ФУТБОЛ БАЛАНЫ КЫРААКЫ КЫЛЫП ТАРБИЯЛАЙТ

Ата-энелер баласы эс тартып калгандан баштап «кайсы спорттук ийримге берсем?» деп ойлонуп башташат. Баланы бир гана физикалык жактан өнүктүрбөстөн, мүнөзүн калыптандырууга да жакшы таасир берген футбол спорту сиздин балаңыз үчүн эң мыкты тандоо болот. Балдар футбол менен канча жашынан баштап машыгууну баштаса болот? Аларга бул спорт түрү кандай пайда алып келет? Эмне үчүн футбол сиздин балаңыз үчүн эң оптималдуу вариант? Мындай суроолор боюнча мурдагы футболчу, учурдагы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов жооп берет.

ЭМНЕГЕ ФУТБОЛ?

– Азыркы кезде баламды футболго берсем деген ата-энелер көбөйдү. Эмнеге футбол? Футболдун баланын ден соолугун чыңдагандан сырткары да жакшы жактары бар. Ал баланы командалык ишке тарбиялайт, өзүнүн кадамдарын пландаштырганды, тез ойлонгонду үйрөтөт, мүнөзүн чыңдайт. Футболду жакшы өздөштүрсө ал балага жогорку окуу жайына өтүүдө, жумушка орношууда, дегеле турмуштун бардык тармагында бир топ жардамы тиет. Ошондой эле өтө таасирдүү себеп – бул эгерде чын дилинен машыгып, катуу аракет кылса, профессионалдык оюнчуга айланып, өзүнүн финансылык маселелерин чечет, чет жакта күчтүү жана бай клубдарда ойноп калса каржы жагын бир топ чыңдайт. Күчтүү оюнчулар дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирип жатышпайбы.

ФУТБОЛ МЕНЕН МАШЫГУУНУН ПАЙДАЛАРЫ

– Балаңыз келечекте футбол жылдызына айланып, профессионал спортчу болбосо да, машыгуулардан алган жөндөмдөрү келечегине чоң таасирин тийгизет. Жаш футболчулар өзү курактуу балдарга салыштырмалуу ден соолугу чың болуп, аз оорушат.

Мындан тышкары футболдун төмөнкүдөй пайдалары бар:

  • Жүрөктүн иштешин жакшыртат. Орточо эсеп менен футболчу 90 мүнөттүк оюнда 10 чакырымга жакын аралыкты чуркайт. Демек, оюн футболчулар үчүн кардиомашыгуу болуп саналат. Футбол менен машыккандардын жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системдери чың болот.

  • Командада иштөөнү үйрөтөт. Футбол – командалык оюн жана анын жыйынтыгы бардык футболчулардын бири-бирин түшүнүп, уюшкандык менен оюн өткөргөндүгүнөн көз каранды. Жаш оюнчулар оюн талаасында өзүнүн командалаштарын түшүнүп жана алардын кыймылдарын сезе билгенди үйрөнүшөт.

  • Мээнин иштешине оң таасирин тийгизет. Футболчулар оюн учурунда тез чечим чыгаруулары керек. Бул бир нерсеге көңүл бурууну, концентрацияны жогорулатат. Оюнчулар ар бир секунд сайын талаадагы кырдаалга көз чаптырып турушу зарыл, бул анын ой жүгүртүүсүнүн жакшырышына зор салымын кошот.

  • Футбол оюну бүткүл дененин, өзгөчө буттун булчуңдарынын өсүшүнө жардам берет. Мындан сырткары адамды эрктүүлүккө, шамдагайлыкка, чыдамдуулукка тарбиялайт.

  • Футболдун жалгыз кемчилиги – жаракат алып калуу коркунучу бар.

КАНЧА ЖАШТАН БАШТАП?

– Баланы канча жашында футбол ийримине бериш керек? Бул суроого так жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени баланын жөндөмүнө байланыштуу болот. Балдарды 4 жаштан баштап кабыл алган футбол мектептери жана ийримдер бар. Бирок көпчүлүк машыктыруучулар футбол менен машыгууну баштоого 6-7 жаш оптималдуу курак деп эсептешет. Анткени балдар бул куракта машыктыруучулардын тапшырмаларын аткарууга жөндөмдүү болуп калышат.

Эгер балаңыз 9-10 жашта же андан улуу болсо, ойлонуп отуруштун кажети жок. 20 жаштан өткөндө футболдук карьерасын баштап ийгилик жараткан футболчулар да жок эмес.

КАНДАЙ УЧУРДА ФУТБОЛ МЕНЕН МАШЫГУУГА БОЛБОЙТ?

– Футбол – организмге сезилерлик күч келтире турган спорт түрү. Эгер балаңыздын ден соолугу чың жана эч кандай өнөкөт оорулары жок болсо, анда аны коркпостон футбол ийримине бере бериңиз. Балаңызды машыгууларга берерден мурун спорттук дарыгерге көргөзүп алганыңыз ашыктык кылбайт.

Эгерде балаңыз төмөнкү илдеттерден жабыркаса, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылып, анын футбол менен машыкса болорун же болбосун тактап алыңыз:

  • Жүрөк оорусу;
  • Таяныч-кыймылдаткыч аппаратындагы көйгөйлөр;
  • Гипертония;
  • Астма;
  • Өнөкөт бронхит оорусу;
  • Нерв-психикалык оорусу;
  • Ичеги-карын оорусу;
  • Көздүн алыстыкты жакшы көрбөгөндүгү.



БАЛАҢЫЗГА КҮН ТАРТИБИН ТҮЗҮП БЕРИҢИЗ

Футбол менен машыгууда жаракат алып калуу ыктымалдуулугу бар. Жаш спортчулар көбүнчө денелерин сыйрып же көгөртүп алышат. Ал эми машыгуу учурунда аларды караган врач жанында болбой калышы да мүмкүн. Ошондуктан баланын жанында пластырь менен антисептик болгону жакшы. Балаңызга аларды кантип колдонуш керектигин үйрөтүп коюуну унутпаңыз.

Балаңыз өзүн жаман сезип жатса же температурасы жогору болсо, аны машыгууга алып барбаганыңыз оң.

Эгер балаңыз футбол менен олуттуу түрдө машыгып баштаса, күн тартибин туура түзүп бериңиз. Бала өз убагында уктап, мектеп тапшырмаларын аткарууга да жетишиши керек. Ошондой эле кичинекей футболчунун туура тамактанып жатканына көңүл буруңуз.

ЭҢ АРЗАН СПОРТ ТҮРҮ

– Эмне үчүн футбол өнүккөн өлкөлөрдө гана эмес, Африка, Түштүк Америка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да популярдуу? Жооп жөнөкөй. Бул спорт түрү каражатты аз талап кылган оюн.

Топ жана тегиз талаа. Футбол ойногонду үйрөнүш үчүн алгач ушул 2 нерсе гана жетиштүү. Бирок профессионалдык деңгээлдеги футболчу болуш үчүн атайын ийримдерге барып жөндөмдөргө ээ болуу зарыл. Ийримге катышуу үчүн төмөнкү экипировкалар керек.

  • Футболдук форма (орточо баасы –1300 сом)
  • Бутса (орточо баасы – 1000 сом)
  • Гетры (орточо баасы – 200 сом)
  • Бутту жаракаттан сактоочу (щитки, орточо баасы – 500 сом)

Демек, экинчи Мессини же Роналдуну тарбиялап баштоо үчүн жалпы 3000 сом гана талап кылынат. Ал эми футбол ийриминин 1 айлык акысы орточо эсеп менен 1500 сом.

Футбол – ар бир бала үчүн эң мыкты тандоо. Анткени бул жеткиликтүү, арзан, ар тараптуу жана кызыктуу спорт түрү. Кичинекей кезден футбол менен машыгуу келечекте ийгилик жаратууга фундамент болору талашсыз.

Спорттун бардык түрүнөн жаракат алып калуусу мүмкүн. Андыктан жаракат алып калат деп коркпостон, балаңызга футбол менен машыкканга мүмкүнчүлүк бериңиз.

Кубан Жумамидинов
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jjjjoy
2019-07-22 16:41:22
Аксы волейболчулары туурасын да макала кошсонор деле болмок ,качанатан бери кутуп ,суусап журобуз ошол командага,команда капитаны мн маек куруп бергилечи айланайындар.
-1
admin_portal
2019-07-22 17:47:34
jjjjoy, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-1
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан