КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада сизге ийгилик өзүңүздүн талыкпас эмгегиңиздин аркасынан келет. Тырышчаактык жана туруктуулугуңуз менен жаралган маселелерди чечип, атаандаштарды артка калтырасыз. Бирок энергияңыз бул аптада аздык кылат, ошондуктан кара күчтү талап кылган иштерди жылдыра туруңуз. Каражатты бейчеки коротуудан сактаныңыз.БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар бул жумада жаңы күчкө, энергияга ээ болуп чыга келишет. Демек, бардык жагынан жаңы өзгөрүүлөрдү баштап жиберсеңиз да болот. Ийгилик жылмаят. Бирок бир туугандар менен мамиле анчалык жакшы болбойт. Акча жаатынан да көйгөйлөр жаралат. Ошол себептүү да мамилелер туруксуз болот.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Августтун ортолорундагы жаңы таанышуулар ийгилик алып келиши мүмкүн. Каржы жаатынан ийгиликтер күтүлөт. Тобокелдикке барасызбы-жокпу, өзүңүз чечиңиз. Жуманын экинчи жарымында алдамчылардын торуна түшүп калуудан сак болуңуз. Ошондой эле үй жумуштары да чыгаша алып келет. Көйгөй жаралбашы үчүн каражатты эсептөөдө так болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ашыкча кыймыл, ашыкча сөздүн кереги жок. Жеке иштериңизди жана пландарыңызды эч кимге айтпай туруңуз. Антпесе жакындарыңыз, кесиптештериңиз менен өтө чоң териштирүүлөр болуп, ыңгайсыз абалга кептелесиз. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз, ашыкча тамак жеп алуудан же зыяндуу азыктарды колдонуудан алыс болуңуз.АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада жылдыздардын сизге өзгөчө пландары бар. Көпчүлүк жакындарыңыздын жана тааныштарыңыздын алкышына, күтүлбөгөн белектерге ээ болосуз. Үйдөгү жана жумуштагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сиз тараптан акылмандуулук талап кылынат. Керек болсо жардам сурап кайрылсаңыз да болот, терс жооп албайсыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жумада көп жана тынымсыз эмгек кылганга туура келет. Бирок ал эмгектин акысын кечеңдетип алышыңыз мүмкүн. Ошондуктан кызуу кандуулукка алдырып, эрте чечим чыгарбаңыз. Жуманын аягында карыз сурап калбаш үчүн чоңураак сатып алууларды жылдыра туруңуз. Ден соолукка да көңүл бөлүңүз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Учурда сиздин ийгиликтүү күндөрүңүз: Сүйүү жаатында, чыгармачылыкта, жаңы таанышууларда, материалдык баалуу нерсеге жетүүдө. Мунун баары өзүңүздүн аракетиңизден гана көз каранды. Кирешелүү долбоорлорго келишим түзүлүшү мүмкүн. Бойдоктордо мындан аркы жашоосунда маанилүү орунду ээлеген адам пайда болот.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жылдыздар сизге бул аптага оңой ийгилик убада бере алышпайт. Бир убакта жумуштагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана кесиптештер, өнөктөштөр менен мамилени калыбына келтирүүгө туура келет. Алыңыздын жетишинче бардык көйгөйдү жай сүйлөшүү менен чечиңиз, агрессия ийгилик алып келбейт.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кандай гана болбосун, сиз ийгиликтин алдында жүрөсүз. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеңиз! Карьерада перспективдүү өсүштөр, каражат жагынан да кирешелер күтүлөт. Ден соолукка жакшылап көңүл буруңуз, тумоолоп калуу коркунучу бар. Жеке жашоодо бардык нерсеге реалдуу караганга аракет кылбасаңыз, келишпестиктер чыгат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Алдыда сизди абдан көп жумуштар күтүп турат. Бирок, эске алыңыз, ашыкча өзүн кыйноо ден соолукка зыян алып келет. Көпчүлүк убакытты досторуңуз менен өткөрөсүз, позитивдүү эмоцияларга ээ болосуз. Каржы жагы сиздин жумушка канчалык көңүл бурганыңыздан көз каранды.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Унутулгус апта келе жатат. Сүйүү жаатында да, каржы жагынан да бир топко көкөлөйсүз. Ошол эле убакта бир силкинтчү учур болушу мүмкүн. Бирок өзүңүздүн эрктүүлүгүңүздү колго алсаңыз бул кырдаалдан чыгып кете аласыз. Ошондуктан кадамдарыңызды жети өлчөп, бир кесип таштаңыз.
Бул жумада сиз тынчтыкты көбүрөөк каалайсыз. Эч нерседен сарсанаа болбой, эс ала берсеңиз болот. Баары өз убагында ишке ашат. Жеке жашоону куруу же калыбына келтирүү үчүн ыңгайлуу апта. Чечим чыгарууда шашылбай, эмоцияга алдырбай кадам таштоо талап кылынат.