Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору АБДЫКАЛЫК РУСТАМОВдун кармалганы айтылууда. УКМК маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын биринчи президенти НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ телефон аркылуу сүйлөшүштү. Маалымат 30-июнь күнү Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.
3 МИҢ АСКЕР кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.
Транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ.
УКМК Курманбек Бакиевдин 70 жылдык юбилейине арналып, аны мактаган даректүү тасманы көрсөткөн телеканалдарга ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ.
АИДА САЛЯНОВАнын жүрөгүнө панкардит диагнозу коюлду. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.
Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кармалып, УКМКнын СИЗОСУНА камалды. Ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелип жатат.
Кыргыз өлкөсүндө 9-сентябрь – КОМУЗ КҮНҮ деп белгиленет. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Чүй облустук сотунун коллегиясы 2010-жылдагы Июнь окуясына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган АЗИМЖАН АСКАРОВду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.
СОЛТОН-САРЫДАГЫ "Jhong ji Mining" кен казуу компаниясы Нарын облусунда кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө макул болду.
АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН качкандардын маалыматтык базасы түзүлөт. Буга байланыштуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Кыргызстанда ГЕМОДИАЛИЗ процедурасын 1508 киши алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.