Кызык экен
Эркек – толук изилдене элек зат. Бул аз келгенсип, окумуштуулар “акыркы кезде эркектер улам аз кездешип баратат” деп айтышууда. Ушундай “химиялык элементти” сүрөттөп көрөлү.
Менделеев таблицасында – 116-элемент
Символу – Эр
Биринчи ачкан адам – Ева
Атомдук массасы – Орточо 80 кг. Ошондой эле 40-250 кг келген изотоптор жолугат.
Таралышы – Жер планетасында кеңири таралган, космосто сейрек кездешет. Убак-убагы менен Түштүк жана Түндүк жарым шарда пайда боло калат.
Физикалык касиети – Катуу, эритүүгө кыйын элемент. Араалоо, жакшыртуу же чөйрөдөн бөлүп салууга аракет кылганда жок болуп кетет.
ТАРКАЛГАН КОШУЛМАЛАРЫ
Эркек элементи+Аял элементи: Сейрек кездешүүчү жана баалуу кошулма. Үлгүлөр каттоодон өткөзүлүп, күбөлүк берилет.
Эркек+Аял+Аял кошулмасы: Кеңири таралган, бирок бир топ туруктуу кошулма. Аял+Аял элементтери өз ара реакцияга киргенде катуу жарылуу күтүлөт.
Эркек+Аял+Аял+Эркек: Туруктуу эмес, уулуу кошулма. Синай конвенциясы тарабынан (биздин доорго чейинки 3500 жылдары) тыюу салынган.
ХИМИЯЛЫК КАСИЕТИ
Жогорку деңгээлдеги химиялык активдүү элемент. Курамында көмүртектер бар заттарды чоң өлчөмдө жутат. Этил спиртине каныкканда касиетин жогото түшөт.
КОЛДОНУЛУШУ
Өнөр жайда жана өндүрүштө көбүрөөк колдонулат. Машиналарды жана үй техникасын оңдоодо орду алмашкыс.
КӨРСӨТМӨ
Тажрыйбасы жок колго тийип калганда олуттуу коркунуч келтирет. Бирден ашык үлгүгө ээ болууга тыюу салынат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg