Беларусь президенти Александр Лукашенко качкын президент Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктады. Жолугушуу Минсктеги эгемендүүлүк сарайында 6-августта өткөнүн Беларусь президентинин расмий сайты жарыялады. Лукашенко Бакиевге көчмөн бүркүт менен аңчылыкка чыкканы тартылган картина, канжар жана гүлдесте белек кылды. Бакиев картинаны карап: “Бул менин өлкөм го... Жылкылар, бүркүттөр...” десе, Лукашенко: “Сенин өлкөң жана сенин чөйрөң. Бул намыстуу куш сага окшош” деген.
Маалымат интернет айдыңы аркылуу жайылып, кыргыз коомчулугунда талкуу жаратты. Айрым жарандар “Беларусь президенти жүзгө жакын жарандын өлүмүнө алып келген окуяларга айыпталып 30 жылга соттолгон адам менен расмий жолугушуу өткөрүп, президенттик маалымат булактары аркылуу жайылтуу менен учурдагы Кыргыз бийлигине карата мамилесин көрсөттү” дешүүдө. Жакында гана Орусия президенти Владимир Путин кыргыз бийлиги суракка келтире албай жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди учак жиберип алдырып, жолугушту. Андан соң Беларусь президенти Лукашенко оор кылмыштарга айыпталып соттолгон мурдагы президент Бакиев менен расмий жолугушуу өткөрүп, туулган күнү менен куттуктады. Орусия дагы, Беларусь дагы ЕАЭБдин курамында. Демек, Кыргыз өлкөсүнүн союздашы. Андыктан эки президенттин мындай иштери коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып, учурдагы Кыргыз бийлигинин аброюна доо кетирди.
Жарандык коом “Тышкы иштер министрлиги мындай учурда жөн отурганы туура эмес. Беларуска кескин нааразычылык билдириши керек” деп жатышты.
Мындай сындардан соң Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуяга нааразычылык билдирип, Беларустун Кыргыз жериндеги элчилигине нота тапшырды. ТИМ Лукашенконун Кыргыз өлкөсүндө соттолгон адам менен расмий жолукканын сындады.
Үй-бүлөсү менен 9 жылдан бери Беларуста баш калкалап келе жаткан Курманбек Бакиев быйыл 70 жашка чыкты. Анын юбилейине карата иш-чаралар Кыргыз жеринде талкуу, сын-пикир жаратууда. Мисалы, жакында эфирден Бакиевдин туулган күнүнө байланыштуу даректүү тасма бергени үчүн Бишкектеги 2 телеканалга УКМК эскертүү берди. Жакында Минскте белгиленген Бакиевдин 70 жылдык тоюна өзбекстандык “Ялла” тобунун барып ырдаганы да кызуу талкууга алынды. Айта кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылкы Апрель окуясы боюнча Кыргыз соту тарабынан сырттан 30 жылга эркинен ажыратылган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg