Гүлназ алгач Ерке Есмахандын «Алматыда жок, жок, Астанада жок, жок. Сени издедим, үмүттү үзбөдүм...» деп арман кылган «Кайда?» деген ырын кыргызча аткарып чыгып калың журтка таанылган. Ал бизге чыгармачылыкка чейинки жашоосундагы чоң сыноо, шоу чөйрө, демөөрчүлүк кылгысы келген мырзалар тууралуу айтып берди.
– Гүлназ, кандайсың? Үй-бүлөдө ар кимдин орду болот эмеспи. Сен кайсы орундасың?
– Кандайсыздар? Мен 6 бир туугандын ортончусумун. Азыркыга чейин үйдөгүлөр «Гүлназ же ырдап туруш керек, же ыйлап туруш керек, же күлүп туруш керек» деп айтышат. Анткени бала кезден бери жөн тура алчу эмес экенмин. Азыр үйдө той-топур болсо мен оозеки тейлеген, конок жайгаштырган, акча чогулткан кызматтамын. Анан психолог болбосом да, бир туугандарымдын көйгөйлөрүн угуп, көңүлүн көтөргөнгө устамын (күлүп).
– Сени эл «Жок, жок» деген ыр аркылуу тааныганы менен, ага чейин бийлеп клиптерге тартылып жүрчү турбайсыңбы? Сүйүн Жусупбаевдин «Excuse me» деген ырындагы кыз сен экениңди билип таң калдым...
– Ооба, мен болчумун (күлүп). Чынында аны өзүм деле унутуп калыптырмын. Былтыр интернетке видеону чыгарып, көпчүлүк мен экенимди билип калышкан ошондо (күлүп). Студент кезде кыздарды чогултуп, топ ачкан элек. Ошондо Сүйүн бизден клипке тартылып берүүбүздү суранган. Негизи кыздар менен бийлеп түшмөкпүз. Берки кыздар келбей калып, мен жалгыз каарман болуп калгам. Андан кийин деле Сүйүндүн 2-3 клибине тартылганбыз. – Шоу чөйрөгө аралашканыңа эки жылдай болуптур. Ага чейин бул чөйрөнү кандай элестетчүсүң? Чынында кандай экен?
– Бул чөйрөгө аралашканга чейин жылдыздардын жашоосуна абдан суктанчумун. Супсулуу болуп алып жалаң жакшылыктарда жүрүшөт дечүмүн. Өзүм ырчы болгондо гана медалдын экинчи тарабын көрдүм. Бир байкаганым, ырчылардын өмүрүнүн теңи жолдо өтөт экен. Анан да жылдыздардын баары бай, акчалары көп жыргап жашашат деп ойлочумун. Чынында андай деле эмес экен. Ырчыларга бир гана тойлордон киреше түшөт. Калганы – ыр, клип, аранжировка, форма, баары чыгым. Жашырганда эмне, орозодо, январь, февралда ачка деле калган күндөр болот. Элге аны көрсөтмөк белек, сыр билгизбейбиз да. Ошондо апам, бир туугандарым азык-түлүк менен камсыз кылып турушат.
– Ал эми адамдык сапатчы? Шоу-бизнес адамды канчалык өзгөртөт экен?
– Кандай десем, ырчылардын да өздөрүнүн «мафиясы» бар. Такай болбосо да иш-чараларда топ болуп жүрүшөт. Мен башынан эле ырчылардын баарын тааныйм да. Жаңыдан аралашып, жылдыздар менен бир столго отуруп калганымда өзүмчө сүйүнүп, тура калып учурашсам, айрымдары көңүлү жок учурашып коюшчу. Андайда өзүмчө жаман болуп, «мейли, мен азыр эч ким эмесмин. Бирок жакшы эле жооп берсе болот да» деп калчумун. Ошондо өзүмө «кийин атактуу ырчы болуп кетсем дагы жөнөкөй болом» деп сөз берер элем. Бирок буюртма көп болгондо оюң бир жерде болбой, тааныбагандарга көңүл бурбай калат экенсиң.
– Ош шаарында тойлордо ырчылар ортосунда атаандашуу, бут тосуу абдан күч деп угабыз. Сага да байкалабы ал нерсе?
– Андай нерсени жакшы билбейт экенмин, бирок негизи тойлордо шарт боюнча, ырчылар кезек менен ырдай беришет. Кээде улуу, даражасы бийиктер келип калса, жол бошотуп коёбуз. Бир жолу кызык окуя болгон. Мени атайын Бишкекке үйлөнүү тойго «Жар-жар» менен киргизип, антрактты «Жок, жок» деген ыр менен ачып бер деп чакырышты. Антрактты күтүп отурсам бир эже келип «мен ырдап кете берейин, шашылыш эле» деп калды. Мен аны чынында тааныбайт экенмин. «Мага айырмасы жок, эже, бирок атайын антрактты ачып бер» дешкен десем, тамададан сурады, ал «өзүңөр чечишкиле» деп койду. Ошондо эже мени жаман көрүп «сен да биздин жашка келесиң» деп калды. Ырдап бүткөнчө кыжалат болдум, чынында. Бирок кийин ал эже менен жакшы эле мамиледе болуп калдык.
Ал эми бир тойго кыздын эжесинин чакыруусу менен барсам, тамада "программаны буза албайбыз" деп кезек бербей көпкө күттүрдү. Мени тоготкусу келген жок окшойт. Аны билип эле турдум. Мени чакырган эжени ортого салып жатып араң ырдап кеткем. Мындай окуялар боло берет.
– Жалгыз бой кыздарга сөз айтып, демөөрчүлүк кылам деген мырзалар көп болот. Сага да демөөрчүлүк сунуштагандар болгонбу?
– Ушул чөйрөгө аралашканда мен ушул нерсеге капа болдум. Кыздар дайым сулуу болуп жүргөнгөбү же тойлордо көп жүргөнгөбү, сөз айтсам, акча көп экенин көрсөтсөм бат эле мендик болот деп ойлогондор бар экен. Мага да андайлар туш болгон. Кагазга орогону кагазга ороп, бетпактары бетке эле сөз айтышат. Айрымдар "демөөрчү болоюн, чыгармачылыгың жакты, клип тартып берейин, чет өлкөдөн клип тарттыргың келеби?" деп сунушташат. Алгач «мен ушундай жеңил көрүнүп жатат окшойм» деп капа болуп жүрдүм. Азыр кагып-силкпей эле «акча башка, адамдык мамиле башка» деп түшүндүргөнгө аракет кылам.
– Ар бир адам адашат, чалынат. Бирок адашкан жолдон чыгуу, кайра туруп силкинип басып кетүү кыйын болот. Сен мындай учурларды кантип жеңесиң?
– Баарында эле ушундай сыноолор болот. Жеке мамиле, жумушу же башка себеп менен болушу мүмкүн. Кайсы жаатта экенин айтпай эле коёюн, бирок мен да кезинде чоң сыноого кабылгам. Бир сыноо келип, анын артынан күтүлбөгөн жерден спорт менен машыгып жүргөн жаным ден соолугумда маселе жаралды. Операция болдум. Бир аз калыбыма келип, Казакстанга барсам, соода кылган ордумду башка бирөө алып коюптур. Бул жактан сатып алып барган кийимдерим сезону өтүп, ал жагы да болбой калды. Айтор, ошондой оор кырдаал башымдан өттү. Дагы жакшы, жакындарым, бир туугандарым бар экен, стресске кабылган жокмун.
Психологиялык китептерди окудум, жакындарым менен сүйлөшүп алаксыдым, позитив менен сыноону жеңип кеттим. Өзүңдү өзүң жеңбесең, башка бирөөнүн айтканы баары бир жардам бербейт экен.
– Көңүлүңдү ооруткан адамды кечире аласыңбы?
– Кечиришим мүмкүн. Бирок мурункудай кабыл албай калам. Себеби бир кылган нерсесин кайра кылат деген күмөн саноо кала берет.
– Сенин мурунку бизге берген маегиңден кийин «эки уулу бар» деп комментарий жазышты. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Жеке жашоо боюнча суроолорго жооп берүүгө мага эрте. Мен алгач эмгегимди элге сиңирип алып, анан жеке жашоомду айтсам жарашат.Кудай буюрса, убактысы келсе жеке жашоом тууралуу да маалыматтарды сиздер аркылуу айтам.
– Маегиңе рахмат! Ийгилик болсун!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg