Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын үй-бүлөсү жакында бир адамга көбөйгөнү турат. 25-сентябрда боло турган уулунун үйлөнүү тоюна даярданып жаткан ырчы жакшы жаңылыгын биз менен бөлүштү:
– Менин эки кыз, бир уулум бар. Темирланым 25 жашка келди. 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнүүнү чечиптир, биз каршы болгон жокпуз. Болочок келинимдин аты Айданайым, кудалар Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынан болушат. Алар көп жылдан бери Орусиянын Сургут шаарында жашап калгандыктан, келиним Сургутта төрөлүп-өсүптүр. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсун аяктады. Жакында кыздын колун сурап Бишкектеги үйүнө барып, куда-кудагыйыбыз менен таанышып кайттык. Буюрса, 25-сентябрь күнү Бишкектеги ресторандардын биринде үйлөнүү тоюн өткөрүп, элдин батасын алууга ниеттенип турабыз. Башыбызга баш кошулат деп кубанычымда чек жок.