Бельгиянын Льеж облусунда жарадар аял бекилип калган унаада 6 күн тамак ашсыз жашап, аман калды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазып чыкты. 45 жаштагы Корин Бастид автокырсыкка учурап, унаасы менен токойдогу аңга түшүп кеткен. Ал унаага кыпчылып калгандыктан сыртка чыгууга жана телефонго келген чалууларга жооп берүүгө мүмкүн болгон эмес. Аял унаанын эшигин буту менен тээп араң ачкан. Анын жардам сурап кыйкырганын жанынан өтүп бараткан тургун байкаган. Ал Кориндин таанышы жана аны издеп чыккан аял болгон.
Уулунун айтымында, учурда Бастид бейтапканада, ал дагы бир нече апта дарыланмакчы.
Айпери Хожаева
koom@super.kg