ЫРЧЫ ДАНИЕЛЬ САХНАГА КАЙТАТ

Кара каш, кара көз ырчы жигит Даниель чыгармачылыктан алыстап, бир нече жылдан бери эл көзүнөн оолак жүрөт. Социалдык тармактардан да баракчалары өчүрүлгөн. Өткөн жумада Даниель ырчылыкка кайтып келерин жарыялады.

"Кудай буюрса, чыгармачылыгымды улантайын деп турам. Мен 5 жыл бою ырдабай, сахнадан көрүнбөй кеттим. Бирок мени уга турган, күтүп жүргөн күйөрмандарым бар болсо керек",- дейт ал.

Көп убакыт өтпөй эле Даниелдин Инстаграмдагы жеке баракчасы ачылып, ага катталган күйөрмандарынын саны күн санап өсө баштады. Биз менеджери Алик аттуу жигит менен байланышып, ырчынын кабарын уктук. “Даниель жакын арада чоң жаңылыгы менен сахнага кайтат. Учурда долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Даяр болгонубузда сиздерге кабар беребиз” дейт ал.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Murok
2019-08-05 16:24:13
бул балага жакшы продюсер керек, осо турган бала кээ бироого караганда
+2
Klaridze
2019-08-06 18:54:36
Ийгилик!
+1
serikaya
2019-08-16 12:40:17
Жакшы жанылык, кайтсын. Мындай таланттуу , ундуу ырчыларга сахна суусап турган кези. Сахнанын жылдыздары мына ушундай бир кезде укмуш жанып корунбой калган жылдыздар, куйормандарына жакшы жанылык болуптур. Ийгилик Даниель!
0
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан