Кыргыз жерине расмий сапар менен чет өлкөдөн сыйлуу коноктор келгенде милиция кызматкерлерине түйшүк жаралат. Алар кортежди күтүп, көчөдө күндүн ысык-суугуна карабай бир орундан жылбай турушканын көрүп жүрөбүз. Ушул жагдайды баса белгилеп Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты.
Интернетке Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин атынан жазылды делген каттын сүрөтү тарады. Катта президент Жээнбеков МАИ кызматын пайдалануудан баш тартты деп айтылганы менен, милиция аны "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин кайтарууну дале улантып жатканы айтылат. Ошондой эле премьер-министрди, Жогорку Кеңештин төрагасын, Жогорку Соттун төрайымын да ИИМ кызматкерлери коштоп жүрөрү жазылат.
"Биз көчөдө тамак-аш, суубуз жок 5-6 сааттап турабыз. Негизгиси сиздин көзүңүзгө көрүнбөшүбүз керек. Курчоого алууга расмий уруксат жок болгондуктан, биз жумушта же жумушта эмес экенибиз белгисиз. Анын үстүнө кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча негизги милдеттерибиз экинчи планга калып калууда",- деп жазылат катта.
Кайрылууда бул ишмердүүлүктү расмий ишке ашырууга шарт түзүп же таптакыр алып салуу суранычы айтылды.
Чүй облусундагы милиция кызматкерлеринин даттануусу боюнча, кызматтык иликтөө башталганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Кызматтык иликтөөдө кайрылууда айтылган маселе жөнгө салынабы же көйгөйдү чечүүнү өтүнгөнү үчүн кызматкерлер жаза тартышабы, азырынча белгисиз.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg