17-июль күнү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын башкы кеңсесинде "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын экинчи баскычына чүчү кулак ташталды. Анда Азиянын 40 курама командасы ФИФАнын рейтингине ылайык 5 корзинага бөлүндү. Кыргыз курама командасы 2-корзинада жайгашкан. Чүчү кулактын жыйынтыгында биздин улуттук курама команда F тайпасынан орун алып, Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия өлкөлөрү менен атаандашмакчы болду. Алдыда “Ак шумкарлардын” каршылаштары тууралуу жана Кыргыз курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолобуз.
КЫРГЫЗ КУРАМА КОМАНДАСЫ
Каймана аты – "Ак шумкарлар"
Дүйнө рейтингинде – 95-орун
Башкы машыктыруучусу – Александр Крестинин
Эң мыкты жетишкендиги – Азия Кубогунун жарым чейрек финалы (2019-жыл)ТАЙПАНЫН ФАВОРИТИ – ЯПОНИЯ
Каймана аты – “Көк самурайлар”
Дүйнө рейтингинде – 33-орун
Башкы машыктыруучусу – Хадзимэ Мориясу
Эң мыкты жетишкендиги – Азиянын 4 жолку чемпиону
Азиянын күчтүү сегиз командасы кирген биринчи корзинадан Кыргыз футболунун жетекчилери да, оюнчулары да жадакалса күйөрмандар да улуттук курамдын атаандашы катары Бириккен Араб Эмираттарын күткөн. Себеби БАЭ курамасы менен бүтпөй калган иштер бар экенин баарыбыз билсек керек. Бирок тагдыр ал ишти кийинкиге жылдырды. Ал эми күчтүү командалар топтолгон 1-корзинадан биздин тайпага Азиянын 4 жолку чемпиону Япония курамасы кошулду.
Бул команда алгачкы ирет 1998-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Ошол учурдан баштап ар бир мундиалды калтырбай катышып келет.
Буга чейин футбол талаасында көк самурайлар менен Кыргыз өлкөсү бир гана жолу кез келген. Бул оюн 2018-жылдын ноябрь айында Японияда болгон. Беттеш күтүлгөндөй эле 4:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктаган.
“Көк самурайлар” менен ойноо “Ак шумкарлар” үчүн чоң сыноо жана чоң тажрыйба болот. Япониянын курамында Европанын талааларында жылдызы жанган Синдзи Кагава, Юто Нагатомо сыяктуу тажрыйбалуу оюнчулар менен бирге Европаны багындырам деп чамынып турган жаш таланттар да бар. Ушул жайда 18 жаштагы япониялык Такефуса Кубо мадриддик “Реалдын” катарына кошулса, дагы бир япон оюнчусу Хироки Абе “Барселона” клубу менен келишим түздү. Демек, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Испаниянын дөө-шаа командаларынын футболчулары ойной турган күн алыс эмес.
14-ноябрь күнү “Көк самурайлар” Бишкек шаарына келет. Күздөгү аба ырайы жана стадиондун ал учурдагы абалы Кыргыз өлкөсүнө жардам берип, упай топтой аларыбызга ишеним бар.ТАЖИКСТАН МЕНЕН БОРБОР АЗИЯ ДЕРБИСИ
Каймана аты – “Перс арстандары”
Дүйнө рейтингинде – 119-орун
Башкы машыктыруучусу – Усман Ташев
Азия Кубогу менен Дүйнө чемпиондугуна катыша элек.
Тайпадагы негизги атаандаш Тажикстан курамасы. Перс арстандары менен биздин “Ак шумкарлар” 10 жолу беттешкен. Тилекке каршы, статистика боюнча жеңиштердин көпчүлүгү тажик туугандардын эсебинде. Тагыраагы, бул беттештерде Кыргыз өлкөсү 3 жолу жеңсе, 6 жолу тажиктер уткан, бир оюн тең чыгуу менен жыйынтыкталган.
2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында да бул эки команда бир тайпада болгон. Анда Кыргыз курамасы өз үйүндө 2:2 эсебинде тең чыкса, конокто тажиктерди 1:0 менен жеңип алган жайы бар.
Бул баскычтагы алгачкы оюн 5-сентябрда Тажикстанда конокто өтөт. Биринчи оюн дайыма оор келери талашсыз, а бул оюн конокто болгону дагы кыйынчылыкты күчөтөт. Ага карабастан бул беттеш көп нерсени чечерин эки тарап тең жакшы билет. Анткени дал ушул эки команда тайпада 2-орун үчүн күрөш жүргүзөрү түшүнүктүү. ТААНЫШ БОЛУП КАЛГАН МЬЯНМА
Каймана аты – “Ак периштелер”
Дүйнө рейтингинде – 135-орун
Башкы машыктыруучусу – Миодраг Радулович
Эң мыкты жетишкендиги – Азия Кубогунда 2-орун (1968-жыл)
Мьянма курамасы 1968-жылы Азия Кубогуна катышып, анда күмүш байгени жеңип алууга жетишкен. Бирок ошол ийгиликтен кийин бул курам Азия Кубогунун финалдык баскычына өтө албай келет.
Мьянма курамасы Азия Кубогу-2019 мелдешине тандап алуу оюндарында Кыргыз өлкөсү менен бир тайпада болгон.
Алгачкы оюн Бишкек шаарында орун алыш керек эле. Бирок, тилекке каршы, ал курамдын оюнчуларын Бишкектин стадионунан көрө алган эмеспиз. Себеби Мьянмадагы мусулмандарга байланыштуу кырдаалда коопсуздук маселесин эске алуу менен ал оюн болбой, белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Кийин ал беттеш Түштүк Кореяда өтүп, Кыргыз курамасы тарыхый жеңишке жетип, алгачкы жолу Азия Кубогуна жолдомо алган. Ал эми Мьянмада болгон беттеш 2:2 эсеп менен аяктаган. Ошондой эле 2014-жылы да бул эки команда кез келип, анда да ийгилик “Ак шумкарлар” тарапта болгон.
Учурда команданы черногориялык адис Миодраг Радулович жетектейт. Ал бул кызматка жакында эле 2019-жылдын апрелинде келди. Демек, жаңы машыктыруучу, жаңы тактика жана жаңы Мьянма командасы. Ошондуктан 6 упай топтош үчүн бул өлкө менен кыргыз футболчулары тер төгүп иштеши керек.ТАБЫШМАКТУУ АУТСАЙДЕР – МОНГОЛИЯ
Каймана аты – “Көк карышкырлар”
Дүйнө рейтингинде – 187-орунда
Башкы машыктыруучусу – Ханс Михаэль Вайсс
Азия Кубогу менен Дүйнө чемпиондугуна катыша элек.
Тайпанын аутсайдери делген Монголия курамасы өз тарыхында алгачкы ирет Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын 2-баскычына өттү. “Көк карышкырлар” өз үйүндөгү бардык оюндарын жасалма талаада ойношот.
Биздин курама буга чейин Монголия менен ойногон эмес. Ага карабастан “Ак шумкарлар” “Көк карышкырлардан” 6 упай алуулары керек. Эгер Монголиядан 6 упай топтой албасак Дүйнө чемпиондугу тууралуу максаттарды унутуу керек.
ИШЕНИМ МЕНЕН МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР... ФУТБОЛЧУЛАРГА ДЕМ-КҮЧ
Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын экинчи баскычынын жыйынтыгында тайпанын сегиз жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат. Албетте, тайпадан биринчи орунду алуу өтө татаал, дээрлик мүмкүн эмес. Бирок 2-орунду алууга эң жакшы мүмкүнчүлүк бар. Эгер биз аутсайдер командалардан упай жоготпосок, өз тайпасында 2-орун алган мыкты 4 командага кошулуп калууга мүмкүнчүлүк жогору.
Кыргыз өлкөсүнүн оюндарынын жүгүртмөсү:
2019-жыл
5-сентябрь: Тажикстан – Кыргыз Республикасы
10-октябрь: Кыргыз Республикасы – Мьянма
15-октябрь: Монголия – Кыргыз Республикасы
14-ноябрь: Кыргыз Республикасы – Япония
19 ноябрь: Кыргыз Республикасы – Тажикстан
2020-жылы
31-март: Мьянма – Кыргыз Республикасы
4-июнь: Кыргыз Республикасы – Монголия
9-июнь: Япония – Кыргыз Республикасы
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg