БОИНГ КЫРСЫГЫ: ТЕЛЕФОН КЫМЫРЫП АЛГАН ДЕП МИНИСТРЛИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкектин четине Боинг учагы кулаган кырсыкта уюлдук телефондорду кымырып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Маалыматты SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактар тастыктады. Алар “кызматтык абалын кыянат пайдалануу”, “тергөөгө тоскоолдук жаратуу” беренелери боюнча кылмышка шектелүүдө. Маалыматка таянсак, учак кулаган аймакта куткаруу иштерин жүргүзгөн ӨКМнын 100гө жакын кызматкери суракка алынган. 31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бул кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп, анда аталган министрликтин 6 кызматкеринин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында Бишкектин четинде Дача-СУ тилкесиндеги үйлөрдүн үстүнө жүк ташуучу Боинг учагы кулап, 35 жергиликтүү жаран жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан. Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жаткан учакта 85 тонна жүк болгон. Телефон, планшет, от тутанткыч өңдүү турмуш тиричилик буюмдары жүктөлүп бараткан.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан