АКТЁР КУБАНЫЧ КУРМАНБЕКОВ УУЛДУУ БОЛДУ

Кыргыздын саны дагы бир баатырга көбөйүп актёр Кубанычбек Курманбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. 30-июлда актёрдун жубайы Замира уул төрөдү. Бул жубайлардын экинчи уулу.

“Жубайым 30-июль күнү борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Уулумдун салмагы 3 килограмм 650 грамм, бою 53 сантиметр болуп төрөлдү. Наристебизге ысым тандай элекпиз”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Кубанычбек Курманбеков Замира аттуу бийкечке үйлөнүп, түгөйлөр уулдуу болушкан. Актёр "До+Фа", "Браво", "Пентхаус", "Бир мүшөк акча", "Понт" жана башка тасмалардагы ролу менен белгилүү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aizikou-asanova
2019-08-05 11:38:10
Омуру менен берген болсун!!!
+4
Aranida
2019-08-06 00:26:20
Бактылуу, ыймандуу өмүрлүү болсун
+1
Isikkolumkeremet
2019-08-06 22:51:54
Оорубай аман эсен тынып алгыла
0
№ 874, 1-7-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан