БИР БҮРКҮМ. ЖУМУШСУЗДАРДЫН САНЫ 27 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ...
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети Бишкек мамлекеттик университети болуп өзгөрдү.
Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров кызматтан бошотулуп, ордуна Кабыл Абдалиев дайындалды.
Элдар Абакиров экономика министринин орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Султан Ахматов дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков марафондо Босфор кысыгын сүзүп өттү.
Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин саны былтыркыдан 600 миңге көп болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
Кыргыздын куралдуу күчтөрүнүн командасы эл аралык аскер оюндарынын алкагында өтүүчү "Коопсуз маршрут – 2019" сынагына катышат. Сынак 5-августтан 12-августка чейин Орусиянын Тюмень шаарында өтөт.
Дамир Алыбаев ИИМдин Ички аскердик штабынын башчысы болуп дайындалды.
Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу комитети түзүлдү.
Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын июнь айында 82,7 миң адамды түздү. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27 пайызга көп.
Жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милиция кызматына кадр тандоодо ИИМдин 61 кызматкери сынактан өтпөй калды.
Кыргыз өлкөсү Мамлекеттик тарых музейин оңдогон германиялык компанияга 225 миң евро карыз. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Сентябрь айынан тарта маданият тармагында иштеген мугалимдердин айлыгы көбөйөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.