ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

Интернет

ФЛЭТЛЕЙ – "flat" – жалпак, "lay" – жатуу деген англис тилиндеги сөздөрдөн алынган. Жерде же столдун үстүндө жаткан буюмдарды үстүнөн сүрөткө тартуу флэтлей деп аталат. Бул жанрда тартылган сүрөттөр Инстаграм социалдык түйүнүндө популярдуу. Айымдар ичип жаткан тамагын бул жанрда сүрөткө тартып, социалдык тармактарга жүктөгөнүн көп эле кездештирип жүрөбүз.


Искусство

ХЕДЛАЙНЕР – кандайдыр бир иш-чарага (кечеге, концертке, кинонун ачылышына же спорттук мелдешке) чакырылган сыйлуу конок. Адатта афишага хедлайнердин аты-жөнүн чоң тамгалар менен баса белгилеп жазып коюшат. Көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ошол адамды көрүш үчүн да келишет.

Мисалы, 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд актёру Стивен Сигалдын келиши.


Кино

БИНДЖВОТЧИНГ – сериалды берилип көргөн адам. Бул термин да англис тилинен кирген. "Binge" – берилүү, "watching" – көрүү деген англис сөзүнөн алынган. Сыналгынын алдына бир отуруп бардык эпизодду бир дем менен көрүп чыккан адам бинджвотчинг деп аталат.


 

Ысак Карачов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 875, 8-14-август, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан