Рыспек жана Тынычбек Акматбаевдердин атасы "кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Феликс Куловдун жоопкерчилигикаралышы керек" деп башкы прокурорго кайрылуу жасады. Кайрылууну Феликс Кулов интернеттеги баракчасына бөлүштү.
"Өздүк баракчама маркум Тынычбек жана Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаевдин кайрылуусун жарыялайм жана аны колдойм. Анын уулдарынын өлүмү, ал ишке байланыштуу бардык жагдайларды толугу менен иликтөө зарыл деп ойлойм. Аны кайрадан каралып жаткан Батукаевдин ишинин алкагында караса болот",- деп жазат Кулов.
Акматбаевдин кайрылуусу айрым кыскартуулар менен берилди.
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
2005-жылы уулум, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы катары Молдовановка айылындагы жабык мекеме катары саналган жайга барган. Ал жакта белгилүү баш кесер Азиз Батукаев тарабынан атылган. Менимче, уулумду алдын ала дыкат сүйлөшүлгөн план боюнча өлтүрүшкөн. Ошол учурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Азиз Батукаев менен жакын мамиледе болгонун көңүл сыртында калтырбашыбыз керек. Буга Жаңы-Жердеги колонияда аны менен кучакташып түшкөн сүрөттөрү далил боло алат.
Уулум Тынычбек Акматбаев каза болгондон кийин Феликс Кулов ошол учурдагы президент Бакиевге кирип, "Курманбек Салиевич, балким, сиз билбесеңиз керек. Бирок Жаныш Бакиевге эчак эле генерал чини берилиши керек эле" дейт. Андан көп өтпөй президенттин иниси генерал болгонун унуткан жоксуңарбы?
Кылмышкерлер уулум Тынычбекти жок кылышкандан жарым жылдан кийин кан ичкичтер дагы бир уулум Рыспекти атып кетишти. Ошентип эки уулумдан ажырап, байбичем экөөбүз кайгыга түшүп кеттик. Анда негизги ролду президенттин иниси Жаныш Бакиев ойногон. Ага каршы сүйлөгөн депутаттарды, патриот жигиттерди жок кылып жатты.
Ошону менен бирге Батукаевди сый менен узаткан жетекчилердин жоопкерчилигин да карап чыгуу кажет. Өзгөчө генерал Зарылбек Рысалиевдин. Эмнеге ал ооруканага жатып алып ушу кезге чейин убакытты созуп келе жатат? Зарылбек коркконунан эле ооруканага жатып алды. Бул адамдын жоопкерчилигин сөзсүз карап чыгуу зарыл.
Азыр Батукаевдин маселеси көтөрүлүп жатканда Феликс Куловдун жоопкерчилигин карап, аныктап, аны жазага тартууну суранам. Батукаевдин качып кетишине Кулов тарабынан көп аракеттер жумшалышы мүмкүн,- деп жазылат кайрылууда.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg