ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ал түш көрүп жатты. Түшүнө баягы наристе кирди. Бети көпкөк, тумчукканда мурду, оозу-башы кыйшайып калган болчу. Ошол турпатында экен. Таң калычтуусу, ал Шайыр жаткан керебетти айланып басып жүрдү. Жүрөгү дүкүлдөп кабынан чыгып кетчүдөй. Коркуп жатты. Денеси кыймылга келбейт.

– Шайыр! Шайыр!- Кудай жалгап Роза ойготуп жиберди.

– Уф!- денеси чылпылдап тердеп чыгыптыр. Жүрөгү лакылдайт.

– Эмне албарсты бастыбы, аябай кыйналып жаттың?

– Ооба.

– Гуля эже бүгүн жумушка чыккыла деди экөөбүздү.

– Кардар тааптырбы?

– Ии, туристтер деди го.

ххх

Көнгөн жумуш. Кардардын көңүлүн алмай. Бардыгы шарактап жатышат. Шайыр гана терең ойго батып отурат.

– Эй, сулуу! Кел, кичине көңүлдүүрөөк отурсаң,- курсагы салаңдаган капкара эркек Шайырга кайрылды.

– Ооба, бери карачы! Өзүңчө эле башка дүйнө болуп жатасың. Деги ойлонгонуң эмне?- Роза кызып калыптыр, курбусун карап кыткылыктады.

– Мага көп акча керек болуп жатат.

– Көп акчаны мына мен берем. Ал үчүн сен жумушуңду так аткар! Мага эркеле, мени эркелет. Ха-ха-ха,- жанагы кара эркек каткырды.

– Көп акча болгондо канча?- тамекисин күйгүзүп жатып сурады Роза.

– 20 миң доллар.

– Эмне?! Аны эмне кыласың?

– Кыргызстандан бир кыз келиптир. Кичине кыз. Жүрөгү оорукчан. Ошого акча керек болуп жатат.

– Ал кыз эмне сенин тууганыңбы?

– Жок, чоочун эле адам. Бирок ал кыргыз да.

– Сен экөөбүз деле кыргызбыз. Кана, башка кыргыздардын бизге жардам бергени?

– Ал байкуш кыз жашоонун жакшылыгын көрө элек. Ага жардам бериш керек.

– Жашоонун жыргалын экөөбүз көрдүк беле? Балким, ал ошол кичинекей бойдон өлүп калганы жакшыдыр. Алдыда аны толтура турмуш сабактары күтүп турат. Андан көрө асманга учуп кеткени жакшы го.

– Барчы ары сен! Бээ десе, төө дейт!

– Кыздар, урушпагыла!- кардарлардын бири Розаны кучактай калды. Шайыр кайра өз ойлору менен алаксып кетти.

Эмне кылса экен, акчаны кайдан табат? Мээси чыңалып чыкты.

ххх

Автобуста кайрадан баягы эки курбу. Таң атканча уйку көрбөгөнгө экөө тең жүдөп калышкан.

– Сен чын эле тигил кызга жардам берейин дейсиңби?- Роза сыртты телмире тиктеп келе жаткан Шайырдан сурады.

– Мм,- баш ийкеди курбусу.

– Билесиңби…- бир нерсени айтчудай болуп барып буйдалып калды.

– Эмнени?

– Гуля эжеде акча бар деп кой. Ооба, ооба, антип таң калып караба! Ал калп эле “акча калбай калды, тиги-бу” дей берет. Бирок анын банктык картасында 50 миң доллардай акча бар. Мен өткөндө үй жыйнап жатып кагаздарды көрдүм.

– Чын элеби?

– Ооба.

– Сурасам берет болду бекен?

– Мээң жайындабы? Ал деген Гуля. Атактуу зыкым Гуля. Картанын сыр сөзүн билиш керек андан көрө.

– Аны кантип билебиз?

– Билбейм. Бирок сыр сөздү таап алсак го. Анда сен 20 миңди алып, калганын мен алып… Чиркин, айылга заңкайган особняк салдырат элем. Биздин айылда особняктар көбөйдү. Жепирейген биздин там эле калды окшойт.
И-ий, андай болсо атам кандай сүйүнөт эле. Байкушум, ал ошол үйүнөн уялып жүргөндөй.

– Кыялдана бербей сыр сөздү тапкандын айласын ойлонбойлубу?

– Эх, Шайыр, башканын акчасына көз артканыбызды кара! Ал байкуш да бир керегине жаратайын деп жүргөндүр да. Балким, анын да сен экөөбүздүкү сыяктуу кыялы бардыр. Элестет, анан ошончо акчадан бир күндө кол жууп калса.

– Тигил байкуш кичине кыздын өмүрүн сактап калсам, мен Гуля эжеге кайра баарын кайтарып бермекмин.

– Кайтарып бере албайсың анча акчаны. Анын үстүнө ал сенин тууганың болбосо, эмне кыласың жардамдашып ал кызга.

“Менин өзүмө дагы эле адам бойдон экендигимди далилдегим келип жатат. Антпесе кыйналып кеттим. Моюнумда оор жүк турат. Ал жүктү жакшылык жасоо менен гана алып сала алам” деди Шайыр. Бирок мунун баарын ичинен айтты.

– Бул оюбуздан кайтат окшойбуз! Чын эле Гуля эженин да өз көйгөйлөрү бар чыгар. Ал байкуш да бул акчаны жылдап чогулткандыр. Анан келип эле экөөбүз алып кетсек. Жок-жок! Болбойт!- деди Шайыр жанагы ойлорунан кийин. Роза да анын бул сөздөрүнө ынангандай баш ийкеди. Бирок Шайырдын ою таптакыр башка болчу. Ал жеке өзү гана сыр сөздү таап, Гулянын банктык картасын алып чыгышы керек экенин сезди. Ушул тапта Роза да дал эле Шайыр сыяктуу ойлонуп жаткан. «Капкайдагы бейтааныш бирөөгө жардам берем дейт. Өзүнүн кебетеси бул! Жок, мен ал акчаны өзүм алып кетем. 20 миңди жөн эле талаага чачкандан көрө айылга особняк салдырам, машина алам… Каап, буга айтпай эле койгондо болмок экен» ичинен бир эсе банктык карта тууралуу Шайырга ооз ачып жибергенине өкүнүп калды.

ххх

– Гуля эже, кандайсыз?- жайдарылана учурашты Шаку.

– Апей, көптөн бери жолуга элек кишидей сүйлөйсүң го. Жакшы, ай. Жумушту сагынып калгансыңбы дейм, көптөн бери чыкпай жатып?

– Ошол жумушту да сагынмак беле, коюңузчу.

Роза Шайырдын дароо өзгөргөнүн байкады. «Бул шордуу сыр сөздү таап алуунун аракетин кылып жатат. Жакшы сөз сүйлөп, Гуляны алдаганы жаткан го. Оюңду окуп койдум, Шаку! Бирок Гуля алдана турган адам эмес. Андан сыр сөздү алуу үчүн башка жол менен барыш керек» ичинен ушинтип ойлонду Роза.

ххх

Роза туура эле ойлонуптур. Шайыр жакшы сөз, жакшы мамиле менен максатына жетмекчи болду. Алдап болсо да сыр сөздү айттырат же 20 миң долларды сурап болсо да алат.

– Бүгүн ичпейлиби, Гуля эже?

– Эмне себеп?

– Себеби жок эле. Армандарды айтышып, сыр бөлүшүп, ыйлап-сооротушуп жакшы отурбайлыбы?

– Мейли. Мен да чарчап жүрөм. Бүгүн кардар да жок анын үстүнө. Бирок шарапты ким алып келет?

– Мен алып келем.

– Ай, ушу сен башкачасың, Шайыр.

– Ошону айтсаңыз. Алдап жаткандай эле сезилип жатат. Деги жагымсыз сюрприз кылбасаң болду?- «ойлоруңду окуп койгом» дегендей келекелөө менен сүйлөдү Роза. Эки кыздын ичинде тымызын күрөш башталды.

ххх

Ашкана түтүнгө толуп чыкты. Мастыкта булар тамекини өкүртө чегишет экен. Ар кайсыны сүйлөштү, ырдашты, ыйлашты, сырдашышты, армандарын төгүштү. Анан бир убакта Роза шалак эте кулап, ошол бойдон уйкуга кетти.

– Таптакыр көтөрө албайт ушу?- Гуля жактырбагандай сүйлөдү. А Шайыр болсо ушуну күтүп жаткан. Роза аз эле ичимдикке мас болуп калчу. Бул жолу ал болушунча тигил экөө менен тең тайлашууга аракет кылды. Бирок дагы алы кетип калды.

Роза эс-учун таппай калган соң Шайыр Гулянын маңдайына отуруп шараптан куйду.

– Айтсаңыз, Гуля эже, 20 миң долларыңыз бар болсо эмне кылат элеңиз?

– 20 миңге эч нерсе кыла албайсың да. Мына 100 миң доллар болсо, анда башка кеп. Анда апамды, ал багып жаткан 2 кызымды Бишкекке көчүрүп келип, аларды эч нерседен кем кылбай багыш үчүн бизнес ачмакмын. Мен ошого аракеттенип жүрбөймбү.

– Гуля эже, бир кичинекей кызга жардам керек болуп жатат. Мен сизге ачыгын эле айтайынчы. 20 миң доллар керек экен. Колуңуздан келсе ошого жардам берип турбайсызбы?

– Эмне?

– Мен кайра баарын төлөп берет элем. Бекер иштеп бермекмин сизге.

– 20 миң доллар деген кандай акча экенин билесиңби?

– Сизде бар да акча. Берип туруңуз. 20 миң доллар менен кызды сактап калабыз.

– А менин кыздарымчы? Байкуштарым жылына мени бир эле жолу көрүшөт. Аларды кандай сагынам билесиңби? Атасы бир келип абалын сурап койбойт байкуштардын. Карыган кемпир апам кыйналып-кысталып ошолорду багып жүрөт. Мага жардам берер бирөө барбы?

– Бирок…

– Шайыр, жашоо ушундай. Телегейи тегиз бирөө жок бул дүйнөдө. Ар биринин кемтиги бар.

Шайыр эмне дээрин билбей калды. Туруп шкафка жөлөнө кетти. Анан капыстан шкафтын үстүнөн бычакты көрдү. Заматта ою бузула түштү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
MEERIM3
2019-08-20 00:34:43
Көбүрөөк жазсаңарчы
0
Darika.1
2019-08-25 14:14:03
Окшошпой баратат го.Ашыкча көркөмдөлүп..
0
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан