Элге Мыкы деп таанылган телеалпаруучу, актёр Мыктыбек Мукаев Крымда өтүп жаткан маданият жана искусствонун жаш ишмерлеринин форумуна катышып, орусиялык, америкалык адистерден сабак алып келди. Форум май айынан тартып октябрга чейин 15 багыт боюнча уланат. Мыкы ал жактан көп нерсе үйрөнгөнүн айтат:
– Крымда Орусиянын жаштары катышкан чыгармачылык форум өттү. Мен 26-июлдан 1-августка чейин өткөн продюсер, режиссёр, вайнер, клипмейкер, motion-дизайнер, интервьюер сыяктуу видеоконтентке тиешеси бар бөлүгүнө катышып келдим. Бизге ал жактан Орусиядан, Америкадан келген адистер лекция, мастер-класстарды өтүштү. Тажрыйба топтоп, көп жакшы нерселерди үйрөндүм, чыгармачылык дем-күч алып келдим.