Эгиз козудай ээрчишип, көбүнчө гүлдөр тууралуу обондорду созгон “Кеңеш” тобун сахнадан мурдагыдай көп көрбөй калдыңызбы? Анткени алар хейтерлердин айынан ырчылыкты таштоо тууралуу ойлонушкан экен. "Бирок күйөрмандарыбызды кыя албай, кайрадан жаңы күч менен, жаңылыктарды жаратабыз деп шоу-бизнеске кайттык" дешет. Гезитибиздин бул чыгарылышында жубайлардан куралган топтун жаңылыктарына орун беребиз.
– Кандайсыздар? Сахнада мурдагыдай көп көрүнбөй калдыңыздар...
Гүлмира Шарипова: – Ар ырчынын жана турган убагы болот. Жанган кезде ырчынын досунан душманы көп болот экен. Азыр социалдык тармактар өнүгүп, эл бетибизге эле ушактап калбадыбы. Бизге “Мүзүр өзү оор басырыктуу жакшы эле жигит. Келинчеги ажылдап беттен алат экен” деп жазып калышат. Аларга айтарым, негизи аял киши өзү ажылдакпыз. Минтип жазып жатсаңыз, демек, сиз дагы ажылдаксыз.
Бир күнү Мүзүр мага “Гүлмира, ушактардан чарчадым. Сахнада ырдап адамдарды ушакка түртүп жатабыз. Биз үчүн адамдардын акырети тозок болуп калбасын. Ырды токтотуп коёлу, кандай дейсиң?” деди. Ошол себептүү ырчылыкты токтотууну чечкенбиз. Бирок ырчы ырсыз жашай албайт экен. Өзүбүзгө жетиштүү чакан күйөрмандарыбыз бар. Ошолор үчүн кайра ырдагыбыз келди. Мүзүрдүн үйүлүп ырлары турат. Акырындан элге тартуулайбыз.
– Сахнадан кетебиз дегениңиздерде жашооңуздарда өзгөрүүлөр болдубу?
Г.: – Мурда ар 2-3 күн сайын үйгө келип турган адамдар келбей калышты. Жаман болот экенсиң. Кыйынчылыкта ким дос, ким кас экени билинет экен. Өзгөчө жакын адамыңды жоготкондо. Былтыр апабыз каза болгондо ким келип, ким келбегени байкалды. Шоу-бизнесте Мүзүрдүн жакын досу бар эле. Ошону күттүм негедир. Апам да аны жакшы көрчү. Ал басып келген жок.
Мүзүр Мамбетов:
– Кеп байлык, бийликте эмес. Көзүбүз, мурдубуз, кулагыбыз иштеп турса, бала-чака, жубайың жаныңда турса, ошол бакыт экен.
– Жакын арада кырсыкка учураганыңыздар белгилүү болгон. Ал иш эмне болду?
М.: – Ысык-Көлдөн Бишкекке келатканбыз. Боом капчыгайына жеткенибизде чоң КамАЗдын дөңгөлөгү жолдун ортосуна түшүп калганын көрдүк. Түн болуп калган эле. Унааны жээкке токтотуп, тиги дөңгөлөктү жылдыралы десек, ал такыр кыймылдабайт. Сол жакты карасак, эл ташыган автобус келатыптыр. Жанымда “Беш тапандагы” Ильяз бар болчу. Автобустун токтобой турганын байкап, Ильязга “Унаага отур. Жакындап калды, сүзөт” деп кыйкырдым. Унаанын ичинде кызым менен Гүлмира уктап жаткан. Автобус келип унаанын артын сүзүп токтогондо эле Ильяз биздин унааны айдап кетти. Унаа ордунда тура бергенде, элестетсеңиздер, эл ташыган чоң автобус жеңил унааны эмне кылмак? Биздин машинанын фарасы сынды, багаж ийилип, жабылбай калды. Алар кайра бизди күнөөлөп, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, сөгүп кетип калышты. Кайра жолго чыксак, алар бизди жолдон тосушту, ойлонушкан окшойт. Мен токтобой кетип калдым. Анткени Гүлмира ооруп бараткан. Шыр эле Кемин РИИБине кайрылып, арыз жаздык. Кийин баягы кыйкырып-өкүрүп кеткендер “сүйлөшсөк болобу?” деп калышыптыр. Биз алардын абалыбызды сурап койбой, сөгүнүп кетип калышкандарына нааразы болдук. Болбосо, арыз жазып чуркаган киши эмесмин. Алар бизге чыгымдарды төлөп беришти. Айдоочу “силерди сүзгөндөн көрө дөңгөлөктү сүзсөм болмок” деп коёт. Ал дөңгөлөк жылмак эмес, автобус аңтарылып калмак.
Г.: – Мен унаада уктап жатып Мүзүрдүн “Айда! Токтобойт. Айда, айда!” деген ачуу кыйкырыгын угуп чочуп ойгондум. Анан унаага Ильяз отуруп, айдады. Болбой эле “карс” деген үн чыгып, Мүзүрдүн үнү чыкпай калды. Мен Мүзүр аркада турса, аны унаага жармаштыра сүздү деп ойлодум. Эшикке чыксам, тиги киши Ильяз менен Мүзүрдү “Жолго токтобой айдап кете берсең болбойбу?” деп жемелеп жатыптыр. Мүзүр жолду тазалап коём дегени үчүн күнөөлүүбү? Аман калганыбызга шүгүр. Баары табылат. Жан, ден соолук табылбайт.
– Кырсыктан сактасын! Кайра шоу чөйрөгө кайталы. Ырчы Амир Аскаров менен кайым айтышыңыздарды көрдүм. Теңелбей койсоңуздар болбойт беле?
М.: – Амир кайсы бир берүүдө журналисттин “Кайсы топ жакпайт?” деген суроосуна “Кеңеш” тобу” деп жооп бериптир. Амирге жакпасам өзүмө келип айтса болмок, публикага айтпай.
Г.: – Видеону карасам, баланын отурушу башкача экен, керсейип. Биз бир акырдан жем жейбиз. Сахнада жүргөндөн кийин бири-бирибизди жамандабашыбыз керек. Акылдуу болсо, “мага жакпаган топ жок, баары жагат” деп жооп берип койбойт беле. Инстаграмда бири-бирибизге жооп берип жатып калдык. Андан “эжеке, берүүнүн форматы ушундай эле. Айтып алдым” деп түшүндүрөт го деп күттүм. Ал "элге айтып жооп бергендин кереги бар беле?" деп жатпайбы. Ал айтса боло береби? Ал биздин бакчага таш ыргытып жатат. Мен ал ташты алып кайра өзүнө ыргытып жатам. Мен ыргытсам жарашпайбы? Амирден биз кичүү болсок экен, унчукпай калып калгандай. Бирок аны менен уруша турган оюбуз жок. Мүзүр ал бала тууралуу угуп жүрүптүр. Менин убактым аз болгондуктан телевизор аз көрөм. Ошондуктан аны тааныбайт экенмин. Инстаграмдан карасам, катталуучусу аз эле бала экен. Ал жакта эң катталуучусу аз биз болсок керек деп ойлогом.
Бир күйөрман “постуңузду алып салыңызчы. Амир популярдуу болуп кетет. Сиздердин 100 катталуучуңуздар ага катталыптыр” деп күйүп алыптыр. “Коё тур, 10 миңге жеткирип көбөйтүп коёлу” десем, көбөйбөй койбодубу. Биздин күйөрмандар ага жазылбай койбодубу (күлүп).
Бизди эл сындап, таразалаганы жетет. Менимче, бул жигит сахнада кыйналып деле ырдаган эмес. 10 жылдан бери ырдайм дейт. Анда эмнеге тааныбайбыз? Ал бизди эле эмес, Дайыр Исмадияровду ырдай албайт деп сындайт экен. Дайырдын деңгээлине жетип алсын. Дайырдын клиптери, өзүн алып жүрүүсү, адамга болгон сый мамилеси, айтор, Дайырды жамандагандан көрө андан үлгү алсын. Биз үй-бүлөбүз менен Дайырды өтө жакшы көрөбүз.
– "Үй-бүлөбүздүн ынтымагын бузгусу келген кыз СМС жазып тынчыбызды алып жатат" деп чыктыңыздар эле. Жазбай калдыбы?
Г.: – Аялзаты өзүмчүл болобуз. Бул меники, меники гана болушу керек дейт экенбиз. Башында, балким, мен түшүнбөстүк кылчумун. Баш кошконубузга 17 жыл болду. Анын 10 жылы мен үчүн кызганычта өттү. 7 жылдан бери Мүзүрдүн кулак-мээси тынч (күлүп).
– Үй-бүлөңүздөрдө ынтымак болсун! Ишиңиздерге ийгилик!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg