Футбол боюнча 16 жашка чейинки улуттук курама команданын капитаны Ырыскелди Тыныбеков Англиянын "Brooke house College" футбол академиясына ийгиликтүү өттү, эми күздөн тарта окуп баштайт. Футболдун мекени Англияда тарбия алууга мүмкүнчүлүк алган алгачкы кыргыз футболчусу тууралуу алдыда сөз улайбыз.
ЫРЫСКЕЛДИ ТЫНЫБЕКОВ
Эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаш футболчу Ырыскелди Тыныбеков Англиянын футбол академиясына окууга өттү. Аталган футбол академиясы Лестер аймагындагы Маркет-Харборо шаарында жайгашкан. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы, Англиядагы юридикалык компаниянын өкүлү, юрист Жоомарт Жолдошев, Улуу Британиянын Екатеринбургдагы генералдык консулу, Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчисинин орун басары Ричард Дьюэллдин эмгеги чоң.
Ырыскелди Тыныбеков 2004-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган. Бишкектин "Илбирс" командасынын тарбиялануучусу. 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Орусия-Хорватия беттешинде стадионго топту алып чыккан. Англияны багындырам деп билек түрүнүп турган жаш футболчу.
– Салам, Ырыскелди. Маегибизди футбол ааламына жасаган алгачкы кадамдарыңдан баштасак...
– Менин таятам күрөш боюнча мыкты ийгиликтерге жеткен балбан болчу. Ошондон улам мени күрөшкө даярдоо максатында, ийилчээк болсун деп спорттук гимнастикага беришкен. Кийин футбол ийримине бардым. Футбол менен машыгып жүрүп көптөгөн мелдештерге катыштым. Командам менен ийгилик жарата баштаганда футболду сүйүп калдым. Ошондон тарта бул оюнсуз жашоомду элестете албай турган болдум. – Футбол талаасында кайсы позицияда ойногон жагат?
– Биринчи футболго келгенде машыктыруучум Нурлан Букуев сол канатта ойногон коргоочу кылган. Кийин чабуулчу болуп да ойнодум. Бирок азыр жарым коргоочунун милдетин аткарган жагат.
– 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында, Орусия-Хорватия беттешинде талаага топ алып чыкканың эсибизде. Ошол кездеги сезимдериң менен бөлүшө кетсең?
– Дүйнөлүк жылдыздар менен чогуу талаага чыгып, алар менен бир катарда турганымда абдан толкундангам. Хорватиянын оюнчулары Лука Модрич, Иван
Ракитич, Орусия курамасынын капитаны Игорь Акинфеевди жанынан көрдүм. Модрич менен учураштым, бирок сүрөткө түшкөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды.
– Ошол мундиалда кимге күйөрмандык кылдың эле?
– Мен Орусияны колдогом. Себеби бул мелдеш Орусияда өтүп жаткандан кийин жергиликтүү күйөрмандардын көңүлү көтөрүлсө экен деп ойлогом. – Кайсы футболчуну сыйлап, кумир тутасың?
– Мага Мухаммед Саллах жагат. Мен анын жөнөкөйлүгүн жана динди бекем сактагандыгын баалайм. Учурдун мыкты футболчулары Роналду менен Мессини да сыйлайм. Месси абдан таланттуу оюнчу. Бирок дүйнөдө оюнчулардын эч кимиси Роналдудай иштебейт. Роналду абдан тырышчаактыгы, эмгекчилдиги менен айырмаланат.
– Англиянын футбол академиясында окуп калам деген кыялдарың бар беле?
– Андай ой деле жок болчу. Кыргыз футболчулары Түркияга көп барганынан улам ошол жакта ойноп каламбы деп кыялданчумун. 2017-жылы Англиядан 2 машыктыруучу Бишкекке келип мастер-класс өтүп кетишкен. Ошондо алар мыкты 3 оюнчуну тандашкан, катарында мен да болгом. Алар мага “Англияга окуп, машыкканга сенде мүмкүнчүлүк бар” деп айтышкан. Ошондон улам Англияда окусам деп максат коюп, апам мага англис тилин жакшылап үйрөтүп баштаган.
Юрист Жоомарт Жолдошев агамдын жардамы менен 2018-жылы кышында Англияга бардык. Биз барганда, тилекке каршы, ал жакта кышкы каникул башталып, биз жетишпей калдык. Бактыга жараша, Кыргызстанга келген эки машыктыруучунун бири Мики Адамс "Brooke house College" академиясынын техникалык директору болуп чыкты. Ал мени мурда көргөндүктөн академияга кабыл алды.
– Сентябрдан баштап Англияда окуп баштайсың. Эмнелерди күтүп жатасың?
– Мен бул мүмкүнчүлүктү колдонушум керек. Тынымсыз машыгуунун, аракеттин натыйжасында бир жылдын ичинде мыктылыгымды көргөзсөм, ошол академияны аягына чейин бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк алам. Андан соң ийгилик жылмайса, профессионалдык келишим түзгөнгө да жол ачылат.
– Кыргыз курамасынын оюндарын көрүп турасыңбы, кыргыз футболчуларынан кимисинин оюну жагат?
– Улуттук курамабыз “Спартак” стадионунда ойноп калганда ар дайым үй-бүлөм менен барып ар бир оюнун калтырбай көрүп, колдойбуз. Курама командабыз Азия Кубогунда өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүп, өжөрлүгү, мекенчилдиги менен ийгилик жарата алышты. Команданын ичинен лидерлик сапаты менен айырмаланган Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жагат. Менин позициямда ойногондордун арасынан Фархат Мусабековдун оюнун баалайм.
– Футболго жаңы кадам таштап жаткан 6-7 жаштагы оюнчуларга кандай кеңеш бересиң?
– Машыгууларды калтырбай, машыктыруучунун айткандарын угуп, дисциплинаны сактап, туура тамактаныш керек. Эң негизгиси максат коюп, ага жетүү үчүн бүт аракетиңди жумшоо зарыл. Кыскасы, максатың менен каалооң күч болсо ийгилик жылмаят деп ойлойм.
– 26-июлда Тажикстанда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында Борбор Азия чемпиондугу башталат. Бул мелдешке канча убакыт даярдандыңар жана кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыңар?
– Мелдешке экинчи ирет барып жатабыз. Былтыр да катышып келгенбиз. Бул мелдешке жалпысынан бир жумадан ашык даярдык көрдүк. Тажикстанга күчтүү делген Иран, Өзбекстандын да курамалары келет. Биздин максат – мыкты оюн көргөзүп, лидерлердин катарына кошулуу.
– Маегиңе рахмат, Ырыскелди! Келечекте сени Англиянын алдыңкы командаларынын курамынан көрөбүз деп ишенебиз. “БАЛАМДЫ БАЛБАН КЫЛАМ ДЕП ЖҮРГӨМ”
Баласынын ийгилигине кубанып жаткан атасы Улукбек Абдылдаевди да кепке тарттык.
– Мен кичинекей кезимде күрөш менен машыкчумун. Ошондон улам баламды күрөшкө берейин деген ой-максаттарым болгон. Алгач 3 жашынан 6 жашына чейин спорттук гимнастикага барды. 2 жыл сууда сүзүү менен машыкты. Андан соң күрөшкө алып бардым. Машыктыруучулар “балаңдын бою кичинекей экен бир аз күтө тур, ага чейин футболго берсең болот” деп айтышкан.
Баламды футболчу кылам деген максат жок эле апасы аны футбол ийримине алып барды. Бир жыл ичинде өзүнүн курагындагы футболчулардын ичинен жылдын мыкты футболчусу деген наамды алды. Өзүнүн кызыгуусу да күч болгондуктан футболдо калып калды.
2015-жылы Түркияга мелдешке барды. Ал жерден баламдын оюнун жергиликтүү “Алтын-Асыр” футбол академиясынын скауту жактырып, визиткасын берип “ата-энеңе айт, биз сени академиябызга алабыз” дептир. Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин ал скаутка чалып сүйлөштүк. Алар “балаңды алып кел, биз бекер окутабыз” деп, өздөрүнүн талаптарын почтага жөнөттү. Алардын ичинде ата-энеси дагы баласы менен кошо Түркияда жашашы керек деген талап бар экен. Анан биздин туугандар, иштер бул жакта болгондуктан бардык ишибизди таштап кете албай калдык. Бирок кийин бара берсек болмок деп өзүм өкүнүп калдым. Себеби алар "балдарыңды окууга киргизебиз, жубайың экөөңөргө жумуш таап беребиз" деп убадалашкан болчу.
2018-жылдын декабрь айында юрист Жоомарт Жолдошев баламды Англияга алып барды. Ушул жылдын февраль айында балаңар кабыл алынды деген жооп келди. Бирок каражат маселесин төлөй аласыңарбы деген суроо салышты. Биз төлөй албасыбызды билдирдик. Себеби аябай чоң каражат эле. Ошондо Жоомарт Жолдошев төлөй албасыңарды кагаз жүзүндө көргөзөлү деп документтерди чогултуп, кайра аларга барды. Андан кийин академия баламды 100 пайыз бекер окутарын кабарлады.
ТАЛАНТЫ ЖАНА АРАКЕТИ БАР ОЮНЧУЛАРГА АНГЛИЯГА ЖОЛ АЧЫК
Ырыскелдинин Англиядагы футбол академиясына өтүшүнө жардамын көргөзгөн юрист Жоомарт Жолдошев жаш футболчулардын чет өлкөдө тарбияланышы реалдуу нерсе дейт.
– Мен футболго абдан кызыкканымдан эмнеге кыргыздын балдары Англиянын футбол академияларында окушпайт деп өзүмө суроо салчумун. Көрсө, жаш футболчулар, алардын ата-энелери мындай болушу мүмкүн деп элестете алышпайт экен. Англияга барып окуу реалдуу экенин Ырыскелди аркылуу жалпы элге билдиргим келди. Азыр дагы эки баланы Англияга окууга жиберүүгө даярдап жатам. Келечекте Футбол федерациясы менен Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда байланышты түзүп, жыл сайын 10-20дай баланы Англияга окууга жөнөтүп турсак деп ниет кылуудамын. Таланты бар, максаты күч балдар болсо жардам берүүгө даярмын.
Бир гана Англияга эмес, Испания, Италия, Голландиянын мыкты футбол академияларына балдарды жөнөтүп мүмкүнчүлүк түзүп берсек да болот.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg