Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «ЖАШЫРГАНДА ЭМНЕ, СЕЗОН ЖОК КЕЗДЕ АЧКА ДЕЛЕ КАЛАБЫЗ»

№875 8-14-август, 2019-жыл


Гүлназ алгач Ерке Есмахандын «Алматыда жок, жок, Астанада жок, жок. Сени издедим, үмүттү үзбөдүм...» деп арман кылган «Кайда?» деген ырын кыргызча аткарып чыгып калың журтка таанылган. Ал бизге чыгармачылыкка чейинки жашоосундагы чоң сыноо, шоу чөйрө, демөөрчүлүк кылгысы келген мырзалар тууралуу айтып берди.

– Гүлназ, кандайсың? Үй-бүлөдө ар кимдин орду болот эмеспи. Сен кайсы орундасың?

– Кандайсыздар? Мен 6 бир туугандын ортончусумун. Азыркыга чейин үйдөгүлөр «Гүлназ же ырдап туруш керек, же ыйлап туруш керек, же күлүп туруш керек» деп айтышат. Анткени бала кезден бери жөн тура алчу эмес экенмин. Азыр үйдө той-топур болсо мен оозеки тейлеген, конок жайгаштырган, акча чогулткан кызматтамын. Анан психолог болбосом да, бир туугандарымдын көйгөйлөрүн угуп, көңүлүн көтөргөнгө устамын (күлүп).

– Сени эл «Жок, жок» деген ыр аркылуу тааныганы менен, ага чейин бийлеп клиптерге тартылып жүрчү турбайсыңбы? Сүйүн Жусупбаевдин «Excuse me» деген ырындагы кыз сен экениңди билип таң калдым...

– Ооба, мен болчумун (күлүп). Чынында аны өзүм деле унутуп калыптырмын. Былтыр интернетке видеону чыгарып, көпчүлүк мен экенимди билип калышкан ошондо (күлүп). Студент кезде кыздарды чогултуп, топ ачкан элек. Ошондо Сүйүн бизден клипке тартылып берүүбүздү суранган. Негизи кыздар менен бийлеп түшмөкпүз. Берки кыздар келбей калып, мен жалгыз каарман болуп калгам. Андан кийин деле Сүйүндүн 2-3 клибине тартылганбыз.

– Шоу чөйрөгө аралашканыңа эки жылдай болуптур. Ага чейин бул чөйрөнү кандай элестетчүсүң? Чынында кандай экен?

– Бул чөйрөгө аралашканга чейин жылдыздардын жашоосуна абдан суктанчумун. Супсулуу болуп алып жалаң жакшылыктарда жүрүшөт дечүмүн. Өзүм ырчы болгондо гана медалдын экинчи тарабын көрдүм. Бир байкаганым, ырчылардын өмүрүнүн теңи жолдо өтөт экен. Анан да жылдыздардын баары бай, акчалары көп жыргап жашашат деп ойлочумун. Чынында андай деле эмес экен. Ырчыларга бир гана тойлордон киреше түшөт. Калганы – ыр, клип, аранжировка, форма, баары чыгым. Жашырганда эмне, орозодо, январь, февралда ачка деле калган күндөр болот. Элге аны көрсөтмөк белек, сыр билгизбейбиз да. Ошондо апам, бир туугандарым азык-түлүк менен камсыз кылып турушат.

– Ал эми адамдык сапатчы? Шоу-бизнес адамды канчалык өзгөртөт экен?

– Кандай десем, ырчылардын да өздөрүнүн «мафиясы» бар. Такай болбосо да иш-чараларда топ болуп жүрүшөт. Мен башынан эле ырчылардын баарын тааныйм да. Жаңыдан аралашып, жылдыздар менен бир столго отуруп калганымда өзүмчө сүйүнүп, тура калып учурашсам, айрымдары көңүлү жок учурашып коюшчу. Андайда өзүмчө жаман болуп, «мейли, мен азыр эч ким эмесмин. Бирок жакшы эле жооп берсе болот да» деп калчумун. Ошондо өзүмө «кийин атактуу ырчы болуп кетсем дагы жөнөкөй болом» деп сөз берер элем. Бирок буюртма көп болгондо оюң бир жерде болбой, тааныбагандарга көңүл бурбай калат экенсиң.

– Ош шаарында тойлордо ырчылар ортосунда атаандашуу, бут тосуу абдан күч деп угабыз. Сага да байкалабы ал нерсе?

– Андай нерсени жакшы билбейт экенмин, бирок негизи тойлордо шарт боюнча, ырчылар кезек менен ырдай беришет. Кээде улуу, даражасы бийиктер келип калса, жол бошотуп коёбуз. Бир жолу кызык окуя болгон. Мени атайын Бишкекке үйлөнүү тойго «Жар-жар» менен киргизип, антрактты «Жок, жок» деген ыр менен ачып бер деп чакырышты. Антрактты күтүп отурсам бир эже келип «мен ырдап кете берейин, шашылыш эле» деп калды. Мен аны чынында тааныбайт экенмин. «Мага айырмасы жок, эже, бирок атайын антрактты ачып бер» дешкен десем, тамададан сурады, ал «өзүңөр чечишкиле» деп койду. Ошондо эже мени жаман көрүп «сен да биздин жашка келесиң» деп калды. Ырдап бүткөнчө кыжалат болдум, чынында. Бирок кийин ал эже менен жакшы эле мамиледе болуп калдык.

Ал эми бир тойго кыздын эжесинин чакыруусу менен барсам, тамада "программаны буза албайбыз" деп кезек бербей көпкө күттүрдү. Мени тоготкусу келген жок окшойт. Аны билип эле турдум. Мени чакырган эжени ортого салып жатып араң ырдап кеткем. Мындай окуялар боло берет.

– Жалгыз бой кыздарга сөз айтып, демөөрчүлүк кылам деген мырзалар көп болот. Сага да демөөрчүлүк сунуштагандар болгонбу?

– Ушул чөйрөгө аралашканда мен ушул нерсеге капа болдум. Кыздар дайым сулуу болуп жүргөнгөбү же тойлордо көп жүргөнгөбү, сөз айтсам, акча көп экенин көрсөтсөм бат эле мендик болот деп ойлогондор бар экен. Мага да андайлар туш болгон. Кагазга орогону кагазга ороп, бетпактары бетке эле сөз айтышат. Айрымдар "демөөрчү болоюн, чыгармачылыгың жакты, клип тартып берейин, чет өлкөдөн клип тарттыргың келеби?" деп сунушташат. Алгач «мен ушундай жеңил көрүнүп жатат окшойм» деп капа болуп жүрдүм. Азыр кагып-силкпей эле «акча башка, адамдык мамиле башка» деп түшүндүргөнгө аракет кылам.

– Ар бир адам адашат, чалынат. Бирок адашкан жолдон чыгуу, кайра туруп силкинип басып кетүү кыйын болот. Сен мындай учурларды кантип жеңесиң?

– Баарында эле ушундай сыноолор болот. Жеке мамиле, жумушу же башка себеп менен болушу мүмкүн. Кайсы жаатта экенин айтпай эле коёюн, бирок мен да кезинде чоң сыноого кабылгам. Бир сыноо келип, анын артынан күтүлбөгөн жерден спорт менен машыгып жүргөн жаным ден соолугумда маселе жаралды. Операция болдум. Бир аз калыбыма келип, Казакстанга барсам, соода кылган ордумду башка бирөө алып коюптур. Бул жактан сатып алып барган кийимдерим сезону өтүп, ал жагы да болбой калды. Айтор, ошондой оор кырдаал башымдан өттү. Дагы жакшы, жакындарым, бир туугандарым бар экен, стресске кабылган жокмун.

Психологиялык китептерди окудум, жакындарым менен сүйлөшүп алаксыдым, позитив менен сыноону жеңип кеттим. Өзүңдү өзүң жеңбесең, башка бирөөнүн айтканы баары бир жардам бербейт экен.

– Көңүлүңдү ооруткан адамды кечире аласыңбы?

– Кечиришим мүмкүн. Бирок мурункудай кабыл албай калам. Себеби бир кылган нерсесин кайра кылат деген күмөн саноо кала берет.

– Сенин мурунку бизге берген маегиңден кийин «эки уулу бар» деп комментарий жазышты. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?

– Жеке жашоо боюнча суроолорго жооп берүүгө мага эрте. Мен алгач эмгегимди элге сиңирип алып, анан жеке жашоомду айтсам жарашат.Кудай буюрса, убактысы келсе жеке жашоом тууралуу да маалыматтарды сиздер аркылуу айтам.

– Маегиңе рахмат! Ийгилик болсун!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg



Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: “Той жок кезде ачка калган күндөр болот”

Автор: Нуркыз Курманбекова
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
12.08.2019. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
21-09-2012
Соӊку аракети:
15-08-2019 00:36
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жакшы кыз болсо керек жадырап жайнап кулуп эле журо берет.Бирок бул жерде ото эле звезда сещип алыптыр го озун,буюртма коп болгондо,той жокто ачка калабыз деп))).
12.08.2019. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
08-08-2018
Соӊку аракети:
19-08-2019 02:17
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эки уулу бар бул дайыма эле жашырып журот ачыгын эле айтпайбы кийин айтам анан эртен айтам дебей.... дегендер каяктан угасынар маалыматтарды
12.08.2019. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
447
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
18-08-2019 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик,Гулназ ото жонокой кыз.Бактылуу бол!
12.08.2019. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-01-2019
Соӊку аракети:
19-08-2019 03:48
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага чон эле аялдай сезиле берчу,макияжды куноолоп журчумун,корсо чын эле уулу бар корунот!?

Характери жагат!
lightning57 түзөттү 2019-08-12 12:38:56
12.08.2019. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
19-08-2019 09:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+11
Туура айтат, жеке жашоо жеке бойдон калган жакшы.
12.08.2019. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
16-08-2019 19:15
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ой жашырбай эле айта бер эки уулун бар. Кара кулжага тушконунду, ажырашканынды. Мисс болот элем деп чуркап эле жургонунду.
12.08.2019. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
13-10-2013
Соӊку аракети:
18-08-2019 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Көңүлдүн көчөлөрү...
+24
pirim77, Иттер мусорду тыткандай эле , адамдардын да өтмүшүн тытып чыгып элге жайгандарга таң калам. Каяка түшкөн , ажырашканбы,ажырашпаганбы анын эмне кызыгы бар?
16.08.2019. 02:32 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-07-2019
Соӊку аракети:
16-08-2019 02:38
Жынысы:
Белгисиз
0
lazygirl,айтпаныз. Элдин жашоосун эле талкуулагандар баары тен
12.08.2019. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
12-08-2019 15:33
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сахнадан ордунду тап.
12.08.2019. 16:56 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-08-2019
Соӊку аракети:
18-08-2019 19:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгиликтуу каалайм
12.08.2019. 23:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
797
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 08:19
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бар балдарын жашырып зарыл экен да буга дагы....
13.08.2019. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
19-08-2019 08:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Сонун. Бактылуу болуңуз. Чыгармачылык ийгилик!
13.08.2019. 01:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-04-2019
Соӊку аракети:
17-08-2019 22:40
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ачка калбайт булар.
13.08.2019. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1990
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 08:14
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол ачка калган, «мёртвый» сезондо крутойлорго коз кысасынар го дейм э? Баласы болсо бар деп эле айтпайбы балдарын жерибей.
16.08.2019. 02:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-07-2019
Соӊку аракети:
16-08-2019 02:38
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,айтып жататго биринчи чыгармачылыгым менен таанылып алайын деп. Кийинчерээк айтаттыр
15.08.2019. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
19-08-2019 07:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Сонун кыз да
Super TV
16.08.2019. 07:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
18-08-2019 17:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу кыз жакшынакай кыз экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 11 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 11) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: