БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ 1 АПТА ЭС АЛАТ...

  • 9-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
  • 6 айда 15 миллиард 240 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрү топтолгонун Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
  • Кыргыз өлкөсүнүн 2023-жылга чейинки киберкоопсуздук стратегиясы бекитилди.
  • Ошто Ленин чокусунан түшүп келе жатып жоголуп кеткен туристтин сөөгү табылды. Ал Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери, генерал Иван Иванов болгон.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Буга чейин Шаикова УКМКга бир нече жолу суракка чакырылып, барган эмес.
  • Кыргыз-Казак чек арасынан Кыргыз жерине аткезчилик жол менен киргизилмекчи болгон 26 миң литр сыра колго түшүрүлдү.
  • 7-августка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 619 миллион метр кубду түзгөнүн "Электр станциялары" ишканасы билдирди.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 5-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө башчы 1 апта ишке чыкпайт.
  • Оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель 8-августтан 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.
  • Гезит басууга кетерде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө атайын даярдыктагы жоокерлер барганы белгилүү болду.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан