30-июль күнү Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин жыйыны болду. Күн тартибинде мелдештерди өткөрүү, курама командалар тууралуу жана федерациянын административдик-чарбачылык ишмердиги боюнча суроолор каралды.
Жыйында футбол боюнча Өлкө чемпиондугу – Кыргыз Премьер-Лигасынын 3-4-айлампадагы оюндарынын жүгүртмөсү кабыл алынды. Жүгүртмөнү иштеп чыгууда улуттук курама команданын 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарындагы беттештери эске алынды. Чемпиондуктун 3-айлампасы ушул жылдын 7-августунда старт алат.
Жыйында федерациянын секретариаты 2018-2019-жылдагы футзал боюнча Өлкө чемпиондугунун жыйынтыгын аткаруу комитетинин кароосуна алып чыкты. Жыйынтыгында аткаруу комитети мелдештин жеңүүчүлөрүн ырастады. Ага ылайык, Ош шаарынын “EREM” клубу чемпион аталды.
Ошондой эле жыйында федерациянын секретариаты, федерациянын техникалык бөлүмү жана улуттук курамалардын тренердик штабынын сунушу менен 16 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Олег Холковский дайындалды.
31-июль күнү Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен жолукту. Жолугушууда заманбап футбол борборун куруу үчүн жер бөлүп берүү маселеси каралды. Азиз Суракматов бул маселени тезинен чечип берүүгө даяр экендигин билдирди.
“Өлкөдөгү футболдун мындан аркы өнүгүшү үчүн Бишкекке заманбап футбол борборун куруу зарыл. Жер бөлүп берүү маселеси боюнча шаар мэри Азиз Эмилбековичтин колдоосу үчүн биз ыраазыбыз”,- дейт Маматов.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg