Орусиянын Сибирь аймагы (Тайга) өрттөнүп, бир аптадан бери күйүп жатат. Өрт алган аймактын аянты дээрлик 3 миллион гектарга жетти. Бийликтин өрттү өчүрүүгө аракет жасабады, ошол себептүү өрттүн аянты кеңейип жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып жатышат. Метеорологдордун берген маалыматына караганда, өрттөн чыккан түтүн Казакстан аймагына чейин жетүүдө. Өрттүн келип чыгышына 30 градустан ашкан, шамал менен коштолгон кургак аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Калк бийликти аракетсиз, трагедияга көңүл кош карап жатат деп ачууланууда. Эксперттик кызматтардын маалыматына караганда, учурда Орусиянын 500дөн ашуун калктуу аймагын түтүн каптап турат.
Айпери Хожаева
koom@super.kg