Ишенбек Мухтар уулунун “Жүрөк сыры” деген ырын көзүн жумуп алып берилип ырдап созолонткон кичинекей жигиттин видеосун баарыбыз көрсөк керек. Интернет жылдызына айланган 5 жаштагы Жумали ырдаганды аябай жакшы көрөт. Ырга кызыгуусу күч. Интернет айдыңында абдан популярдуу болгон видеонун каарманын таап, апасы жана өзү менен маек курдук.
– Саламатсызбы, Жеңишгүл эже? Уулуңуздун ырдаган видеосу интернет аркылуу кеңири тарап, элдин сүймөнчүгүнө ээ болду. Өзүңүздөр, уулуңуздун таланты тууралуу айтып берсеңиз...
– Саламатсыңарбы? Аты-жөнүм Жеңишгүл Термечикова. Кара-Кулжа районунун Сары-Күңгөй айылында турабыз. Жумали 8 баланын алтынчысы. 7 айлык болуп төрөлгөндүктөн, абдан кичинекей эле. Бирок чыйрак, зирек бала болду. Эч ким үйрөтпөсө деле сыналгыдан карап ырларды жаттап алат. Атасы аккордеон тартып ырдайт. Балдарым да ырга шыктуу болушту.
– Балаңызды белгилүү кылган видео качан тартылган эле?
– Былтыр апрелде болсо керек. Жумалиге чейинки балам музыкалык сынакка катышып, жеңип келиптир. Аяш атасы келип видеого тартып "ырдап койчу" десе, жанында турган Жумали “мен деле ырдайынчы” деп “Жүрөк сырын” аткарыптыр. Аяш атасы үйүнө барганда кызы интернетке чыгарган экен. Биз аны билген деле эмеспиз. Көптөн кийин гана интернеттен видеону көрсөтүшсө “бул ырды качан жаттап алды эле?” деп таң калып жатабыз (күлүп).
– Уулуңуздун талантын видеону көргөндүн баары баалап жатышат. Жумалинин дагы кандай өнөрлөрү бар?
– Кичинекей кезинде манас айта берчү. "Бул бала манасчы болот го" деп койчубуз. Кийин минтип ырдаган талантын көрдүк (күлүп). Өзү абдан дилгир, 2-3 жашка чыкканда эле “муну кылайынбы, тигини кылайынбы?” деп бизге кол кабыш кыла баштаган. Башка балдардай болуп оюнга деле кызыккан жок.
Кызыгы, жаш ырчылар Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Аваз Акимовдордун ырларын угузсак, көңүл бурган жок. Улуу муундагы ырчылардын ырларын муюп угат. Саламат Садыкова, Түмөнбай Колдошовдун ырларын, комуз, аккордеон коштолгон ырларды жакшы көрөт.– Интернеттен өзүн көрдүбү?
– Башында кошуна-колоңдор “сен интернетте жылдыз болуп кетипсиң го” дешсе түшүнчү эмес. Былтыр сыналгы көрүп отурсак бизден маалымат албай эле жергиликтүү телеканал ошол видеосун чыгарышыптыр. Ошондо “мени телевизордон көрсөттү” деп аябай сүйүндү.
– Рахмат маегиңизге.
– Силерге да рахмат, бизди таап, көңүл бөлүп койгонуңарга!
Интернет жылдызы Жумалини да кепке тарттык.
– Жумали, кандайсың? Канча жаштасың?
– Жакшы, мен 5 жашка чыктым.
– Бала бакчага барасыңбы?
– Барам. Ал жакта эжекем ырда дейт. Мен ырдап берем. Эжекем мени урушпайт.
– Сен ырларды кайдан жаттагансың?
– Акаларим (ред.: агалары) ырдаганда жаттап алгам.
– “Жүрөк сырынан” башка кайсы ырларды билесиң?
– “Сары кыз”, “Айлуу түн”, “Чаткалдын тоосун ашканда” (ред.: “Жакшы көрөм өзүңдү”).
– Үйгө коноктор келгенде ырдап бересиңби?
– Ооба. Ушул ырларды ырдап берем. Алар мага акча, подарка беришет.
– Жакшы экен. Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Ырчы.
– Ырчылардан кимди билесиң?
– Ырчыларды тааныбайм да.
– Сен ырдаган ырды ким ырдаарын билесиңби?
– “Жүрөк сырынбы”, билем. Ырды телевизордон ырдайт. Ошол жактан көргөм.
– Келечекте мыкты жигит бол.
– Рахмат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg