26-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик чегинде, Ак-Сай менен Ворух айылынын чектешкен жеринде жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары менен сүйлөшүштү. Андан соң жолугушуу Исфара шаарында улантылды. 27-июлда эки тараптуу сүйлөшүү Чолпон-Ата шаарында дагы өтүп, анда кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.
Эске салсак, 22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Бул чырдын натыйжасында 10дон ашык адам жаракат алган.
Ушул жылдын 3-мартында да чек ара аймагында чыр чыккан. Анда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда жаңжал орун алган. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьеринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Саясатчы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатканын сындап чыккан. Эл чек ара маселесин, өздөрү жашап жаткан жердин тагдыры кандай чечилип жатканын билиши керектигин айткан саясатчы. Мындай жөндүү талаптарга карабай, ал протоколдун мазмуну тууралуу маалымат ачыкталбай жатат. Ошондой эле эки президент кандай чечим кабыл алганы да белгисиз бойдон калды.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков эки президенттин жолугушуусу тууралуу журналисттерге төмөнкүлөрдү айтып берди. "Президенттер күн тартибиндеги маселелерди карап, ар бир пункт боюнча тиешелүү иш-чараларды пландашты. Иш-чаралар жакын арада өкмөттүн деңгээлинде ишке ашырыла баштайт. Мамлекет башчылары делимитация маселелери тууралуу укуктук негиз боюнча сүйлөшүштү. Бул багыт боюнча тиешелүү делимитация менен алектенген өкмөттөр аралык комиссия сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт",- дейт министр.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg