Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына Латвияда кылмыш иши козголду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты. Ага таянсак, Зилалиевдин үй-бүлө мүчөлөрү “ири суммада акчанын изин жашырды” деп шектелүүдө. Бул кылмыш иши Зилалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргыз жеринде ачылган кылмыш ишинин алкагында козголду. Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматы боюнча, Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Депозиттик эсептер Жамиля, Алима, Бектур Зилалиевдердин наамына катталганы, ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдө акча которуулар болгону айтылат УКМКнын маалыматында. Ачык булактагы маалыматтарга таянсак, Зилалиевдин 3 баласы бар. Экөөсү мектеп курагында, бирөөсү кичинекей.
Буга чейин Башкы прокуратура Дүйшөнбек Зилалиевге жооптуу кызматта турганда баасы өзүнүн расмий кирешесинен жогору суммага мүлк сатып алганы үчүн “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда шектүү УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш ишин тергөө бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg