(Башталышы өткөн сандарда)
Айдар биринчи жолу мектептин босогосун аттай турган болду. Чоң энеси пенсиясына ала келген чыкыйган ак көйнөк менен костюм деле анын көңүлүн көтөрө албай койду. Бут кийими да тар сыяктуу улам чечип салып басып кеткиси келет. Тизилген өзү теңдүү 1-класстын балдарына көз кырын салды. Көбүнесе ата-энеси менен келишкен экен. Чоң энеси ысыкта көп тура албагандыктан, көлөкөдө отура турайын деп кеткен. Жалгызсырап кетти. Көзүнө ирмеле калган жашты, тамагына тыгыла калган ызаны ары жутту. Көзүн жума жагымдуу нерсе эстегиси келди. Мурун апасынын колдорун эстечү. Бирок апасы кабар албай койбодубу. Кусалык бара-бара ызага айланып, апасын да көп эстегиси келбей калган. Аруукени эстеп кетти. Бакырайган көздөрү менен талпынып, аркасынан чуркап “абака” дегенин эстеди. Жылмайып жиберди.
– Эрнис уулу Айдар!
Эжекеси чакырганын да укпай калыптыр, жанындагы кошунасынын баласы чыканакка түрттү.
– Сени айтып жатат.
Эч нерсени түшүнбөй карап тура берди. Мектепке келгенин, мындан ары атасынын атын кошуп чакырарын ошондо билди. Чоң энеси буга чейин жазганды, окуганды, санаганды үйрөтүп койгон эле. Кээде кошунасынын өзүнөн улуу баласынын жанында отуруп аны менен сабак окуп калчу. Башка балдар эжелеп, кыйналып окуса шар окуп, эсепти шарт-шарт чыгарып берип жатып бир күнү эжекеси аны 2-класска өткөрө турган болду.
– Эрнис уулу Айдар 1-класстын программасын бүт билип алыптыр. Сабак ага эми эле кызыксыз болуп калды. 2-класска которолу,- деди ал директорго. Кандай чечилди ким билсин, Айдарды 2-класска котормой болушту. Классынын босогосун аттап киргенде эле эжекеси атасынын экинчи аялы Айгүл экенин байкап кетенчиктей берди.
– Жок, бул класста окубайм!
– Эмнеге?
– Өзүмдүн классымда эле окуйм,- деди ал Айгүлдөн көзүн албай.
Ал ыңгайсыз болуп кетти. Баары көндүргөнгө аракет кылды, бирок Айдардын айтканын бербеген өжөрлүгү бар эле, таптакыр көнбөдү. Апасын кетирип жиберип, атасына аял болгон бул аялдын классында өлсө да окубайт. Чоң энеси экөө келе жатышты. Тыпылдап жанында баскан небересин сөзгө тарта турган болдубу, чоң энеси акырын кеп баштады.
– Айдар, Айгүл эжеңдин классында окуй бербепсиң да, балам.
– ...
– Анда эмне күнөө, балам, ал да өз шорун тартып жүргөн бирөө да.
– Апам эми эч качан келбейби, эне?- деп жиберди Айдар.
– Та-аң, балам. Жашоодо мындай болот деп айта албайт экенсиң. Өтө баласаак болчу апаң. Бирок эмнеге кабары чыкпай калды билбейм, буга бир нерсе болдубу деп да ойлоп кетем. Өткөндө төркүн жагы да ал тууралуу эч нерсе билбейт экен деп уктум.
– Атам эмнеге издебейт, эне?
– Атаң...
Чоң энеси оор үшкүрдү. Айтарга жообу жок болчу.
ххх
– Аруукени силерге таштап турайын, апа, тааныш келиндин туулган күнү эле,- деди Айгүл бир күнү эшикти ачып. Кыш мезгили болчу. Чоң энесинин кашы жыйрыла түштү. Анткени Айгүлдүн көздөрү ойноктоп кызымтал эле.
– Кайсы тааныш келин?
– Сиз тааныбайсыз.
Теңселе түшкөн келин ичкенин билгизбегенге аракет кылып жатты. Кыраакы кайнене баарын билип жүргөн эле.
– Эрнис кайда?
– Мал базарга кетти. Торпок сатам деген.
– Анда эртең деле бар,- деди кайнене салмактуу. – Бүгүнкүң өзүңө деле жетиштүү сыяктуу,- деп кошумчалап койду. Айгүлгө ушу гана жетишпей турган болчу. Атырылып кетти.
– Сиз мени тескеп эмне кыласыз, биринчи балаңызды карап алыңыз. Жүргөн бир өлүмсүк. Же акча таппайт, же элдин эрлериндей жылуу сөз айтып койбойт. Ооз ачканча ыргыта чабат. Мен күң белем, жок дегенде теңтуштарым менен көңүл ача албаймынбы, ия? Иште, таяк же, баарына чыда. Бүгүн мектептен иштен бошодум. Арыз жаздым. Үйдө отуруп көрөйүн мен дагы, сиздин уулуңуз баксын.
Чоң эне сына түштү. Жалгыз уулу тууралуу жаман сөз дилине камчы болуп тийип жатты.
– Керек болсо сен баламдын уясын буздуң, сен тагдырын талкаладың. Асия менен жашаганда колунан да, оозунан да келген балам бар болчу.
– Ээ, билгениңерди кылып алгылачы,- деген келини Аруукени түртүп жиберип чыгып кетти. Аркасынан чоң энеси чыгып көпкө кер-мур айтышып жатышты. Сууктан эки бети албырып турган Арууке Айдарды карай салып жаркылдап күлүп жиберди. Сабагын окуп жаткан бала тура калып бөбөгүнүн кийимин чечип илип, алдына алып отурду.
– Абака, мен да жазайынбы?
– Сен кичинесиң, чоң болгондо сага жазганды өзүм үйрөтөм. Азыр кел сүрөт тарт.
Куду чоң кишидей альбомун чыгарып, түстүү карандаштарын алып Аруукени алаксыта баштады. Эртеси, анын эртеси да Аруукени алганга апасы келген жок. Чоң энеси айласы кеткенде өзү уулунукуна жөнөп калды.
Эрнис жалгыз экен. От да жагылбаптыр. Чоң энесинин жүрөгү шуу дей түштү.
– Эрнис, Айгүл кайда?
– Кетти.
– Кайда кетти?
– Иштеп келем деп кетти. Урушуп кеткенбиз, мектептен иштен бошойм деп арыз жазыптыр. Документтеринин баарын алып жок... Кетиптир.
– Ботом, эмнеге бир ооз айтпай кетти? Кызы эмне болот? Эмчектен эми араң чыккан баланы кантип багам?
Эрнис үн каткан жок. Туңгуюкту тиктеди. Ага азыр кызы да, уулу да, энеси да, дегеле дүйнө ордунан жылып кетсе да баары бир сыяктуу.
– Кыямат кайым келет деп коркута беришет го, апа. Көрсө, кыямат кайым келбейт окшойт. Ар бир адамдын өзүнүн кыямат кайымы болот окшойт.
– Эмне деп жатасың?
– Эч нерсе.
Жүрөгү титиреп кетти эненин. Алтынчы туюму менен жаман иш болгонун, аны өз уулу кылганын туюп турду. Андан аркысын сураганга да күчү жок болчу. Бооруна Аруукени кыса уулунун үйүнөн чыкты. Көз жашы куюлуп ээгинен агып келе жатты. Мектептен чыгып алып кар урушуп ойноп жүрүп келген Айдар босогону аттаары менен чоң энесинин ысык тамагы даяр болот деп келген.
– Эне, бүгүн мен “5” алдым,- деди кубанычтуу кыйкыра. Бирок чоң энеси мурункудай жалынып-жалбарып тосуп албады. Сустайып отуруптур.
– Эне?
– ...
– Эне, эмне болду, коркутпачы.
– Келдиңби, балам? Аруукеңди карачы. Жаным жер тартып турат, жата турайын.
– Аруукени жеткирем дебедиң беле?
– Апасы кетип калыптыр.
– Кайда?
– Чет өлкөгө, иштейм деп кетиптир.
Айдардын жүрөгүнө туңгуюк бир коркунуч кирди. “Эмне эле баары чет өлкөгө кете беришет? Эмне жетишпейт? Эмнеге балдарын ташташат? Мен чоңойгондо эч кимдин апасы чет өлкөгө иштеп келгени кетирбегендей бир нерсе ойлоп таппасамбы...”
Кийимдерин илип жатып да, тамак ичип жатып да, бөбөгүн ойнотуп жатып да Айдардын ойлогону ушул эле. Ошол боюнча чоң энеси ооруп калды. Эми бар түйшүк Айдардын моюнуна түштү. От жагып, суу ташып, азык-түлүк алып келип, чоң энесинин дарыларын алып келип, Аруукени карап, айтор, тынымы жок.
– Кагылайын, моюнуң эле калыптыр го,- деди бир күнү чоң энеси аяп карап.
– Эч нерсе эмес, сиз эле айыгып кетсеңиз болду.
– Акылдуу жигит болосуң. Айдар, сен чоңоюп калдың, балам. Мен... Жаман айтпай жакшы жок. Эгерде Арууке экөөң эле кала турган болсоңор, карындашыңды колуңдан чыгарба, балам. Сага менин аманатым ушул болсун. Атаң...
(Уландысы кийинки санда)