YELLA: “ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТААНЫШТЫРДЫ”

Ырчы YELLA (Назгүл Токтакунова) өткөн аптада ак жоолук салынды. Ырчы жолдошу менен 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн, эки жашты чыгармачылык тааныштырганын айтат.

“Жолдошумдун аты Кубаныч, Кант шаарынан болот. Үй-бүлөнүн жалгыз баласы. Экөөбүз 2 жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Былтыр ТНТ телеканалында “Резидент ТНТ music» долбоорунун жеңүүчүсү болбодум беле. Андагы “Убить дебила" деген ырды жолдошум Кубаныч жазып берген. Кыскача тааныштырып кетсем, жолдошум ыр жазат, чыгармачылыкта чогуу иштешип жүрүп эле жакын болуп кеткенбиз. Казакстан, Беларусь өлкөлөрүндөгү музыканттар менен иштешет. Өзү рэп окуйт, жакын арада чогуу Кыргыз өлкөсүндө анын чыгармачылыгын баштайбыз. Буга чейин экөөбүз дуэт жаздырып даярдап жүргөнбүз, бирок жарыялай элек болчубуз. Буюрса, эми чогуу бир багытта иш алып барабыз. Баш кошуубуз чынында күтүүсүз болду. Экөөбүз баш кошууну бул күндөргө пландаган эмеспиз. Мен Москвага чыгармачылыгыма байланыштуу иштеп келейин деп жаткам. Мени чет өлкөгө жибергиси келбеди окшойт, ала качып кетти. Мени дагы, туугандарын дагы таң калтырды. Жолдошумдун үй-бүлөсү аябай жакшы кабыл алышты”,- дейт ал.

Биз өз кезегинде таланттуу жаштарга бакыт жана чыгармачылыкта ийгиликтерди каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aimani
2019-08-05 11:34:09
Бактылуу болгула! Келишимдүү түгөйлөр экенсинер.
+10
Murok
2019-08-05 16:03:04
красавчик го куйоосу , бактылуу болгула
+5
tattusha
2019-08-06 09:49:52
бактылуу бол крассавица
+3
anandi
2019-08-06 15:50:58
Айбек Замирбек уулу менен канча жылдан бери эле кыз жигит эле го ал не болду
+2
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан