ЫСЫК-КӨЛДӨ 2 АДАМДЫ АТЫП ӨЛТҮРҮП, КАЧЫП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛА ЭЛЕК

5-июль күнү кыргыз маалымат айдыңын үрөйдү учурган окуя каптады. «Ак-Суу районундагы Хан-Теңири лагеринде бир адам эки кишини атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кетиптир» деген маалымат желдей тарады. Көп өтпөй кылмышка шектүү адам аталган лагердин кароолчусу экени милиция тарабынан маалымдалды. Жарым айга жакын убакыт болсо дагы шектүү кармала элек.

«ИНИМДИ ӨЗҮ ИШКЕ АЛГАН АДАМ АТЫП ӨЛТҮРДҮ»

Каза болгондордун бири, маркум Дөөлөт Азимкулов "Хан-Теңири" лагеринде жетекчинин орун басары болуп иштеген. Маркумдун эжеси Гүлмира Азимкулованын айтымында, Дөөлөт Азимкулов аталган кароолчуну жумуш менен камсыздайын деп өзү ишке алган.

– Иним Дөөлөт Азимкулов милициянын майору, ИИМдин ардактуу эс алуудагы кызматкери болчу. Хан-Теңири чокусуна барууну каалаган чет элдик туристтерди тик учак менен алып жөнөөрдө ошол "Хан-Теңири" деген лагерге токтоп, анан андан ары жолун улашат. Аталган лагерге аңчылыкка, альпинизмге кызыккандар келип кызмат ала алышат. Ошол иштеген жерине Сергей Смирнов аттуу 29 жаштагы адамды өзү суранганынан кароолчулук жумушка алган экен. Смирнов «мени ишке алыңыз, жашагыдай жерим жок, өзүм да жетим өскөн баламын» деп суранган экен.

Дөөлөт ошол күнү шаарга барам деп төмөн түшсө жол жабылып калып, лагерге кайра барыптыр. Айтымдарында, кароолчу ичкиликке берилген адам болгон. Эмне себептен атып салганына түшүнбөйм, өзүм врач болгондуктан, аракеч адамга мүнөздөмө бере алам. Андай адамдардын кулагына бир нерселер угулуп, шизофрения сыктуу эмне кылып жатканын да билбей калышат. Болжолумда, бир канча күндөн бери ичип жүргөн адам ошондой бир нерсе болсо керек. Кирип эле арак сураптыр. Курал сейфте турчу экен. Ашканада адамдар тамактанып отурушса эле, эшиктен күлүп кирип келиптир, аркасына куралды жашырып алган экен. Биринчи куралды ошол жерде жайлаган малчыга такаптыр. Иним тура калып, «куралды ташта» десе эле автоматты ага кезеп туруп атып салыптыр. Ал арада ортого берки 31 жаштагы бала да (ред.: М.К.) аралашат. Кароолчу аны да атып салат. Колунда бычагы да болгон экен. Малчы берки экөө сулап калганда эле кароолчунун куралын алууга аракет кылып, экөө алышып кетет. Ошондо малчынын колун бычак кесип кетиптир. Ал үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен ошол жерде мал карагандыктан, «балдарыма тийбе, атсаң мени атып сал» деп колун көтөрсө, «арак таап бер» дептир. Мылтыктын үнү угулганда ошол жерде станцияда чума боюнча иликтөө жүргүзүп иштеп жүргөн аял ашканага чуркап келиптир. Кароолчу малчыдан бир нече шише арак алып, атты токуттуруп, берки аялды «мени менен барасың» деп алдына салып алып токойду көздөй кирип кетет. Аялдын айтымында, аны таң аткыча арак ичирип кыйнаптыр. Экөө ал жерден арак ичишет да, эртеси күнү аялды «бара бер» деп коё берип, өзү андан ары кетиптир.

«БАТКЕН, ОШ ОКУЯСЫНДА АМАН КАЛГАН ИНИМ БИР ИЧКИЧТИН КОЛУНАН КАЗА ТАПТЫ»

– Дөөлөт Ички иштер министрлигинде иштеп жүргөндө өлкөдөгү кооптуу кырдаал жаралган аймактардын дээрлик бардыгында болуп келген. Ал Баткен коогалаңына, Оштогу окуяга да катышып, элдин тынчтыгын, коопсуздугун камсыздап жүргөн эр жүрөк болчу. Баткен окуясында Чоң-Алай районундагы Карамык айылында чек араны коргоо кызматын өтөп жүргөндө жардыруу уюштурулуп, ал ошол жердеги элди коопсуз жайга өткөрүп, өзү унаасы менен жардырууда калып калган. Ошондо унаасы жарабай калганча талкаланып, жанындагысы каза болуп, иним жарадар болуп, бирок аман калган эле. Ошондой эр жүрөк адам 48 жашында бир ичкичтин колунан ажал тапканы күйдүрөт. Андан кийин 2010-жылы да Өзгөн, Кара-Суу райондорунда коопсуздукту камсыздап, кырдаал курчуп турган аймактарда кызмат өтөгөн. Бир тууганыбыздын өлүмүнө шектүү адам 15 күндүн жүзү болуп калса да кармала элек. Биздин үй-бүлө тик учак жалдап, өзүбүз дагы милицияга жардам иретинде өз алдыбызча издеп жатабыз. Анын колунда куралы бар, коркунучтуу адам. Ошол себептен ар бир бактын түбүн тинтип, токойду аралап издөө деле кооптуу болуп жаткандыр. Кандай болгон күндө да кылмышкер кармалып, жазасын алышы керек!

Учурда Эңилчек жайлоосунан адам өлтүрүүгө шектелип качып кеткен 29 жаштагы Сергей Смирновду издөө иштери уланып, бирок натыйжа бере элек. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, анын колунда "Вепрь" үлгүсүндөгү ок атуучу курал бар. Аталган факт Ак-Суу РИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 872, 18-24 июль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан