САМАРА КАРИМОВА КЕЛИНДҮҮ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова келиндүү болду. Анын ырчылык менен алектенип жүргөн иниси Сагынбек Каримов 20-июль күнү сүйлөшкөн кызына баш кошту. Жагымдуу жаңылык тууралуу ырчы Самара Каримова буларды айтып берди: "Сагынбек биздин үй-бүлөнү күттүрүп келген көкүрөк күчүгүбүз. Анын үйлөнүп, үйгө келин алып келгенин ата-энем көптөн бери күтүп жүргөн. Атам сыркоолоп жүргөндүктөн Сагынбекти эрте үйлөн деп кеңеш берчү. Инимдин Азиза аттуу сүйлөшкөн кызы бар экен. Куда, кудагыйлар жолугуп, сүйлөшүп, каада-салт менен Азизаны келин кылып алдык. Эң негизгиси, келинибиз акжолтой, кайрымдуу, эл мактаган, көп балалуу бүлө болсун. Азиза Баткендин кулуну болот. 20 жашта, кесиби боюнча мугалим. Ал эми иним Сагынбек 21 жашта, музыкант. Экөө тең Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алышат. Кудайым буюрса, 30-июлда Лейлектеги тойканалардын биринде үлпөт той өткөрөбүз. Туугандарыбыздын көбү, атамдын жана инимдин достору, катыштарынын көбү Ошто, Бишкекте болгондуктан, 21-августта Ошто, 26-августта Бишкек шаарында да той өткөрөлү деп жатабыз".

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Kalemkash
2019-07-29 09:24:45
Копкончулук
+1
karona12
2019-07-29 10:48:25
Максаты артистерди чакырып кошумча жыйноо)).
+5
jaskaaa
2019-07-29 18:27:27
3 той өткөрүү салт болуп бараткандай!
+4
Kyrgyzka2019
2019-07-31 11:20:31
Азиза Баткендин кулуну болот дейби кыз киши кулуну деп айтылбайт алтындарым
+4
Skarlett-Skarlett
2019-08-01 14:41:33
Kyrgyzka2019,Туура айтасыз,Баткендин периси же сулуусу деш керек
+1
Asking-
2019-08-04 18:20:14
Кафе, ресторандагы тойлордон тажады эл. Ырчылар эми конулун кыйбай уч тойго барышат.
0
№ 873, 25-31 июль, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан