Редакциябызга кумирлерине кат жазып жөнөткөндөр арбын. Бул ирет ырчы Данияр Эрматовдун күйөрманынын каты көңүлүбүздү бурду.
– Данияр, сизди аябай жакшы көрөм. Мага эч бир жаман сапаты жок сонун адамдай сезилесиз. Күн сайын сиз тууралуу кыялдар менен таң атырам.
Бир күнү Ошко концертке келериңизди угуп калдым. Мындай мүмкүнчүлүктү коё бермек белем? Билет алып коюп, ал күндү аябай күттүм. Сизди көрөрүмдү эстесем, жүрөгүм дүкүлдөп кетет. Ал күн келип, концерт башталды. Алдыңкы орундукка отуруп алгам. Сиз сахнага чыгып ырдаган сайын телефонума видеого, сүрөткө тартып бактылуумун. Бирок бул мага жетишсиз болду. Сүйлөшкүм келди. Сахнанын артына өтүп барайын деп канча жулунсам да, күзөтчү киргизбей койду. Маанайым түшүп калды. Эми качан сиз катышкан концертке келеримди ким билсин? Эшикке чыгып кетип баратып, артымдан сиздин үнүңүздү угуп калдым. Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров байкелер менен чогуу каткырып күлүп эшикке чыгып келе жатыптырсыз. Эңсегеним жерден табылганына таң калып, саамга катып туруп калыптырмын. Өзүмө келгенде чуркап бардым да, мени менен сүрөткө түшүп коюуңузду сурандым. Шыр эле макул болуп, мени кучактап сүрөткө түштүңүз. Бир-эки суроо берсем, тамаша аралаш жооп бердиңиз. Ооба, мен ойлогондой эле сонун жигит экенсиз, жөнөкөй, шайыр. Ошондо сиз берген энергия менен көпкө чейин көтөрүңкү маанайда жүргөм. Кайрадан сизди жакындан көрчү күндү күтүп жүрөм. Ошко дагы качан келесиз?
Сизди күтүп жүргөн Алия