(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
КЫЗДЫН ГИМЕНИ
Кээ бир кыздар тубаса гимени (кыздык белгиси) жок төрөлөт. Табигат ошондой жаратып койгон соң нике түнү аны “кыз эмес экенсиң” деп күнөөлөгөн туура эмес. Буга акыл-эстүүлүк менен кароо керек.
Кээ бир кыздардын гимени резинадай чоюлчаак болот. Ал эмес, бала төрөлгөндө да бүтүн бойдон калат. Кээ бир кыздардын гимени нике түнү айрылганы менен, кан чыкпай да, оорутуу жаратпай да калышы мүмкүн.
Кыздын гименине дүйнө эли ар кандай мамиле кылышкан. Мисалы, байыркы Римде күйөөгө чыгып жаткан кыз жыгачтан жасалган эркектин “аспабына” отуруп, өзүнүн кыз белгисин тешкен. Бул нике тоюнун шаан-шөкөтү катары каралган.
Биз жогоруда айткандай, кыздардын гименинин түрлөрүн жана сырларын билбей туруп, эки үй-бүлөнүн (куда-кудагыйлар) ортосунда чыр чыкпоосу, кыздар ак жеринен күйбөшү керек. Намыстанган кээ бир кыздар бөөдө ак жеринен өз өмүрлөрүн кыйып коюулары да мүмкүн.
АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ
Аялдын жыныс кыны (вагинасы) – жумшак булчуңдуу, чоюлчаак, жылмакай эттүү, көңдөй түтүкчө. Орточо узундугу 8 сантиметр, кээ бир аялдардыкы 10-12 сантиметрге чейин жетет. Туурасы 2-3 сантиметр.
Жыныс кынынын ички бети көп сандаган бүктөмдөрдөн турган жылмакай чел кабык менен капталган. Жыныс кыны козголбой турганда бүктөмдөрдүн ички беттери бири-бири менен тийишип, жыйылып турат. Андыктан жыныстык катнаш учурунда узунунан да, туурасынан да чоюла берет. Узундугу 5-6 сантиметр келген эркектин “алигисин” жакшынакай кымтып, кааласа кысып кабыл алып коёт. Аялдын жыныс кынынын ооз жагы жана түбү сезимталдуу. Аялдын делебесин козгоп, дене кумарына кандыруу жагынан жыныс кыны клитордон кийинки 2-орунда турат.
Жыныс кыны туурасынан абдан чоюла алат. Бул төрөт кезинде баланын башы кысылбай чыгышы үчүн керек. Түп жагы жатын моюнчасына каамыттай кийилип, жылчыгы жок туюк бүтөт. Жатын моюнчасы жыныс кынынын түбүнөн 2-3 сантиметрче моюнун кылтыйтып чыгарып турат. Анын алды жыныс кынынын астыңкы туюк көңдөйү деп аталат.
Аял менен эркектин жыныстык катнашы бүткөндөн кийин эркектин бел суусу ошол астыңкы жыныс кынынын көңдөйчөсүнө агып барып, көлчүктөй болуп чогулуп калат.
Эми жатын моюнчасынын башы эңкейип, тиги «көлчүккө» малынып калат. Эркектин бел суусундагы сүзүп жүргөн миллиондогон урук клеткалары туш келди кыймылдап, жатындын көңдөйүн карап жарышып “ат коюшат”.
Жыныс кыны аялдын чатынын өйдө же ылдый жагында каалагандай жайгаша берет. Муну аял да, эркек да билиши керек. Эгер билишпесе, анда жыныстык катнаш учурунда ыңгайсыз абал жаралып, бирин-бири күнөөлөп, жактырышпай, ажырашып кетүүлөрү да мүмкүн.
Жыныс кынынын оозу аялдын чатында, негизинен, 3 түрлүү жайгашат:
Биринчиси чаткаяктын өйдө жагынан орун алат. Андыктан жубайлар ага жараша кошулуу ыкмасын колдонуулары зарыл. Мисалы, экөө тең капталдарына жатып кошулуусу керек. Же “аял үстүндө” ыкмасы жарайт. “Эркек үстүндө” ыкмасы болсо жарабайт. Анткени аял кумарга канбай калат.
(Уландысы кийинки саныбызда)