(Башы өткөн сандарда)
Атасы күбүрөнө берди. Кыз жини келип кетти.
– Менчи, мен! Мени ойлогон жоксузбу? Мен аны багам деп канча азап тартарымды ойлогон жоксузбу? Аны жадакалса жакшы көрө албай койбодумбу.
– Сенин азабың ушул! Мен деп гана жүрөсүң. Мен дегениңчелик адамдык сапат болсо эмне?! Мен деп жатып өтөсүң! Мен, мен, мен… Кайсы арыңа?! Адамдык эмне калды сенде? Кайсы арыңа мен дейсиң? Тапкан акчаңа, алдагы кейпиңе мен деп жатасыңбы? Дүйнөдө сенден канкор, сенден жиндилер, сенден байлар бар. Мен деп төш кага бер! Дүйнө сенден жиндилерди көргөн. Жиндилердин аягы жиндилик менен бүтөт. Айланаңда бир да адам калбай калганда анан түшүнөсүң! «Баягы бозортуп өзүм өлтүргөн балам кашымда колумду кармалап, апакелеп турса эмне» деп дагы далай өкүнөсүң... Шашпа-а! Кудай бар!
Шайыр атасынын сөзүнө таарына түштү. Кечке убараланып жасаган тамагы ал күнү желбей калды. Үйдө кандайдыр бир түшүнүксүз, адамды басынткан атмосфера пайда болду.
Кетем деди кыз чечкиндүү. Барып кийимдерин жыйнай баштады. Күрөң чоң чемоданды эшикке сүйрөп чыкса да, эч ким көңүл бурган жок.
– Апа,- сырттан ичкери карап кыйкырды.
– Кетип жатасыңбы?- үйдөн чыккан апасы суз гана суроо узатты.
– Ооба. Жакшы калгыла.
– Мейли,- кайдыгер гана чыкты апасынын үнү.
– Атам…
– Атаңдын тынчын алба! Ал ансыз да араң жүрөт. Жүрөгү оорулуу неме бир балээ болсо…
ххх
Өз айылын кой, Бишкек ага чоочун боло түштү. Куду атасына кошулуп ага бүт Кыргызстан таарынгандай. Көпкө жүрбөй эле кайра Түркияга келе берген.
Адегенде ал жумушка алаксымакчы болду. Аны менен катар акчасын чачып түнкү клубдардан чыкпай калды. Ичет, чегет, күнүгө ар кайсы эркектин коюнунда ойгонот.
Анан эмнегедир барып-барып ага жашоо кунарсыз боло түштү. Көрсө, сен кимдир бирөөгө керек экениңди билүү, ата-энеңдин сага болгон сүйүүсү чоң тирек окшобойбу. Ошол тиректи жоготуп алгандан кийин жашоонун маңызы кетти.
ххх
– Аябагандай жакшы кыз экенсиң,- бир ирет ага жаңыдан кошулуп сойку болуп иштеп жаткан Роза ушинтти.
«Жакшымынбы?» ички үнү сурады. «Мен баласын өз колу менен тумчуктуруп өлтүргөн адаммын. Ушундай жакшы адаммын» өзүнөн-өзү жийиркенип кетти. Биринчи жолу ошентти. Кыязы, ошол күнөөсү бар экенин билип, бирок утурумдук бир шылтоолор менен ал күнөөсүн өзүнө жуутпай жүргөн окшойт. Эми күнөөсүн чындап моюнуна алганда, анын ичинде кандайдыр бир түшүнүксүз сезим пайда болду. Тим эле ичинен өзүн-өзү жек көрүп, жашагысы келбей кетти. Мындай ийинден баскан оор сезимден кантип кутулууга болот? Баласын өзү өлтүргөн деген оор күнөөнү ал бул жалганда көтөрүп жүрө алчудай эмес. Аркы дүйнөдө болсо аны боркулдап кайнап турган тозоктун казандары күтүп жаткандыр… Мейли, минтип кыжалат болуп өзүн-өзү жегенден көрө, тозокто күнөөсүн жууганы оң чыгар. Балким, күнөөлөрдү бул дүйнөдө жууганга мүмкүнчүлүк бардыр?
ххх
Таң эрте Шайыр бирөө чочуткандай ойгонду. Башына келген биринчи ой күнөөнү бул дүйнөдө кантип жууса болот? Роза менен Гуля чарчашкан экен, эч нерсе билбей уктап жатышат. Тамагы кургап суусап калыптыр. Ашканага жөнөдү.
Суудан куюп, култулдата жутуп жатып ал телевизордо болуп жаткан киного тигилди. Адам өз жан дүйнөсүндөгү ооруну башка бирөөдөн да издейт көрүнөт. Мага окшош күнөөкөр барбы? Ал кандай кадам жасады? Кантип жеңилдеди? Башкадан колдоо, түшүнүү күтөт тура. Мындайда ар бир ирмемге, айланаңдагы бардык окуяга көңүл буруп калат окшойсуң.
Ошол телевизордогу тасма капыстан Шайырдын жол көрсөткүчү болуп калды. “Жети өмүр” деп аталчу ал тасма. Жети адамдын өлүмүнө күнөөлүү болуп калган каарман, ошол оор жүктү көтөрө албай, абийиринин алдында тазалануу үчүн өзүнүн ички органдарын муктаж болуп ооруп жаткан адамдарга таркатып берүүгө бел байлайт. Шайыр ал кинонун каарманына суктануудан башка арга таппады. Мына, эң туура жол. Мен биротоло жоголуп кеткен, башкаларга керексиз, өзүм үчүн эле жашаган жинди эмесмин… Мен да адаммын, ошол адамдыгымды далилдейм деди ичинен. Эң ириде атасынын алдында анда да адамдык сапат бар экенин билдиргиси келди…
Заматта маанайы көтөрүлө түштү. Аны карай ажал жылмайып басып келерине деле кайыл. Ушул туура жол, туура кадам деди.
ххх
Боорго, бөйрөккө, жүрөккө муктаж адамдар жүз миңдеген экен. Өзү көргөн тасмада баш каарман эң жакшы адамдарды сыноодон өткөрүп гана анан органдарын берүүгө макулдук берет. Шайыр да ошентмекчи болду.
Анан ал интернетти казып баштады. Жүрөгү оорулуу кичине кызга көңүлү түштү. Балким, ушул кызга жүрөгүн берип сактап калаттыр.
Бирок Шайырдын жүрөгүн, сойкунун жүрөгүн таптаза наристеге салышар бекен? Сойкунун жүрөгү… Деги ал жүрөкпү? Жан барбы анда? Бир нерсе сезе алабы? Жек көрүүгө, өзүмчүлдүккө, көңүл калууларга, кайдыгерликке толгон жүрөктү бирөө алар бекен? Кыз дал ушул тапта атайын жардам долбоору менен Түркияга дарылануу үчүн келиптир. Кыргыздын кичинекей кызы…
Барып, аны көрүп келмекчи болду.
ххх
Ал сыяктуу кызды колдойлу деген мекендештер бир топ экен. Же наристенин туугандарыбы, айтор, аны айланчыктап бир нече кыргыз жүрөт. Акыры Шайыр кыз менен учурашууга жетишти.
– Кандайсың, сулуу? Жакшы болуп калдыңбы?- кыз менен тизелей отуруп көзүнө карап сүйлөшө баштады.
– Ыкы! Бул жагым ооруп жатат,- кыз кичинекей колдорун көрсөттү. Ийне сайыла берип тамырынын тамтыгы калбаптыр.
– Жакшы болуп кетесиң, коркпо,- кызды чачтарынан сылап койду.
– Тырмактарыңыз сонун экен,- кыз Шайырдын колдорун тиктеди.
– Сенин да тырмактарыңды боёп берейинби?- кызга айтып, бирок уруксат сурагандай көздөрү үмүткө толгон наристенин апасына карады. Наристенин апасы баш ийкеди.
– А сенин атың ким?
– Анель,- кыз жайдарылана мойтойгон колдорун сунду. Шайыр отургучка отуруп, тырмак боёгун алып чыкты да, кыздын тырмактарын боёп баштады.
– Апаңдын аты ким?
– Сабира.
– Атаңдын атычы?
– Анарбек.
– Анарбек?!- Шайырдын үнү кадимкидей өзгөрүлүп кетти.
– Ооба, бирок ал өлүп калган…- кыз мурдун шыр тартып койду.
Тээ жанатан наристе кыз менен жайдары сүйлөшүп жаткан Шайыр эмнегедир эриндерин кымтып, бир нерсеге кыжалат болуп чыкты. Баарынан да кыздын көздөрүн кароодон коркуп чыкты. Анарбек! Көздөрү дал ошол Анарбектики го? Кудай сакта! Кичинекей тырмактарды боёп жаткан колу титиреп кетти. Сүйүп, анан бир заматта жек көрүп калган көздөрдү унутуу мүмкүн эмес!
Эптеп боёп берди. Чала-бучук коштошуп сыртка чыкканга шашты.
– Рахмат сизге,- Анель Шайырды бекем кучактап өөп койду.
ххх
Тагдырдын тамашасын кара! Чын эле ошол Анарбектин кызына кезиктирдиби? Башы чуулдап баратты. Бул жолугушуу жөн эмес. Көктөн көз салган улуу күч бир кезде жолдору кесилишип, бири-бирине жек көрүү гана ашырган адамдарды кайрадан кезиктирип адамдыгын сынаганы турабы?
Бирок өлүп калган дейт? Анарбек өлгөнбү? Койчу, Шайыр, 6 миллион кыргызда жалгыз сенин Анарбегиң бар бекен? Эгер чындап дал ошол анын жашоосун тозокко айлантып салган Анарбектин кызы болсочу. Жүрөгүн донор кылып береби ошого? Ага ошончо азап берген кишинин кызына жардам береби? Болгондо да өзү өлүп, тагдырын балталаган адамдын кызынын өмүрүн улайбы?
ххх
Ал күнү түн ичинде өз алдынча басып, ар кайсы жакка айылчылап калган Шайырга Гуля кардар таап коюптур.
– Барып кел, Шаку. Жергиликтүүлөр эле. Стриптизге кошумча акча беребиз дешти!
– Мен бара албайм, Гуля эже,- ичкени ириң, жегени желим болуп турган Шайырдын.
– Түшүнбөдүм, сен эмне акчага тоюп калгансыңбы? Алар дайымкы кардарлар, барыш керек! Баягы түрктөр да…
– Бара албайм!
– Сени суранышкан болчу.
– Мен эртең ооруканага барышым керек.
– И-ий, кокуй, бирөө-жарым ооруп келдиби?
– Ооба…
– Ким?
– Байкемдин кызы, ошого барышым керек.
ххх
Таң жаңы агарганда эле Шайыр жаткан жеринен атып турду. Түнү менен дээрлик кирпик каккан эмес. Анарбектин кызы болсо эмне кылат? Ушул суроо чуулдап эле мээсин оюп жатты.
Деги дал ошол Анарбектин кызы экенин билүүгө болобу? Баса, Султанды сураса болот го. Ыңгайын таап Султан тууралуу сураш керек! Эгер кыз Султан деген байкем бар деп эле айтчу болсо, демек, анда так ошол ага азап берген Анарбектин кызы. Адегенде так билиши кажет. Билет, анан ошого жараша чечим кабыл алат. Жөн эле ойлор менен өзүн жей бергенде эмне?
ххх
Автобуста бара жатып көз алдына кызды элестетти. Окшоштугу бар… Аны танып болбойт. Анан калса наристе кыз, өзү өлтүргөн ымыркайына да түспөлдөшүп кеткен сыяктуу…
(Уландысы кийинки санда)