Кыямды даамдуу жасоо жана туура кайнатуу, албетте, жакшы деңизчи. Бирок кээде үй-бүлө мүчөлөрүн жана конокторду өзгөчө, “фирменный” кыям жасап таң калтырууну каалайсың. Төмөндөгү рецепттердин негизинде жасалган кыямдар кышкы дасторкондон орун алат деген ишеничтебиз.КУЛПУНАЙ+ЖАЛБЫЗ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 2 килограмм
Кумшекер – 1,5 килограмм
Лимон – 1 даана
Жалбыз жалбырагы – 25 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды жууп-тазалап, суусун сарыктырып алабыз. Андан соң аны чарага салып, үстүнө кумшекерди себелеп, ширеси бөлүнүп чыкканча тыныктырып коёбуз.
2. Ширеси бөлүнүп чыккан соң жай отто 5 мүнөт кайнатып, таза жуулган жалбыз жалбырактарын жана лимонду майда туурап же ширесин сыгып алып кошуп, аралаштырып, оттон чыгарабыз.
3. Кыям муздаган соң кайрадан жай отто 10 мүнөт кайнатабыз. Табитти ачкан кыям даяр! Алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.
ӨРҮК+БАДАМ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Өрүк – 1 килограмм
Кумшекер – 600-700 грамм
Суу – 1 стакан
Бадам – өрүктүн даанасына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Кыямдын бул түрүнө таза бышкан, бирок эзилбеген мөмө керектелет. Өрүктү жууп, аны жарбай, калем саптын же учтуу нерсенин жардамы менен данегин чыгарабыз. Ал үчүн учтуу нерсени өрүктүн баш жагына сайып экинчи тарбынан данекти түртүп чыгаруу керек.
2. Чыгарылган данектин ордуна бадамдын данегин салабыз. Бадамдын ордуна өрүктүн өз данегин чагып же жаңгактын башка түрлөрүн (мисте, грек жаңгагы, фундук) пайдаланууга да болот.
3. Сироп даярдайбыз: кумшекерди мискейге салып, үстүнө сууну куюп, жай отто 5 мүнөттөй кайнатабыз. Аралаштырып турууну унутпаңыз.
4. Кайнап жаткан сиропту өрүктүн үстүнө куюп, 7-8 саатка коюп коёбуз. Андан соң кыямды жай отто 10 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Витаминдүү кыям даяр!
АЛМУРУТ+ИМБИРЬ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Алмурут – 1 килограмм
Кумшекер – 600-700 грамм
Лимон – 1 даана
Имбирь тамыры – 30 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Алмурутту жууп, уругун тазалап, чоң-чоң туурайбыз.
2. Имбирдин тамырын жууп, аарчып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Лимондун ширесин сыгып алабыз.
4. Тууралган алмурутка имбирдин тамырын, лимон ширесин кошуп аралаштырып, үстүнө кумшекерди тегиз себелеп 2 саатка тыныктырып коёбуз.
5. Ширеси бөлүнүп чыккан соң жай отто 30 мүнөт кайнатабыз. Кыямды кайнатып жаткан учурда аралаштырып, көбүгүн алып турууну унутпаңыз. Даяр болгон кыямды алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун бекитебиз. Кыям муздаган соң салкын жайга киргизип коюңуз.
КОФЕ ДААМДАНГАН ШАБДАЛЫ КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 1 килограмм
Кумшекер – 600-700 грамм
Кофе даны – 1 аш кашык
Лимон – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны жууп, данегин алып салабыз. Андан соң узун-узун кылып туурайбыз.
2. Лимондун ширесин сыгып алабыз.
3. Кофе данын майдалап, дакиге (марля) салып бекем түйөбүз.
4. Кыям кайнатчу чарага тууралган шабдалыны, лимон ширесин, кофе түйүлгөн дакини салып, үстүнө кумшекерден себелеп, 2-3 саатка тыныктырып коёбуз. Бул убакыт аралыгында шабдалынын ширеси бөлүнүп чыгат.
5. Эми кыямды жай отто 20-25 мүнөт кайнатабыз. Аягында кофе түйүлгөн түйүнчөктү алып салып, кыямды алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Кофе даамданган кыям даяр!
Эскертүү! Кыямдарды көп өлчөмдө жасайм десеңиз, рецептте белгиленген азыктардын көлөмүн көбөйтүп алыңыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg