МЕССИ МЕНЕН БИР КОМАНДАДА ОЙНОГУСУ КЕЛГЕН ЖАШ ФУТБОЛЧУ ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ МЕНЕН МАЕК

Футбол боюнча Кыргыз курамасынын келечеги, бычакка сап боло турган оюнчулардын бири, чабуулга өңүт алган жарым коргоочу – Гүлжигит Алыкулов. Ылдамдыгы менен өзгөчөлөнгөн Гүлжигит үчүн атаандаштын бир нече футболчусун алдап өтүү маселе жаратпайт. Бул жылдын башында аталган оюнчу Беларусь чемпиондугунда ойногон «Неман» клубу менен келишим түзгөн. Аз убакыттын ичинде команданын лидерине, күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган футболчуну кепке тарттык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович

Туулган күнү – 25-ноябрь, 2000-жыл

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Амплуасы – жарым коргоочу

Ойногон клубу – «Неман»

Катар саны – 27

Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын кенжеси

Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу

– Салам, Гүлжигит. Чет өлкөдө ийгиликтүү оюн көргөзүп жатканың кыргыз күйөрмандарыңды кубанычка бөлөп жатат.

– Саламатсыздарбы, жылуу сөзүңүздөргө чоң рахмат.

– Сөздү футболдогу алгачкы кадамдарыңдан баштасак. Канча жашыңда, кантип футболго келип калгансың?

– 11 жашымда «Дордой» футбол мектебине алгачкы жолу баргам. Мени ал жакка улуу байкем киргизген. Ага чейин мен самбо күрөшү менен профессионалдык деңгээлде машыгып, өспүрүмдөр арасында мелдештерде байгелүү орундарды да багынтып жүргөм.

– Балалыгың кайсы жакта өткөн, балалыгың тууралуу сөз кылсаң?

– Балалыгым Бишкек шаарындагы Киркомстрой конушунда өткөн. Ошол жерде жашап, алгачкы ирет №42 орто мектептин босогосун аттагам. Бала чагым аябай кызыктуу өттү десем болот. Атам чыгармачыл адам болгондуктан аны менен концерттерде, той-топурларда көп болдум. Үй-бүлөдө эң кенжеси болгондуктанбы, айтор, атамдын жанында эле ээрчип жүрө берчүмүн.

– Раматылык куудул Жаныбек Алыкулов агабыз дагы футболго кызыкчу беле? Сенин оюндарыңды көрүп калдыбы?

– Атам негизи чыгармачылыктан сырткары спортко жакын болчу. Бою өтө узун эмес болсо дагы чапчаң футбол, баскетбол, бийиктикке секирүү боюнча мыкты болчу деп аяш аталарымдан, токтогулдук жердеш байкелерден угуп калам. Балким, атамдын таасиринен улам спортко жакын болуп калгандырмын. Тилекке каршы, менин ойногон оюндарымды көргөнгө жетишпей калды.

– 2017-жылы Түркиянын алдыңкы командаларынын бири «Анталияспор» клубунун жаштар курамасында сабак алдың, ойнодуң...

– «Анталияспордо» бир жарым жыл жүрдүм. Өзүм үчүн жакшы эле тажрыйба топтодум десем болот. Тилекке каршы, документтер аягына чейин бүтпөй расмий оюндарга чыга алган жокмун. Ага карабастан ал жактан жаңы тажрыйба менен бирге жаңы досторду таптым.

– Учурда ойноп жаткан «Неман» клубуна кандайча чакыруу алып калдың?

– 2019-жылдын башында агентим аркылуу «Неман» клубуна кароого барып, клубдун окуу-машыгуу жыйындарына катыштым. Машыгуу учурунда достук оюндар болду. Алгачкы оюнда эле менин оюнум жетекчиликке жагып калыптыр. Андан соң алар мага кызматташууга келишим сунушташты. Ошентип Беларусь клубу менен 3 жылга келишим түздүм. Ал жакта бардык шарттар каралган, айлык акы, жашай турган жер жана бонустар.

– Ал жакка көнүү кыйынчылык жараткан жокпу?

– Башында чынында көнө албай жүрдүм. Себеби бул жакта футбол бир аз айырмаланып турат. Кудайга шүгүр, азыр көнүп, командалаштарым менен түшүнүшүп калдым.

– Беларусь чемпиондугунда футболдун деңгээли Кыргыз Премьер-Лигасына караганда канчалык күчтүү экен? Айырмачылыктарын байкай алдыңбы?

– Негизинен бул жакта деле ошол эле футбол. Бирок негизги айырмачылык – футболго болгон мамиле. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканы көрүнүп турат. Бардык командалардын өздөрүнүн стадиондору бар, шарттар мыкты түзүлгөн. Ал эми оюн жагын алсак, оюндун темпи алда канча ылдам.

– Жаңы командаң сени кандай кабыл алды? Кандай кыйынчылыктар болду башында?

– Жаңы командам аябай жакшы кабыл алды. Баары менен жакшы мамиледе болуп, достошконго аракет кылам. Башында кыйынчылыктар болду. Өзүм аябай сүрдөп жаттым, бирок ал кыйынчылыкты дагы басып өттүм.

– Командалаштарың сени Гүлжигит деп айтышабы же лакап атың барбы?

– Лакап атым бар. Мени Жига деп айтышат. Ал эми команданын күйөрмандары болсо Малой же Малыш деп айтып калышат.

– Кыргыз өлкөсүн сагынганда оюңа биринчи эмнелер келет, кимди эстейсиң?

– Мекенимди сагынганда эң эле биринчи апамды, бир туугандарымды, жакын адамдарым болгон досторумду эстейм. Анан, албетте, сүйгөн шаарым Бишкек эске келет.

– Социалдык тармактарда сен жөнүндө жазылган пикирлерди окуп турасыңбы?

– Ооба, окуп турам. Жакшы сөздөрдү угуп кубанып калам. Бирок азыркы абалым мен үчүн чек эмес. Буюрса, өзүмдү мындан дагы жакшы көрсөтүп Кыргыз футболун жогорку деңгээлге көтөргүм келет.

– Ушул жылдын 11-июнунда Бишкекте Кыргызстан – Палестина достук оюну болду. Ал беттеште Гүлжигит Алыкулов улуттук курам үчүн дебюттук оюн өткөрдү. 19 жаштагы балада кандай сезимдер болду?

– Албетте, өз мамлекетиңдин улуттук курамында футбол ойноо – мен үчүн чоң бакыт. Сөз менен айта албаган башкача сезимдер болду десем болот, өзгөчө патриоттук сезимдер ойгонот экен.

– Улуттук курамдын оюнчулары сени кандай кабыл алды? Алардын кимиси менен жакындан доссуң?

– Баары менен эле жылуу мамиледемин. Кыргыз курамасынын ар бир оюнчусу мага жардам берип, колдоо көрсөтүп жатты.

– Сен үчүн идеалдуу күн кандай өтүш керек?

– Жакшы машыгуудан кийин же оюн өткөргөндөн кийин үйгө келип, апамдан «эмне тамак бар?» деп сурасам, анан апам мени даамдуу тамагы менен тойгузса, мына, ушул идеалдуу күн.

– Бош убактыңда эмне кыласың? Футболдон башка эмне менен алектенүү жагат?

– Досторум менен жолугуп чогуу компьютердик оюндарды ойнойбуз. Мечитке барып намаз окуп турам. Футболдон башка дагы эркин күрөш жана самбо күрөшү жагат. Ошондой эле UFC мелдештерин көрөм.

– Кайсы футболчу менен бир командада ойногуң келет жана эмне үчүн?

– Месси менен ойногум келет. Анткени ал оюнчунун талантына абдан баа берем.

– Дүйнөдөгү эң мыкты үч футболчу?

– Криштиану Роналду, Лионель Месси жана Эден Азар.

– Футбол ааламындагы эң мыкты машыктыруучу?

– Юрген Клопп.

– Учурдагы эң күчтүү команда?

– Мен үчүн дайыма "Барселона".

– Маек үчүн убакыт бөлгөнүңө рахмат. Гүлжигит Алыкулов деген ысым Испания, Англия, Италиянын футбол талааларында да жаңырсын.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
lightning57
2019-08-19 15:01:41
Жонокойлугу жагат ушул баланын))) Ийгилик,сен али коптогон бийиктиктер кутуп турат
+5
anash
2019-08-21 11:56:15
Жонокойлугу жагат атсы жакшы инсан деп коп угам алга Гулжигит
+4
Snejana
2019-08-22 00:11:44
Азамат! Кыргыздын атын чыгарган мыкты жигит бол. Биздин балабызга дагы ушундай, дунуёну дунгуроткон ийгиликтер буйрусун. Атанын баласы деген ушундай болот. Ж.Алыкулов балдарын жакшы тарбиялаптыр.
+2
Snejana
2019-08-22 00:13:23
Ушундай жакшылыктарын атасы корсо кандай болоор эле. Аттин, бир кем дуйно.0
+2
№ 876, 15-21-август, 2019
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан