2-июль күнү Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчиси, ишкер Камчыбек Каримов киши колдуу каза болгон. Аны өз үйүнүн жанында атып кетишкен. Ошол маалда Каримовдун колунда акча салынган баштык болгону айтылат. Жергиликтүү укук коргоо органдары анын өлүмүнө шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө туулган Замирбек Эгембердиев аттуу адамды кармашты.
ИШКЕРДИ ИЧИНЕ ЖАНА БУТУНА АТЫШКАН
Жергиликтүү басылмалардын укук коргоо кызматтарына таянып берген маалыматтарына караганда, Каримовдун өлүмүнө шектүү катары Самурай каймана аты менен таанымал Замирбек Эгембердиев аттуу Кыргызстанда төрөлгөн киши кармалган. Анын жанында Орусиянын да, Кыргызстандын да паспорту жок болуп чыккан. Бул себептен улам анын жарандыгы тууралуу азырынча так маалыматтар жок. Учурда ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылды. Замирбек Эгембердиевдин Каримовго кол салган топтун айдоочусу болгом деп көрсөтмө бергени, Каримовду өлтүргөнү үчүн 100 миң рубль алганы айтылат маалыматтарда. Ал Челябинск облусунун Коркино шаарында кармалган. Маалыматтарда буга чейин опузалоо жана талап-тоноочулук аракеттери үчүн камалып, 12 жылдай абакта отурган соң өткөн жылдын октябрь айында эркиндикке чыккандыгы жазылат.
Кылмышка шектүү Екатеринбургдагы «Таганский ряд» базарындагы жер-жемиш жана кийим-кече саткан өзбек-кыргыздардан кылмыштуу топ менен барып опузалап акча алып турганын Znak.com басылмасы жазды. Ким өз учурунда акчаларын чогултуп бербесе, ага басым көрсөтүп тоноп турушкан деп жазат аталган басылма.
«Комсомольская правда» гезити өзүнүн жеке булактарына таянып төмөнкүдөй маалыматты жазып чыкты.
«Негизи шектүүлөр Каримовду өлтүрөбүз деп пландашкан эмес. Алар «Таганский ряд» базарында иштеген башка ишкерге кол салууну көздөшкөн. Алар көбүнчө кымбат баалуу унаа айдагандарды карап, баам салып жүрүшчү. Бирок буларга Камчыбек Каримов бирөөдөн ири суммадагы (19 миллион рубль) акча алганы тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга жана каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер айдап барган унаасын таштап, качып кетишкен. Ошондой эле кол салуу тууралуу 5 гана адам билген».
«САПАРГҮЛ КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ ТАРАБЫНАН КОРДОЛГОНДО ЖАКШЫ ЖАРДАМ БЕРГЕН»
2012-жылы Орусияда «патриоттор» деген топ тарабынан кордолгон Сапаргүл аттуу айымдын окуясы эсиңизде болсо керек. Камчыбек Каримов мекендешине кыйын кезде жардам кылганын Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов мындайча эскерди.
-Мен өзүм көп жылдан бери Москвада турам. Екатеринбургга иштерим менен көп барчумун. Алардын бири – Сапаргүл деген карындашыбызга өздөрүн «патриот» атаган кыргыз жигиттеринен турган топ зөөкүрлүк көрсөтүп, кордошкондо барган учурум. Мен Сапаргүл менен кошо Екатеринбургга барып, бир ай жанында жүргөм. Ошондо бизге Камчыбек байке өз каражатынан батирге акы төлөп, бир ай бою азык-түлүк менен камсыздап берген. Ал арада биз Сапаргүлдү кордогон топту табууга аракет кылып жүрдүк. Камчыбек байке менен дайыма байланышып, кабарлашып турчубуз. Ал киши тууралуу Орусиядагы бүткүл Кыргыз диаспорасындагылар билет. Камчыбек байке сабырдуу, бирөөдөн жардамын аябаган киши болчу. Көптөгөн жакшы иштерди жасады. Маданий иш-чара болобу, спорттук иш-чарабы, баарына катышып, салымын кошчу. Эң активдүү жетекчи эле. Кийин диаспорадагы ордун тапшыргандан кийин да коомдук иштерге аралашып, катышып жүргөн. Базарда иштеп, коммерция менен алектенерин да билчүбүз. Акчанын айынан ушундай болуп жатпайбы. Өзүбүздүн эле кыргыз балдар кармалыптыр.
«МЕКЕНДЕШТЕРДИ ИШКЕРДИК ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАН КӨП КОЛДОДУ»
Москвадагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Раимкул Аттокуров Камчыбек Каримов тууралуу буларды айтты:
-2-июль Орусия жергесиндеги кыргыз жамааты үчүн кайгылуу күн болду. Элге таанымал патриот мекендешибиз Камчыбек Каримовдон айрылдык. Камчыбек Союз убагында турмуш шарты менен Орусияга келип отурукташып, ишкердик менен алектенип жүргөн. Элине, жерине жанын берип күйгөн инсан болчу. Намыска бекем турган жигит эле... Екатеринбург шаарында, Свердлов облусунда кыргыз жамаатынын саны абдан арбын. Мекендештерибизге көптөгөн коомдук, юридикалык, ишкердик багытта кеп-кеңешин берип көмөктөшүп, Кыргыз диаспорасын жетектеп келген. Чет жерде жүргөн мекендештердин башын бириктирүү үчүн Камчыбектей адамдар абдан керек болчу.«Замандаш» ассоциациясынын координатору Азамат Айтбай Каримов президенттин алдындагы мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин 1-2-августта өтө турган жыйынына катышууга даярданып жатканын, ал жыйында мигранттарга байланыштуу бир топ маселелерди көтөрүүнү көздөп жүргөнүн айтты:
-Камчыбек Каримов базарда ишкердик кылчу. «Кыргызстан-Урал» диаспорасын жетектеп келген. Анын артында жубайы жана эки кызы, бир уулу калды. Баласы азыр анын жолун улантам деп жүрөт, 22-23 жашка чыгып калды. Орусиядагы эле кыргыздарга эмес, өз айылына да абдан чоң жардам берчү. Ушул жылы өз айылынын, районунун жаштарын бириктирип чоң спорттук мелдеш өткөргөн. Жеке өзүнүн айтылбаган, жазылбаган жардамдары канча дейсиз? Ал президенттин алдындагы мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин мүчөсү болчу. Жакында 1-2-августта өтө турган жыйынга катышканы жаткан. Мигранттарга байланыштуу көп ойлорун ошол жыйында айтмак. Маркумдун сөөгү өзү туулган Жаңы-Арык айылына коюлду. Соттук-медициналык экспертиза иштери созулгандыгына байланыштуу жерге кеч берилген. Экспертизадан өлүмдө криминалдык мотивдер бар деген жыйынтык чыккан. Анын өлүмүнө шектүүлөрдүн катарында Грузиянын жараны жана осетин улутундагы адам дагы бар экени айтылууда.
Айпери Хожаева
koom@super.kg