8-июлда Cузак районунун Каңды айылында 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн өткөн санда жазганбыз. Анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында маркумдун эжеси 14 жаштагы өспүрүм К.А. кылмышка шектүү катары сурак берген. Учурда бул факт боюнча иштер кандай жүрүп жатат, шектүү делген кыз азыр кимдин көзөмөлүндө экенин билип көрдүк.
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева киши өлтүрүүгө шектүү делген өспүрүм кыз чоң атасына убактылуу камкордукка берилгенин айтты:
– Иниси кайтыш болгон 14 жаштагы К.А. аттуу кыз чоң атасы менен жолугуп, тергөө иштеринин жыйынтыгы чыкканга чейин аны менен жашаганга макулдугун берди. Кыргыз Республикасынын Балдар кодексинин 75-беренесине (алдын ала камкорчулук жана көзөмөлчүлүк) ылайык, кыз чоң атасы Ж.Сга убактылуу камкордукка берилди. Кыз буга чейин ата-энеси менен чогуу жашоодон баш тарткан.
Сузак районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан баланы коргоо үчүн атайын индивидуалдык план түзүлдү. Ал планды Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссия карап чыкты.
Учурда өспүрүм кыз Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана социалдык кызматкердин карамагында психиатриялык экспертизадан өтүп жатат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул үй-бүлө райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында ыркы жок жана кыйын кырдаалда жашаган үй-бүлө катары катталган эмес.
Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Асанова менен байланышканыбызда, кыз чоң атасына берилгенин айтып, ошондой эле кыз учурда Ош шаарында ооруканада врачтардын көзөмөлүндө дарыланып жатканын кошумчалады.
Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев окуя боюнча буларга токтолду:
– Учурда соттук-медициналык жана соттук-психиатриялык экспертизалардын жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Бул кылмыш иши боюнча башка варианттар каралбайт. Себеби баары далилденип аныкталган, бир гана экспертизанын корутундусун күтүп жатабыз. Катты кыз жаздыбы, ал боюнча да экспертиза дайындалган. Кызды жаздырып көрүп, салыштырып караганда каттагы кол жазма менен кыздын жазгандарында окшоштуктар байкалат. Мындан тышкары ал өзү дагы бул катты жазганын айтты. “Катты эмнеге жаздың?” деп сураганда, “Менин көзүмө бир нерселер көрүнө берчү, анан ички дүйнөм кысылып ооруганда ушинтип ар нерселерди жазчумун. Бул сапар да ошентип жаздым” деп көрсөтмө берди. Өспүрүм кылмыштын изин башка жакка буруш үчүн бул жолго барышы мүмкүн.
Кылмыш катталган үй-бүлөнүн кошунасы, атын жарыялагысы келбеген жаран шектүү акыл-эстүү эле кыздардан болчу дейт:
– Эл катары жашаган жөнөкөй үй-бүлөлөрдүн катарында болчу. Атасы такси айдап иштесе, апасы бала бакчада эмгектенчү. Алар 4 баланы тарбиялап келишкен. Бул окуяга катышкан уул-кызынан башка дагы бир кызы жана бир уулу бар. Уулу 1997-жылкы, кызы 1999-жылкы. Алар башка шаарда билим алышат.
Шектелип жаткан кыздын мурда эч кандай психикасы жабыркаган же оорукчан экендиги байкалчу эмес, катардагы эле акыл-эстүү кыздардан болчу.
Ар кайсы маалымат булактарында бул окуя кечки саат 6-7лерде болгон деп айтылып жатат. А чындыгында бул окуя саат 15:30 чамасында болгон. Ал күнү мен саат 16:00 чамасында борбордон үйгө келе жаткам. Кошунабыздын үйүнүн жанында милиция кызматкерлери жана бир топ адамдар топтошуп туруптур. Бул окуяны эч ким көрбөптүр, ата-энеси да ал учурда үйүндө болгон эмес экен.
Алгач кыз бул окуя боюнча башкача көрсөтмө берип жатат дешкен. Ал мен үйгө кирип баратсам, “үйдөн кара кийинген бир эже чыгып кетип баратыптыр” дептир. Актаныш үчүн ушундай сөздөрдү айтты деп жатышат.
Бир нече убакыттан кийин укук коргоо органдары кыздын дааратканага ыргытылган кийимдерин тапкан соң кыз өзүнүн күнөөсүн моюнуна алганы айтылды.
Окуянын соңу кандай болот, укук коргоо органдары жана дайындалган экспертизалар кандай жыйынтык чыгарат, көз салып турмакчыбыз.
Кубан Жумамидинов
koom@super.kg