«Жылуулук дүйнө сендеги,
Жүрөктүн кылын термеди.
Сүйүүнү кайдан сезмекмин,
Сүйбөсөм эгер мен сени?..»
Сүйүүгө толгон бул ыр ар кандай кечелерде, тойлордо, отуруштарда көп ырдалат. Аруу сезимдер тууралуу баяндалган оданын тарыхы да кызык. Ырдын автору Ишенбек Мухтар уулу толкуп-ташкан сүйүүгө кезиккени менен, кызга даап барып сезимдерин билдире алган эмес. «Ал кыз менин сүйөрүмдү билген жок. Сүйүүмдү билдирбей калдым деп деле өкүнбөйм. Анткени менин сезимдерим ырда калды»,- дейт автор.
– Саламатсызбы, Ишенбек мырза? Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз...
– Саламатчылык. Мен 1984-жылы 21-декабрда Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагындагы Көк-Терек деген кыргыз айылында төрөлгөм. Алты бир туугандын улуусумун. Башталгыч, орто мектепти ошол жактан аяктадым. Үй-бүлөлүүмүн. Суусамырга күйөө бала болгом, ортобузда бир уулубуз бар. Учурда Бишкек шаарындагы билим берүүчү комплекс-мектепте музыка мугалими болуп эмгектенем.
– Кытайдан бери келип, музыкадан билим алышыңызга ким же эмне түрткү болду?
– Атам музыканы жакшы көрүп, баалачу. Кичинекей кезимде "сени музыка боюнча Кыргыз өлкөсүнөн окутам" деп айтар эле. «Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында» дегендей, атамдын тилеги, ата-энемдин колдоосу менен 2006-жылы Кыргыз-Кытай мамлекеттеринен билим тажрыйба алмашуу программасынын алкагында Кыргыз өлкөсүнө келгем. Алгач Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында, андан кийин Кыргыз улуттук консерваториясында окудум.
– Эми элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан «Жүрөк сыры» деген ырыңызга токтололу. Сүйүү тууралуу бул ыр жөн жерден жаралбаса керек?
– Ооба, ыр жөн жерден чыккан жок. Караколдо окуп жүргөндө менден бир курс ылдый окуган көлдүк бир ак куу бар эле. Анын караанына ашык болуп, катуу сүйүп калдым. Мен өзүм уялчаак, тартынчаак жигит болгондуктан, даап алдына барып сезимдеримди айта алган жокмун. Сыртынан гана сүйүп, оргуштаган сезимдеримди ыр саптарына калтырдым. Сүйгөн кызым менин сүйөрүмдү билбей деле калды. Кийинки жылы жогорку билим алуу максатында Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Бишкекке келе бергеним менен, баягы кыздын элеси көз алдымдан кетпей койду. Аны эстеп, кыялданып отуруп «Жүрөк сырымдын» обону жаралды.
– Адатта мырзалар сүйүктүүсүнө жеткенге ашыгат. Сиз аракет кылган жоксузбу?
– Жок, мага сыртынан сүйгөн жетиштүү болду. Аракет кылган жокмун деп өкүнбөйм деле. Анткени ал сүйүүм азыр ырда калды.
– Көпчүлүк бул ырды Максат Кыштобаевдин аткаруусунда билди. А бирок өзүңүз да ырдап жүрөсүз, адашпасам?
– Алгач «Жүрөк сырын» өзүм ырдап жүргөм. «Кыргыз» радиосуна» алып барсам, «Алтын фондуна» өткөрүштү. Ал жакка өтүп кеткенден кийин ырга ишеним пайда болуп, той-концерттерде аткарып жаттым. Ырдын аткаруучусу Максат Кыштобаев менен студент кезден тааныштым, жатаканада чогуу жашап калдык. Экөөбүз той, кечелерге барып ырдап жүрчүбүз.
Ырды алгач Айбек Касымов, Алтынбек Каленовдорго бергем, бирок Максатка буюрган экен, ал калың журтка таанытып, багын ачты. Максаттын аткаруусунда ыр элге жакшы сиңип калганда «бекер ырдабай калыпмын» деп өкүнгөндөр болду. Арасынан «көп убакыттан бери тааныш болуп жүрсөк да жакшы ыр чыгарып берген жоксуң» деп таарынгандар чыкты. Албетте, өзүм деле автор катары барган жерде сөзсүз ырдайм.
– Элге кеңири тараган, эл сүйүп уккан ыр болот деп күттүңүз беле?
– Чынында, бул ырды мен популярдуу болот деп ойлогон жокмун. Көөдөнүмдөгү букту чыгардым, ошого ыраазы болдум.
Негизи ырларды жазып, алар жергиликтүү гезит-журналдарга жарыяланып турчу. «Жүрөк сырына» чейин «Таарынба мага», «Айыл жыты», «Апакем» деген ырлар чыкты. Андан кийин «Арзуу ыры», «Өмүргө», Сулууга», «Бир туугандар», «Бишкек кечи» жана башка ырларым радиолордон жаңырып жүрөт. Бирок «Жүрөк сыры» аброюмду көтөрүп, эл арасында мени кадимкидей сый-урматка ээ кылды.
– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик!МАКСАТ КЫШТОБАЕВ, АТКАРУУЧУ: «АТТУУ-БАШТУУ АГАЛАРЫБЫЗДЫ КҮТҮП 2-3 ЖЫЛ ЫРДАБАЙ ЖҮРДҮМ»
– Ишенбек экөөбүз Улуттук консерваторияда окуп, жатаканада 3-4 жылдай чогуу жашап калдык. Кээде жакшылыктарга барып аккордеон менен «Жүрөк сырын» чогуу аткарып калчубуз.
Ишенбек бул ырды өзү 2010-жылы ырдап чыккан. Кийин аттуу-баштуу улуу агаларыбыз ырдайбыз деп сурап алып, ырдабай жүрүштү. Мен ырдайын десем улам бирөөсү ырдаганы жатат болуп кайра токтоп калам. Алардын жолу улуу болгондуктан, ыр талашпайын деп унчукпай кала берчүмүн. Ошентип 2-3 жыл ырдалбай жатты. 2015-жылы гана экөөбүз кеңешип, "башкалар ырдабай калышты окшойт, мен аткара берейин" деп чечтик. Кудайга шүгүр, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан, ийгиликтүү ыр болду.
Чынында, мени калың журтка тааныткан жана мен тааныткан ушул ыр болду. Эл мени «башка ыры жокпу?» деп ойлошпосун деп жаңы чыгармаларды деле жаздырдым. Бирок болбой эле «Жүрөк сырын» сурана беришет (күлүп). Кайда барбайын сөзсүз суранып эки жолу ырдатышат. Эгер үйдөгү жакшылыктарга барып кала турган болсом, кеминде 5 жолу ырдайм. Айтор, тойду «Жүрөк сыры» менен баштап, аягын да ошол ыр менен бүтүрөм.
«Жүрөк сыры» автор катары Ишенбектин да беделин көтөргөн ийгиликтүү ыр болду.
МАКСАТ КЫШТОБАЕВ, «ЖҮРӨК СЫРЫ»
Сөзү, обону: Ишенбек Мухтар уулунуку
Жылуулук дүйнө сендеги,
Жүрөктүн кылын термеди.
Сүйүүнү кайдан сезмекмин,
Сүйбөсөм эгер мен сени?
Көркүңө жоктой теңдеши,
Көңүлдүн сүйгөн эркеси.
Бакытты кайдан сезмекмин,
Байкабай калсам мен сени?
Жүрөктүн сезбей арзуусун,
Турмуштун баспай ашуусун.
Өтмөкмүн сени көрбөсөм,
Өмүрдүн сезбей таттуусун.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg