтырасыз. Жаңы багыттагы иштер менен коштолгон апта сизден сабырдуулукту, адамдар менен тил табыша билүүнү, ойлоп табуучу жөндөмдүүлүктү талап кылат. Аракетиңиздин натыйжасында кошумча кирешеге ээ болосуз. Жаңы сүйүү романын куруудан этият болуңуз. Мамилеге туруксуз адамдын кылтагына илинип калуу коркунучу бар.