Рита Карасартова, укук коргоочу: “ТҮШҮНӨМ, 6 ЖЫЛДА АТАМБАЕВ РЕФОРМА ЖАСАГАН ЖОК. БИРОК БИЙЛИККЕ ОППОЗИЦИЯ КЕРЕК”

Жаны тынбаган кыйын айым. Бүгүн Бишкекте тегерек столдо, эртең Нарында митингде, бүрсүгүнү Европада, айтор, бир орунда турбаган адам. Гезитибиздин бул чыгарылышында белгилүү укук коргоочу, “Коомдук иликтөө институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова менен маектештик.

– Рита айым, бейөкмөт уюмдар “Кыргыздын эмес, чет элдин кызыкчылыгын биринчиге коюшат” деп сындалып жүрөт. Сиз дагы өкмөттүк эмес уюмду жетектейсиз. Айтсаңыз, негизги максат, миссияңыздар эмне?

– Негизги миссиябыз – коомдун үнүн өлкөнү башкаруучуларга жеткирүү. Чечимдерди кабыл алууда элдин үнү да камтылсын деген максат. 8 жыл ичинде кеңсебиз 1 күн да эшигин жапкан жок. Күнүнө жок дегенде 4-5 киши кайрылат. Аларга моралдык жардам, кеп-кеңеш беребиз. Ооба, Америкадан акча алабыз. 1 жылга 25 миң доллар. “25 миң доллар берсе Карасартовадан кем эмес иштейт элем” дегендер бар. Бул акча он чакты кызматкердин 1 жылдык айлыгы. Бөлсөң айына 200 доллардан айланат, бул өтө деле чоң акча эмес. Чет элдик фонддор “ме” деп эле акча бере бербейт. Бир маселеге долбоор жазып, акча бөлүнсө, 1 жылдан кийин ал тармакта жылыш көрүнүшү керек. Көрүнбөсө, акча бербейт.

– Кыргызстанда укук коргоочу болуш кыйынбы?

– Жеңил же оор деп айта албайм. 2007-жылы университетте иштеп жүргөндө эле талашып-тартышып, кырылышып жүрчүмүн. Ректорубуз “ай, Рита, кыйкырып митингге чыксаң чык, бирок сураныч, университетте иштейм деп айтпачы” дечү. Бийликке катуу сын айтсам, жогору жактан ректорго чалып “тиги кызыңардын тизгинин тартып койгула” дечү экен. Адилеттик үчүн күрөшөм деген түрткү адамдын өзүнөн болот окшойт. Элдин көйгөйүн айтып, жардам берип жүрүп бир күнү кантип укук коргоочуга айланганыңды өзүң деле байкабай калышың мүмкүн.

– Кызматсыз жүргөндө элдин таламын талашып жүрүп, кызматка барары менен оозу тып басылгандарды көрүп жүрөбүз. Мамлекеттик кызмат адамды ушунча бат өзгөртөбү? Бийликтен "иштеп бер" деп кызмат сунушташса барасызбы?

– 2003-жылы өкмөттө иштеп калгам, ал жактын тартибин жакшы билем. Бир жолу статс катчы, министрдин орун басарын аттап өтүп, түз эле министрге кирип барыпмын. Ал үчүн сөгүш уккам. Өзүңдөн бир тепкич жогору турганга, ал андан жогору турганга кайрылып, анан министрге жетиши керек. Тартип ушундай. Биз “тегерегиндегилер президентке маалымат жеткирбейт” дейбиз го. Президент түгүл, министрге маалымат жеткиришпейт. Адегенде системди өзгөртүш керек. Кызмат сунушталса өзүмө “ал жерге барып эмне жасай алам?” деген суроону берем. Эгер бир нерсе жасай аларыңа көзүң жетпесе, анда убакыт кетирип кереги жок.

– Өлкөдө адам укугунун корголушу мактанарлык эмес. Мыйзамдар бирдей иштебейт. Бийлик күнөөлүү деген оңой, даяр жооп. Ал эми коомдун жоопкерчилигин сиз кандай көрөсүз? Балким, өзүбүзгө жараша эле бийлик шайлап жаткандырбыз?

– Шайлоо – маанилүү маселе. Эл өзүнүн 5 жылдык тагдырын шайлоодо аныкташы керек. Бирок бийлик эл өзү тандап, шайлап алсын деген систем түзүп бердиби? Айылга барсам, “Рита, кайсы партияны шайлайлы?” деп сурашат. Партиянын тизмесин карасаң түзүгү да, уурусу да аралашып бүткөн. Андайда “өзүңөр билгиле” деп кутулам. Көрдүңүзбү, мен айта албасам, демек, элдин деле башы катат да. “Баары окшош болушса, анда көбүрөөк акча бергенин шайлайлы” деп коюшууда. Эгер бийлик системди туура түзүп берсе, анда башка маселе.

– “Шарт түзүп бербеди” деп отура берүү канчалык туура? Ак үйдүн го табияты түшүнүктүү. Коом шайлоого болгон укугун качан талап кылып, качан өз добушу үчүн күрөшүп баштайт?

– Азыр ошондой талапты коюуга учур келди. Жаңы систем кандай болушу керек? Мисалы, партия тизмесинде 120-орунда турган талапкер шайлоодо эң көп добуш алса, 1-орунга жыла алышы керек. Ошондо акчасы көптөр эмес, мыктылар иргелип, элдин сынынан өткөндөр гана парламентке келмек. Биз депутаттарды көпүрө салсын деп эмес, жакшы мыйзамдарды жазсын деп шайлаганга өтүшүбүз керек. Шайлоодо аймак-аймактык округ кылып бөлүү да туура эмес. Мисалы, мен айылыма көпүрө салып берген эмесмин. Райондогу бир олигарх менен атаандаша албайм. Ал келип туруп “ар бир айылга электр зымдарын тартып берем” деп койсо эле бүттү, шайлап коюшат. "Ээ, койчу, Карасартованын тилинен башка эч нерсеси жок" деп коюшу мүмкүн.

– Ошентип, кайра эле элдин жоопкерчилиги деген маселеге барып такалдыкпы?..

– Бул ар бир адамдын өзүнө байланыштуу экен да. Биздин элде бир аз жалкоолук, кайдыгерлик бар экенин да моюнга алыш керек. Азыр эми шайлоо мыйзамдарына косметикалык түзөтүү киргизишти. 2 маанилүү жагдайды карап жыйынтык чыгарууга болот. Биринчиси, булар так тизме деп эле коюшту. Ал эми биздин тизмеде ким кайсы орунда турарын эл чечсин деген сунушубуз өткөн жок. Экинчиси, босоголук чекти 9 пайыз деп коюшту. Бул абдан бийик. Административдик ресурсу жок бул чектен өтүү абдан оор. Демек, системде эч кандай өзгөрүү болгон жок.

– Укук коргоочунун көзү менен караганда, жээнбековдук башкаруу өлкөнү кайсы багытка жетелеп баратат?

– Негизи, урааны жакшы. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү... Бирок жыйынтык кана? Мага деле кайрылып, “Рита, сенден жардам керек” десе, кудуңдап иштеп бермекмин. Сөзсүз эле “мынча айлык бергиле” дебейм. Менимче, жыл сайын конкреттүү бир тармакты башкы маселе кылуу керек. Мисалы, 2019-жылды “Жерлерди инвентаризациялоо жылы” десек. Мамлекетте эсепке алынбаган бир дагы жер калбасын десе, чакан, бирок маанилүү иш жасалмак. Башкаруу инвентаризациядан башталат. Үйдө деле эмне бар, эмне жок экенин тактап, ошого жараша чыгымдарды пландайбыз го. Анткени акча, ресурс чектелүү.

– Президент Жээнбеков кызматка жаңы киришкенде жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Азыр абал кандай? Кызматташуу дымагы бир отурум менен эле бүттүбү?

– Бизде көбүнчө башталган иш аягына чыкпай калат. 2007-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу 2 тепкичтүү бюджетке өткөндө айыл өкмөттөр акимге “короздой секире бербей, өз ишиңди кыл” деп калышкан. Акимдер Бакиевге келип “бизди укпай калышты. Баягыдай бир ышкырганда тизилип калчу айыл өкмөттөр жок” деп арызданышып, 2007-жылы Конституцияга кайра өзгөртүү киргизишкен. Ошентип, айыл өкмөттөр кайра эле акимдин алдына шурудай тизилишти. Баягы эле бийликтин ыкмасы. Бир ышкырык менен баары тизилип, таманын өөп турганды жактырышат. Азыркы бийликте “күчтүү мамлекет болушубуз керек” деген амбиция барбы? Маселе ушунда. Андай амбиция болбосо, албетте, эптеп күн өтсө болду да.

– УКМКны реформалаш керек деген талапты коюп келе жатасыз. Жылыш барбы?

– 2-3 жыл мурун УКМКны сөз кылуунун өзү кооптуу болуп калган. Азыр андай жок. Бул органды реформалоо президенттин саясий эрки менен гана жасалат. Сооронбай Шарипович Атамбаевдин тагдырынан сабак алышы керек. Атамбаевдин УКМКсы бүгүн аны кысымга алууга даяр турат. Реформа кылбаса, эртең азыркы президентти дагы эч ким коргой албайт. Эртең бардык иш мыйзамдуу жасалсын, саясий куугунтук болбосун десе УКМКны реформалоо керек.

– Адам укугу, демократия үчүн күрөшүп жатып кээде “Кыргыздын өмүр бою таянып жашап келген баалуулуктарына шек келтирип албаймынбы?” деген чочулоолор болобу?

– Ата-бабабыз жашаган доорду сандыкка катып да кармап кала албайбыз. Азыр ааламдашуу доору. Балдарды жөнсүз чектебей, аларга сын көз карашта ой жүгүртүүнү үйрөтүү зарыл. Гей, лесбиянкалар Европадан келе жаткан көрүнүш дешет. Бул туура эмес. Ар бир мамлекетте 2-3 пайызга чейин, гендердик жактан өзүн жакшы аныктай албаган адамдар туулат. Ушундай төрөлүп калса, эмне, аларды өлтүрүп салуу керекпи? Европада эркиндик бар үчүн көбү ал жакка кетип калышат. Орусия Европаны жамандайт. Бирок Путиндин кыздары Голландияда жашашат. Европа жаман болсо, эмне үчүн жиберет ал жакка? Бизде “кызга кырк үйдөн тыюу” деп кызыбызга тамак жасаганды гана үйрөтүп, башка жагдайына көңүл бурбайбыз. Эркектерге кандай мамиле жасаш керек? Жакшы ата кандай болушу керек? Жакшы жубай, жар кандай болушу керек? Бул маселелерди биз балдарыбыз менен талкуулабайбыз да.

– Сиздин ишмердүүлүктүн үй-бүлөңүзгө зыяны тийбейби?

– Иште үй-бүлө абдан чоң жөлөк экен. Жолдошумдун колдоосу менен азыркы деңгээлге жеттим. Былтыр жолдошума операция жасатуу үчүн чет өлкөгө барыш керек болду. Дал ошол маалда президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуша турган болуп калды. Жолдошум “Түркияга билет көп, президент күндө эле жолугушууга чакырып жатты беле? Барып, айтчу сөзүңдү айтып ал” деп, кечигип учканбыз. Балдарым да "сиз айтпасаңыз ким айтат?" деп колдоп турушат.

– Жумушуңуздун жагымдуу тарабын да сүйлөшөлү. Эмнелер сизге ыраазычылык, канааттануу алып келет?

– Адамдар “рахмат, сиздин жардам аркылуу соттон уттук” деп чалышат. Кээде жол чыракта токтоп турсаң, унаасынын айнегинен башын чыгарып алып “баягы соттон уттук” деп сүйүнчүлөшөт. Аларды тааныбай деле каласың. Бирок “бир киши болсо да жардамым тийиптир” деп сүйүнүп калам.

– Атамбаев Москвага барып Путинге жолугуп келген соң ал өзү дагы, бийликтин ага карата басымы да тынчый түштү. Муну кандай кабыл алдыңыз?

– Көпчүлүк Атамбаев кайтып келбейт деп жатышкан. Кайтып келгени Атамбаевдин пайдасына иштеди. Түшүнөм, 6 жылда Атамбаев реформа жасаган жок. Бирок бийликке оппозиция керек, Атамбаевдин оппозицияда калышына көз карашым түз. Эгер оор кылмыш кылганы далилденсе, жоопко тартылышына да макулмун. Бирок өткөнкүдөй, 3 күндө эле чечим чыгарып коюу туура эмес.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан