(Башы өткөн сандарда)
– Мен Түркияга кеткени жатам,- ашканада отуруп үн катты. Маңдайында Кумар отурган.
– Эмне? Жинди болдуңбу?
– Иштейм. Машина алам, үй алам…
– Сойку болуп иштейсиңби?
– Ооба. Аты жаман угулганы менен, акчасы сонун.
– Көк мээ турбайсыңбы?! Сага жакшылык кылайын десе…- сөгүнүп туруп чыгып кетти Кумар.
– Кеттиби?- Света коңшу бөлмөдөн башын чыгарып сурады.
– Мм. Жакшылык кылмак экен мага. Ойлорунун баары ойрон болду… Ха-ха…
Азыр Түркияда жатып ошол күнүн эстеп муңканып алды. Кеч боло электе, ошондо токтогондо эмне?! Балким, ошол милиционер жигит бактылуу кылат беле? Таптакыр теңине албай койбодубу. Эми өткөн өттү, кеткен кетти. Мезгилди артка кайтарууга мүмкүн эмес.
ххх
Тим эле Түркияга барса эле жыргачудай жөнөгөн.
– Ася деген курбум тосуп алат. Көп кыздарга жумуш таап берип жүрөт. Эми жакшы барагой… Света эжеңди унутпа!
Света менен кайдыгер гана коштошту. Аэропортто каттоодо кезекте турганда апасына телефондон СМС жазды. «Мен Түркияга кеттим. Барганда байланышам».
ххх
Булут аралай учкан учак. Кыргызстандын тээ тоолуу айылынан келген кыз Түркияны багынтууга бел байлайт деп ким ойлоптур? Эң эле жолу болду дегенде окуусун бүтүп, айылга барып 4 миң сом үчүн эртеден кечке мугалимдик жумушту аркалап, чарчап-чаалыгып жашоо өткөрмөк. Жылдар жылга алмашмак. Түйшүктөн карымак… Ырас эле башка жолду тандады. Кыска, анан калса жеңил жол. Акча да бат келет, максаттар тезирээк орундалат. Эл-жер көрөт. Балким, Кудайдан болуп ошол жактан колунда бар бирөөгө тийип деңиздин жээгинде жашап калар...
Ошондо ошентип ойлонгон. Көзү тумандаган экен, көрсө. Кана ошол кыялдары? Бири да ишке ашкан жок. Адам катары талкаланып бүттү. Же бирөөгө же өзүнө пайдасы жок. Көзүнөн жаш сызылды… Өткөндү эстеп отуруп бир топ убакытты өткөргөн экен. Сырттан Гуля эжеси менен курбусу кирип келе жатканын угуп уктамыш болуп жатып калды.
Бирок уктай албай койду. Бирөөгө бугун төгүп ыйлагысы келди. Угар киши, арманын түшүнөр киши барбы? Аны адам катары кабыл алар жан барбы бул дүйнөдө? “Мен деле сойку болуп жүрөм го. Эмне эле эзилип жатасың” дешер тигил экөө. Пайдасы жок булардын бири-бирине…
Дегеле ушул Түркияң тагдыр талкалагыч өлкө беле?! Жыргаган киши көрө элек бул жактан. Же ал өз чөйрөсүндөгүлөрдү көрүп ошентип жатабы? Ак мээнети менен иштеп нан таап жеп жүргөндөр бар чыгар. Бирок сойку болуп жыргаган киши жок.
Мына, баарына өзүнүн турмушу далил. Түркияга келип эле Светанын курбусу Асянын колуна түшкөн. Паспортун да алып алды анысы.
– Жоготуп аласың. Мен катып коёюн,- деген. Көрсө, эч жакка кетирбөөнүн гана амалын кылган экен. Кийин билбедиби бул ыкмасын. Шайырды Түркияга жөнөткөнү үчүн Света 300 доллар сыйлык алган экен бул Ася деген немеден. Келгени Асянын колунан жыргаган жок.
Ашмалтайы чыккан эски имаратта Орусиядан, Казакстандан барган кыздар менен чогуу иштеди. Тыным жок. 3 ай дегенде өзүн-өзү күзгүдөн карап чочуп кетти. Кебетеси баягы Калипа эжесиникине окшоп калыптыр. Көзүнүн оту өчкөн, жүзүндө нур жок. Капкара болуп боёлгон кашы сулуулугун эмес, жеңил ойлуулугун, ошол каш сыяктуу арзан, анан калса жасалмалуу экенин апачык көрсөтүп туруптур. А бул чаччы? Ар кайсы түскө боёп, күйгүзө бергенден түйдөк жүнгө айланыптыр. Намыстанып кетти эмнегедир. Балким, өзүнө-өзү социалдык тепкичтеги эң акыркы адам эмес экенин далилдегиси келгендир. Айтор, ишин токтотуп Асяга кайрылган.
Анысы 3 айдан берки акчаны чогултуп берем деп убадалаган.
– Ася эже, мен бир жума эс алуу алайынчы? Өзүмдү иретке келтирип дегендей… Акчамдын бир азын алып, кебетемди оңдоюнчу?
– Кебетең сопсонун эле турат!
– Жок, эс алайынчы… Азыр күзгүдөн карап өзүмдөн жийиркенип кеттим. Баягы Кулиев көчөсүндөгү кыздардан айырмам калбаптыр. Бул бойдон кардар деле албайт го, ха-ха…
– Кой, болбойт. Жакшынакай эле болуп турасың...
– Мейли, анда жок дегенде 3 күн эс алайын. Иштеген акчамдан берсеңиз айылга да бир аз акча салайын…
– Шайыр, сен али иштей элексиң. Сен азыр карызыңды гана кутулуп бүттүң.
– Кайсы карыз?
– Апей, кокуй! Келген билеттин акчасы, бул жакта жашаганың, ичкен-жегениңди эсептебейсиңби?
– Башкысы, өзүңүздүн процентиңизди алып жатасыз. Билетти болсо өзүмдүн акчама алып келгем…
– Жинди го. Светага мен акча салбадымбы?
– Алган эмесмин андан эч нерсе.
– Ал сенин маселең. Мен бергем. Сен төлөшүң керек!
– Жинге тийбей бериңиз акчамды!- ачуусу келип кыйкырып жиберди.
– Эмне аңкылдайсың?!- Ася семиз денеси менен обдулуп тура калып, колун бөйрөгүнө таяды.
– Паспортумду да, акчамды да бериңиз. 3 ай бою күнүнө 9-10 кардардан тейлеп иштедим. Кишинин мээнетин жегенден уялбайсызбы?
– Мээнет? И-ий, ары жок. Кайсы бетиң менен ошентип айтып жатасың? Сен акмак, жөн отуруп, унчукпай иштеп кал! Болбосо мен сага энеңди үч коргондон көргөзүп салам!
– Колуңуздан келеби?
Ася жооп кайтаргандын ордуна Шайырды бир башкача олурая карап алды да, анан чечкиндүү басып келип туруп, чачынан алып, бет талаштыра экинчи колу менен чаап жиберди. Чоң, семиз аял болчу. Шайырды ал аял ары-бери түрткүлөп катуу сабап салды. Бетинин ар кайсы жери торсоюп шишип чыкты.
– Кетпейсиң! Качан төлөп бүтөсүң, ошондо кетесиң! Бүгүнкү кылыгың үчүн 1 жыл бекер иштейсиң. Уктуңбу?
Улам катуу сокку жей бергенден тажаган Шайыр бетин басып улуп-уңшуп ыйлагандан башка арга тапкан жок. Ася ичке киргенде гана ордунан турууга далалат кылды. Бирок тура албай койду. Бирөө-жарым келип жөлөп-таяйбы деп ойлогон. Бирок бир адам басып келген жок. Ал күнү короодо онтоп жатып таң атырды.
ххх
Башына катуу сокку жеген экен. Эңги-деңги болуп суудан башка эч нерсе иче алган жок. Тамак оозанса эле кусчудай. Сылтып басып, тирүүнүн өлүгүнө айланып калды. Ася бул жердегилердин баарын катуу коркутуп салган экен. Бири да Шайырга жардам бергенге даай албай коюшту. Тим эле таптакыр кайдыгер баары. Эч нерсе болбогондой…
Ошентип жүргөнүнө 3 күн болгондо өзүн кичине жакшыраак сезе түштү. Тамак ичкени ашканага эптеп жетти.
– Сен эмне келдиң?- Ася аны жеп жиберчүдөй тиктеди.
Шайыр ордунда катып туруп калды. Туңгуюкта болчу ал. Кетип калайын десе, паспорту да, акчасы да жок.
– Карызга тамак жейсиңби?- шылдың менен карады. Асяны буга чейин жакшы эле аял экен деп ойлочу. Катуу жаңылыптыр.
– Эже?
– Атаңдын башы! Эсептешип жашайбыз экөөбүз мындан ары. 3 миң доллар карызсың мага. Ошону таап бересиң. Ичкен тамагыңды, жеген ар бир кесим наныңды, сууңду, жаткан жериңди, жуунган самыныңды, бүт эсептейм. Жакшылык жарашпайт турбайбы сага? Тамактын баасын чыгарып, атайын ушул үчүн өзүнчө дептер ачып карызын жазгыла!- тамак жасап берген ашпозчу аялга кайрылды. Үн ката алган жок Шайыр. Качан Ася чыгып кеткенде гана отургучка шалак эте кулады.
Ашпозчу аял аны аяй алдына тамак койду. Бирок тамакты жей алчудай эмес. Тамагынан өтпөйт го… “Мунун карызынан качан кутулам?” деп мээси чыңалып чыкты.
ххх
Мурда акча иштеп жатам деген ою болгондуктан сойкулуктун азабын анча тарткан эмес экен. Азыр жөн гана короодогу эшек сымал бирөөгө бекер иштеп жатканын сезе түшкөндөн кийин ар бир кардарын жек көрүп карачу болду. Азаптуу күндөр болгон. Кабыргасы саналып катуу арыктаган. Бир күнү капыстан Асянын колунан кутулуп кетти.
Асянын Кыргызстандагы бойго жеткен уулу келген Түркияга. Жалгыз бала болгондуктан анысы чектен ашкан эрке-талтаң неме экен. Жашабай жатып баңгиликке берилиптир. Бир күнү дозага акча таппай калып ызы-чуу чыгарды. Кыязы Ася акча бербей койгон окшойт. Ася жашаган бөлмөнү 3 көтөрүп акча издеп жатты. Улам бир сумканы аңтарып сыртты көздөй ыргытат. Ошондой ыргытылган кичинекей ак сумканын ичинен Кыргыздын көк паспорттору чачырап жерге түштү.
Шайырдын көздөрү паспорттордон өттү. Ошол 10 чакты паспорттун арасында мунуку да бардыр… Ася баласы менен кырылышып алаксып калды. Мына ыңгайлуу учур, паспортту ала калышы керек...
(Уландысы кийинки санда)