КОЙ (21.03-20.04)
Өзүңүздүн жакшы жагыңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жогору. Бул кадамыңыз сизге жакшы мамиле, карьералык өсүш, кадыр-барк алып келмекчи. Пикир келишпестиктер жаралса сабырдуу болуп ачууңузду ооздуктай билиңиз. Үй-бүлөлүк мамиледе маселе жаралбасын десеңиз сырттагы окуянын баарын үйгө ташып келүүнүн кажети жок.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрым букачарларда түпөйүлгө сала турган көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Эмоцияга алдырбаңыз, жумушуңузга, жакындарыңыз менен болгон мамилеге залакасын тийгизбей койбойт. Анткен менен маселеңиз туугандардын жардамы менен жолго салынып кубанасыз. Жаңы иштерди баштап күчүңүздү сынай турган учур келди.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада жагымдуу окуя орун алышы күтүлүүдө. Ири суммадагы каражат же жолдомо утуп алып сүйүнүчкө чөмүлөсүз. Жаңы башталган ишиңизге байланыштуу сүйлөшүүлөр натыйжа берет. Маданий иш-чарага чакыруу аласыз. Жолдо жүрүүдө этият болуңуз. Бирөөгө карыз берүүдөн качыңыз, ала албай убара тартышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөр сиз ойлогондой өтөт.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта пайдалуу жолугушууларга бай болот. Маалымат менен бөлүшүүдө абайлаңыз, өзүңүзгө каршы иштеши мүмкүн. Колуңузга акча тийиши ыктымал. Канчалык активдүү болсоңуз колго тийчү акчанын суммасы ошончолук чоң болот. Жакындарыңызга жумушуңуздагы көйгөйлөрдү таңуулай берүүдөн качыңыз.АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Достор, айрым кызматтык өнөктөштөр менен жакшы иш алып баруу алдында турасыз. Жаңы ыкмаларды колдонууга убакыт келди. Жумуштагы ийгилик, үйдөгү тынчтык сизге кошумча дем берет. Акча тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Бирок кайгыруу кажет эмес. Эски аласаңыз колуңузга тиймекчи.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Күнүмдүк жумуштан тышкары кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Билимиңиз, жөндөмүңүз буга жардамга келет. Башталган ишке олуттуу мамиле кылып, убагында бүтүргөнүңүз сизге болгон ишеничти өстүрөт. Жеке жашооңузду өз нугуна койгонуңуз оң. Үй-бүлөдө сизден бир гана сабырдуулук керек.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада акча алып келе турган жаңы булактардын аркасы менен жеке бюджетиңизди өстүрүүгө шарт түзүлөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга кам көргөнүңүз ашыктык кылбайт. Маанилүү, ыкчам чечимдерди кабыл алышыңыз ыктымал. Жакын чөйрөдөгү адамдар менен көңүл көтөрө турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Активдүүлүктүн арты менен ийгиликтерди жаратасыз. Тобокелдикке баруудан коркпоңуз, себеби жыйынтыгы сиз ойлогондон да мыкты болмокчу. Аракеттин артында берекети болорун унутпаңыз. Жакындарыңыз сиздин көмөгүңүзгө муктаж болушу ыктымал. Кол сунганыңыз жөндүү. Алыска жолго чыгышыңыз мүмкүн.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көптөн бери жолуга элек тууганыңызга же досуңузга кезигип, чер жазыша сүйлөшүүңүз күтүлүүдө. Бирөөгө кеңеш берип жардам кылуу тууралуу унутуңуз. Жакшысы, башкалардын ишине кийлигишпеңиз. Жаачыларга билимин өнүктүрүүгө жол ачылат. Бизнес жаатындагыларга ийгилик жылмаят. Албетте, аракетиңизден көз каранды.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сизди апта ичи кыска мөөнөттүү сапар күтөт. Жакшы кабар угасыз. Адамдар менен болгон мамилелер жакшырат. Кадыр-барктуу кызмат адамдарынын колдоосуна ээ болосуз. Учурдан пайдаланып көп жумуштарды бүтүрүп калууга аракет жасаңыз. Көптөн бери бүтпөй келе жаткан документ иши оң жагына чечилүү алдында турат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Суу куярлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылат. Көптөгөн мекемелер менен кызматташууга жол ачылат. Окууда, иште, айтор, жашооңузда ийгиликтер орун алып кубанасыз. Жаңы долбоорлордун ишке ашуусунда каржылык муктаждык жаралышы мүмкүн. Зарыл учурларда достордун жардамына таяна коюуну да унутта калтырбаңыз.
Учурдагы аракетиңиз жакшы натыйжа берип, жакшы кирешеге ээ болуп кубанасыз. Жаңы идеялар менен иштеп, ишиңизди өнүктүрүүгө жол издөөнүн үстүндө болосуз. Ашыкча кызганычтан оолак болуп, сүйүктүүңүзгө ишеним артканыңыз жакшы. Үй-бүлөдөгү, жеке маселелерди кесиптеш же досторго айтканды чектеңи.