Мурдагы депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын апасын №1-СИЗОго киргизбей коюшту деп Салянованын тууганы Чынара Турдалиева айтып чыкты. Айтымында, Салянованын апасы кызына жолугуп, аны туулган күнү менен куттуктайын деген. Жакындарынын Саляновага жолугуу боюнча кайрылууларына жооп болбой жатканын да айтат Турдалиева. 6-августта 47 жашка чыккан Аида Салянова кримавторитет Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотуп жиберүү кылмышына шектелип, ушул жылы 3-июнда кармалган. Азыркы тапта Бишкектеги №1-СИЗОдо абакта. Адвокаттары Салянованын ден соолугу начарлап жатканын айтышууда. Жакында тийиштүү анализдердин жыйынтыгы менен Саляновага панкардит (ред.: жүрөккө тийиштүү илдет) деген диагноз коюлган. Өткөн аптада Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат Салянованын абалы канааттандырарлык экенин, операция жасоо боюнча сүйлөшүү болгонун, бирок Салянова Кыргыз жеринде операция жасатуудан баш тартканын билдирген.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg