Жогорку окуу жайды бүтүрүп, дипломумду колго алган соң коңшу айылга мектепке мугалим болуп жумушка орноштум. Жашоомду астын-үстүн кылган окуя да ушул жерден орун алды. Мектепке жумушка кирген алгачкы күндөн эле директордун көзү менден өттү. Эркек дегениң бардык жагы түгөл болсо да аялга карата ач көздүгүн койбойт тура. Директордун көздөрү ээрчигени-ээрчиген, ары карай бассам далымды тешип өтөт. Жылмайып сүйлөйт, болбогон себептер менен чакыра берет. Башында анын бул кылыктарына жиним келип жүрдү, бирок аял дегениң бара-бара эркектин камкордугуна, мээримине, жылуу сөздөрүнө туруштук бере албай калат тура, айрыкча солкулдап жетилип, сүйүүгө суусап турган бийкечтин көзүн май басты.
Директорумдун сулуулугу менден ашса ашкан, бирок кем калышпаган жубайы, алмончоктой кызы бар эле. Ага да карабады, алгач мен каршылык көрсөткөнүм менен, жүрөгүм мага баш ийбей, сүйүү деп көнүп бердим. Элдин күбүр-шыбыры айылыма жетип, бир күнү апам мени чакыртып, оюмдан кайтарууга далалат кылды. Сүйүү деген адамдын кулагын керең, көзүн көр кылып коёт тура. Аны сүйөрүмдү айтып көшөрүп туруп алдым. Атамдын ошондогу көз карашы, ай! “Менин мындай кызым жок, экинчи үйгө келбесин!” деди да, чыгып кетти. Айланчыктаган апам ар кайсы амалды кылып көрдү, акыры шаабайы сууп отуруп калды.
Ошентип, директорума турмушка чыктым, тагыраагы, биринчи аялынын үстүнө эле алып, элге бетимди ачып койду. Ал аялдын сабырдуулугуна, акылдуулугуна азыр да таң калып кетем, бир да жолу мага келип ооз ачкан жок. Кокустан кезиккен кезде да кесиптеш катары баш ийкегени болбосо, сынын бузбайт. Бул менин андан бетер кыжырымды келтирип, кызганычым күчөп, бул аялдын менин директорумдан баш тартып кетүүсүн каалайм. Элдин кебине көңүл да бурбай калгам.
Билинбегени менен кичинекей айылда эки аялдын тымызын согушу жүрүп жатты. Мектептеги майрамдык кечелерде чогуу отурабыз, кызын шылтоолоп тиги аял директорумду ээрчитип кетип калат, ичим ачышып кала берем. Ошондой кечелердин биринде мен биротоло тиги аялдын жоголуп кетишин каалап, кызганычым ичиме батпай, директор менен ашыкча көңүл ачтым, чектен чыктым, отурган кесиптештерди көзгө илген жокмун. Кызгандыбы же ардандыбы, бир кезде аялы келди да, экөөбүз улам шарактап ичип жаткан ичимдикти күйөөсүнүн башынан ылдый куюп жиберип, чыгып кетти. Артынан директорум ызырынып чуркап кетти. Мен марага жеткенсип үйгө барып уктап калдым.
Таңга жуук ызы-чуудан ойгонуп кеттим, кайненем келип, “баламдын башын жуттуң, шуркуя!” деп каргап-шилеп жаткан экен.
Ошентип сүйүү деп оолуккан жаным бир уяны бузганым аз келгенсип, алмончоктой периштени ата-энесиз калтырдым. Кечээги окуядан кийин директорум аялы менен жолдо уруша кетип, түртүп жибергенде аялынын башы ташка тийип мерт кетиптир. Андан барып директорум асынып алыптыр. Аялынын ата-энеси чаң салып, кызын алып кетишиптир.
Мен шаарга баса бердим. Ичимде үч айлык бала бар экенин шаарга келгенде билдим. Мындай окуядан кийин жашап кетиш кыйын эле, бирок үчүнчү бир адамдын жанын кыйып салууга күчүм жетпеди. Жашадым. Балам үчүн жашадым. Эч ким менен катышкан жокмун. Али да тирүүнүн өлүгүндөй жашап жүрөм. Бир гана апам жүз буруп кете алган жок, келип баламды каралашып турат.
Андан бери жети жыл өттү. Балам быйыл мектепке барат. Ал чоңойгон сайын бактылуу үй-бүлөнү талкалаган кылыгымдан уялам, айлам жок. Баламдын мага бере турган суроолорунан корком, корунам. Атасы ким экенин, эмне болгонун кантип айтам? Кантип жан дүйнөмдү жанчып келген күнөөлөрүмдү жууйм? Кимден кечирим сурайм? Кантип өткөн өмүрүмдү чийип сала алам? Кантип?..
Дилбар