(Башы өткөн сандарда)
Азыр же эч качан! Эч кимди көзгө илбей эле чачылган паспортторду улам ачып карай баштады. Мына өзүнүкү. Жапжаш, баёо кезинде түшкөн сүрөтү чапталып турат. Алды да, короонун каалгасын карады. Кудай жалгап ал жак дагы ачык экен. Эч бир буюм-тайымы тууралуу ойлонгон жок. Ачылуу турган каалгадан көчөгө атып чыкты да, чуркап жөнөдү. Чоочун өлкө, чоочун шаар, чоочун адамдар…
Лепилдеп чуркап баратат. Качан көчөдөгү адамдардын агымына аралашып кеткенде гана эсине келе түштү. Кутулду Асядан. Бирок эми кайда барат? Маанилүү эмес, башкысы, эркиндикте. Башкысы, эми башкага кул эмес!
ххх
Тентип эле жүрө берди. Тамак сатчу кыдыракей дүкөнчөлөр турган ичке көчөдө баратып капыстан тааныш үндү эшитти.
– Эй, кыз?- дайымкы кардары болуп жүргөн түрк улутундагы киши. Бир нерсени тамшанып жеп туруптур.
Аңдып келген го деп жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн. Кийин ойлоп көрсө, ошондо Асялар жашаган үйдөн анча деле алыс кеткен эмес экен. Шаар билбегендиктен эле айланып жүрө бериптир. Ушул тегеректин эле эркектери шынаарлашат окшобойбу Асянын жоболоңдуу үйүн.
– Сиз эмне?.. Мени көрдүм деп айтпаңыз Ася эжеге.
– Айтпайм. Эмне деп айтам? Качып чыктыңбы? Хе-хе…
– Ооба.
– Эми кайда барасың?
– Билбейм. Өмер мырза, мага жардам кылыңызчы! Карызга акча берип туруңузчу?
– Менде кайдагы акча! Түнөгөнгө да жер жок болсо керек, ээ?
– Ооба.
– Бүгүн анда меникинде бол!- тигил түрк киши кубана көз кысты. Башка айла барбы, эптеп баш паанек табыш үчүн түрк кишинин эрмегине айланды ал түнү.
ххх
– Сени башка сутенёр аялга алып барам!- деди Өмер эртеси түш оой.
– Жок-жок…
–Сен коркпо! Ал дагы кыргыз аял. Бирок Асядай жинди эмес. Ал кыздарын туристтерге сатат. Мен аларга дайымкы кардар болуп бүткөм. Аты
Гуля. Ошого барып иште. Мен сени бүгүн үйдө кондура албайм!
Айласы кете түштү. Көнбөскө арга барбы?!
ххх
Гуля эжесинин колуна ошентип түшкөн. Чын эле тигил түрк айткандай, бул башкача аял экен.
– Кардарды сыйлаш керек! Жакшынакай болуп боёнуп, жакшы кийим кий! Бул акчаны ал, 200 доллар. Иштегенде кайтарып бересиң?- деген болчу Гуля.
– Жо-ок, эже, акча албайм! Карыз кылып салат экен кайра! Паспортумду да бере албайм сизге.
– Апей, мага паспортуңдун кереги жок! Коркпо, мен Асядай эмесмин. Ал шүмшүк, адам деле эмес да. Канча кыздын убалына калды. Бул жакта иштегендердин баары эле Асяны билишет. Эми Кыргызстан болбогон соң унчуга да алышпайт. А биз экөөбүз ээн-эркин адамдарбыз. Мен туристтер менен сүйлөшөм. Аларда болсо акча көп. Мен кардар таап берем. Андан түшкөн пайданын бир бөлүгүн мага бересиң. А эгер өзүң эле кардар таап алсаң, анда сенден эч нерсе талашпайм. Көп кыздар менен иштешкен кишимин мен. Кийин сураарсың. "Кыздарын Гуля эжедей караган киши жок" деп баары айтышат. Андыктан коркпо, алтыным.
ххх
Бир жума бою үйдөн чыкпай соолуп жатты. Качан өзүнө келгенде гана баягы сойкулук жолун улантты.
Чынында туристтерде акча көп экен. Көңүлүн жакшылап алып койсо, кошумча да төлөп беришет. Шайыр кайрадан акча кармап калганына эле ыраазы. Заматта эле көп акча тапса болчудай экен бул жактан. Башка жумуштарда кандай айлык акы беришерине кызыкпаптыр. Денесин сатканга биротоло көнүп калган учур эле.
Сойку болуп иштеп Гулянын жанында жүргөнүнө бир топ убакыт болгондон кийин Кыргызстанга бир барып келүүнү чечти. Ал эмнегедир ошондо айылына барып өзүн көргөзгүсү келген. Ооба, бул баягы зордукталып, анан чүнчүп кеткен Шайыр! Эми болсо Түркияда жакшы иштеп бутуна туруп баштаптыр деген сындуу сөздөрдү уккусу келген. Анын бул жакта сойку болуп иштээрин ким билип коймок эле?!
Ата-энесине, бир туугандарына ар түрдүү кийим алып, айылына барууну чечкен. Акчасы да чогулуптур. Ошондо колунда 5 миң долларга чукул акча бар эле. Оо, мындай акча менен Кыргызстанда жарым жыл сонун жашаганга болот. Балким, атасына машина алып береттир. Катуу кыялданчу ал кезде!
Кыргызстанга барбай эле койгондо эмне? Балким, ошондо атасы бардык чындыкты билбей калмак. Ушул ой мээсин дайым жейт. Барбай койгондо, балким, атасы экөөнүн мамилеси мурункудай ынак бойдон калмак. Бирок чындык эртели кеч ачыкка чыгат тура.
ххх
Айылдын баарына "менин кызым Түркияда килейген мейманкананы жетектейт" деп мактанып жүргөн атасы. Кыз отелдин администраторумун деп алдаган аны. Бир эсе кызынын өткөндү унутуп башка жумушка алаксып кеткенине кубанып алган эле. Шайырдан мынчалык катуу сокку алам деп күтпөгөн экен.
Капыстан билип калбадыбы баарын. Сырттан кирип келсе апасы Шайырды зекип жатыптыр. Анын сырттан келгенин байкабай калышкан экен.
– Баягы байкуш баланы өлтүрбөй эле койгонуңда эмне?! Азыр атаң экөөбүзгө эрмек болмок экен. Күн сайын ошону ойлойм. Кудайдан жалбарып кечирим сурайм, кылыгыбыз үчүн! А сен биротоло таш боор болуп бүткөн көрүнөсүң. Ушундай жалаңкыч тарбиялаган экенмин го деп жакамды карманам.
– Болдучу, апа! Ал баары бир жашамак эмес! Өлтүрүп салганым эле туура болгон.
– Эмне дейсиң?- атасынын үнүн укканда Шайырдын денеси муздай түштү!
– Эч нерсе, ата!
– Сен эмне, өз балаңды өзүң өлтүрдүң беле?! Сенби? Эй, Шайыр!
– Ата, андай болгон эмес!
– Акмак кыз, кантип колуң барды ошого! Кантип? Сен адам өлтүргүч турбайсыңбы? Ал байкуштун күнөөсү эмне эле?- атасынын ээги титиреп, көзүнөн жаш акты. Анан алайып туруп калган Шайырдын жанындагы апасына бакырды.
– Жашырыптырсың да, ээ? Эмнеге айтпадың ошондо? Көргө мына муну көммөкпүз! Кантип болсун ушундай? Айбан да баласын өлтүрбөйт!
– Ата!
– Ата дебе мени! Акмак кыз, ата дебе! Менин сендей арам кызым жок! Болду, сен эми мага өлгөн адамсың! Сени кантип жийиркенбей карайм эми?! Кудай ай, эмнемден жаздым эле! Өз кызым неберемди өлтүргөн тура!
– Баары бир жашамак эмес ал.
– Эй, эмне ал сага малбы? Эй, ал адам да. Болгондо да сен жарыкка алып келген балаң! Сен анын энеси болуп туруп...Сүйлөбө эч нерсени! Сен эми мен үчүн жоксуң! Кечтим сендей баладан! Өз баласын өлтүргөн неме да адамбы?!
ххх
Ошол түнү Шайырдын атасы мас болуп келди. Сыртта күбүрөнүп сүйлөп Кудайга жалбарып эле ыйлап жатты. Кыз анын мындай жан оорусун сезе алган жок, түшүнө алган жок! Атасы жанагынча көңүлгө тийчү сөздөрдү эмнеге айтканына да толук башы жете элек болчу. Эми өлсө өлдү да. Араң жан дешпеди беле доктурлар деле! Мээсинин бир бурчунда ушул ой лукулдап согуп жаткан. Жасаган күнөөсүн сезе албай турган болуп калган өңдөнөт.
– Айбан да баласын өлтүрбөйт! А бул адам болуп туруп… Акмак кыз! Акмак кыз!- атасы сыздай берди. Ошол күбүрөнгөн калыбында шайы ооп эшикте уктап калыптыр.
ххх
Эртеси күнү турду да, куду Шайыр таптакыр жок сыяктуу мамиле кылып баштады. Ал тарапты карабайт, ага сүйлөбөйт.
Кызынан түңүлүп калыптыр заматта. Шайыр болсо атасы ушинтип бир аз кыялын көрсөтүп, анан адатынча жибийт деп ойлоду. Жоош, момун киши атасы. Бир-эки көңүлүн алып койсо эле, кызым деп үйрүлүп түшөрү анык.
Ошол күнү атайын бапестеп тамак жасады. Атасы беш бармакты жакшы көрчү. Атайын жаш козунун этин сатып келип, кечке чейин бир топ күйпөлөктөдү.
Таң эрте мектепке жумушуна кеткен атасы кечинде адаттагыдай кабагын үңүрөйтүп кайтып келди. Кызынын жанагы кылыгын уккандан бери ал жадакалса жылмайганды да унутуп салгандай. Үшкүрүнүп эле жүрөт.
– Ата, тамак ичиңиз?- сыртта батып бараткан күндү шыкаалап тиктеп, ойлуу отурган атасына кайрылды Шайыр. Үн катпады атасы.
– Ата.
Атасы күндү караганды токтотту да, анан башын жерге сала «кечире көр, Кудай! Кечире көр…» деп күбүрөндү.
– Ата, болдучу эми. Жүрөктү эзмей болдуңуз. Ал жанагы айбандын каны эмес беле? Өз балаң болгон мен тирүүмүн го. Мага мынча кайгырган эмес элең, мен азап тартканда…- таарына түштү Шайыр.
– Сен тирүү эмессиң! Тирүү болсоң да, сен эми менин кызым эмессиң! Өз балаңа сен кандай мамиле кылган болсоң, мен сага дал ошондой мамиле кылам. Сен мен үчүн өлдүң! Эмне болсоң, ошол бол!..
(Уландысы кийинки санда)